Lalu
Кантип иштейт Функциялары Эсептегичтер Төрөт күнү Овуляция Жума → ай ХГЧ Өнөктөш режими Макалалар КБС
Lalu журналы

Дарыгерлер текшерген макалалар,
дос жазгандай

Ар бир этап үчүн кыска, жылуу, далилдүү медицинага негизделген макалалар — цикл, кош бойлуулук жана биринчи жыл.

Тандалган · Бөбөктөр жана майда оорулар
5 мүн окуу

Колика ымыркайдын ыйлашына себеппи?

Колика — бул дени соо баланын өтө узак убакыт, эч кандай себепсиз ыйлашы. Бул ымыркайдын жашоосунун алгачкы 6 жумасында эң көп байкалат. Адатта 3-4 айлык убагында өз-өзүнөн жоголот.

Бөбөктөр жана майда оорулар

Колика ымыркайдын ыйлашына себеппи?

Колика — бул дени соо баланын өтө узак убакыт, эч кандай себепсиз ыйлашы. Бул ымыркайдын жашоосунун алгачкы 6 жумасында эң көп байкалат. Адатта 3-4 айлык убагында өз-өзүнөн жоголот.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурунда кан басымынын жогорулашы кооптуубу?

Кош бойлуулуктун каалаган мезгилинде жогорку кан басымы же гипертензия болушу мүмкүн. Кош бойлуулукта кан басымынын жогорулашы аялга көбүрөөк таасир этет. Эгерде ал дарыланбаса, оору аялдын өзүнүн жана болочок баласынын ден соолугу менен байланыштуу олуттуу көйгөйлөрдү келтирип чыгарышы мүмкүн.

Бөбөктөр жана майда оорулар

Ымыркайдын кусуусунун себептери жана коркунуч белгилери

Кусуу — ашказанда туруп калган массаны ооз аркылуу күч менен чыгарып жиберүү. Кусуп коюу (көбүнчө бир жашка чейинки ымыркайларда байкалат) ашказандагы массанын ооздон агышы, бул тез-тез кекирүү менен коштолот.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулукта заарада кан болушуна эмнелер себеп болот?

Кош бойлуулук ушундай мезгил, анда көптөгөн өзгөрүүлөр байкалат. Бул өзгөрүүлөрдү норма жана патологиядан ажыратып алуу кош бойлуу аялдан жоопкерчиликти, дарыгерден болсо билим жана тажрыйбаны талап кылат. Ошондой көйгөйлөрдөн бири бул кош бойлуулукта заарада кан болушу.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук холестазы түйүлдүктө же кош бойлуу аялда кандай татаалдашууларды келтириши мүмкүн?

Кош бойлуулуктун боор ичиндеги холестазы, көбүнчө кош бойлуулук холестазы деп аталат, бул кош бойлуулуктун акыркы мөөнөттөрүндө пайда болгон боор оорусу.

Бөбөктөр жана майда оорулар

Баланын заңы жашыл болушунун себеби эмне?

Заң адатта күрөң түстө болот, бирок ар күнү анын түсү өзгөрүшү мүмкүн. Бул адатта тынчсызданууну жаратпайт. Балдардагы жашыл заңдын себептери алардын жашына карай ар түрдүү болушу мүмкүн.

Бөбөктөр жана майда оорулар

Баланын заңында кан пайда болсо, эмне кылуу керек?

Эгерде ымыркайдын заңында кан же кусуп койгон, кусуу абалында аз өлчөмдө кан бар экендигин сезсеңиз, сизде мунун себеби эмнеде жана мындай абалдан тынчсыздануу керекпи же жокпу деген суроо пайда болушу табигый көрүнүш.

Бөбөктөр жана майда оорулар

Балдарда ичтин көбүшүнүн себептери

Бул макала аркылуу биз Сизге ымыркайларда газдын пайда болуу себептери, белгилери жана топтолуп калган газды кантип чыгаруу керектиги жөнүндө пайдалуу маалыматтар менен бөлүшөбүз.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурунда ич катуунун зыяндуу жактары барбы?

Ич катуунун себеби кош бойлуулуктун кайсы баскычында жүрүп жаткандыгына байланыштуу. Буга төмөнкү мүмкүн болгон себептер кирет:

Бөбөктөр жана майда оорулар

Балдардагы ооз көңдөйүнүн кандидозунун белгилери жана дарылоо

Ооз көңдөйүнүн кандидозу же молочница – балдардын арасында кеңири таралган инфекциянын бир түрү болуп, адатта аны аныктоо жана дарылоо оңой. Эгер сиз да, балаңыз да козу карын...

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Төрөгөндөн кийин варикоз тамырларын кантип кичирейтсе болот?

Варикоз буттагы бөртүп чыккан, шишип кеткен веналар болуп саналат. Алардын түсү адатта кочкул көк же кызгылт-көк болуп, көрүнүшүнөн чаташкан жипке окшоп кетет.

Дени сак келечектин башаты

Балдарды узак убакыт эмчек сүтү менен эмизүүнүн пайдалуу жана зыяндуу жактары

Америка педиатрия академиясы ымыркайлар жашоосунун алгачкы 6 айында энелерге балдарын эмчек сүтү менен эмизүүнү сунуштайт. Кеминде 1 жыл бою балдар эне сүтү менен тамактанышат, кийинки мезгилдерде баланын активдүү өнүгүшү үчүн кошумча азыктарды кошуу мүмкүн.

Бөбөктөр жана майда оорулар

Балдардагы экзема — себептери, дарылоо жана алдын алуу

Экзема (атопиялык дерматит деп да аталат) – дененин каалаган жеринде пайда болушу мүмкүн болгон кургак, кычышуу менен коштолгон тери бөртмөсү, ал көбүнчө беттин жана кол-буттун терисинде пайда болот. Экзема ар бир адамда, анын ичинде ымыркайларда да болушу мүмкүн.

Сыйкырдуу тогуз ай

Кош бойлуулукта кантип туура жатуу керек?

Көпчүлүк кош бойлуу аялдар бул мезгилде, айрыкча биринчи жана үчүнчү триместрлерде чарчоодон даттанышат. Прогестерондун деңгээлинин жогорулашы жана ашыкча салмакты көтөрүү да чарчоону күчөтүшү мүмкүн, бул болсо уйкусуздукту күчөтүшү ыктымал.

Дени сак келечектин башаты

Лактацияны жогорулатуу үчүн эң пайдалуу азыктар

Сүт өндүрүү үчүн организмге кошумча калория керек болот. Белгилүү бир түрдөгү тамак-аш жана суусундуктар жаш эненин сүтүн көбөйтүү үчүн пайдалуу деп эсептелет. Лактацияны жогорулатуучу азыктар боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр өтө аз.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулук учурундагы кант диабети кандай оору?

Гипергликемия бүткүл денедеги кан тамырларга, нервдерге, көзгө жана бөйрөккө, ошондой эле жүрөккө зыян келтириши мүмкүн. Аялдарда тубаса кемтиги бар балдардын төрөлүшүнө гипергликемия себеп болот.

Бөбөктөр жана майда оорулар

Ымыркайлардагы суусуздануунун белгилери жана алдын алуу ыкмалары

Ымыркайлардагы суусуздануу — бул нормалдуу тиричилик аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн организмде жетиштүү суюктуктун болбоо абалы.

Ата-эне болууга карай

Эгиз кош бойлуулуктун ыктымалдуулугу эмнелерден көз каранды?

Эгиз балалуу болуу мүмкүнчүлүгүн кантип жогорулатуу керектиги жөнүндө көптөгөн уламыштар бар. Аялда эгиз кош бойлуу болуу ыктымалдыгын жогорулатуунун далилденген ыкмалары жок болсо да, мындай кош бойлуулуктун пайызын жогорулатуучу белгилүү факторлор бар.

Сыйкырдуу тогуз ай

Кош бойлуулук учурунда стрессти азайтуунун ыкмалары

Өтө көп убакыт стрессте болуу өзүңүздүн жана болочок балаңыздын ден соолугу үчүн ар кандай көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурунда геморройдун белгилери жана дарылоо ыкмалары

Геморрой – аналдык тешик веналарынын оорусу болуп, геморроидалдык түйүндөрдүн чоңоюшу, ылдыйга жылышы же сыртка чыгып калышы менен жүрөт. Адамдын түз ичегиси булчуң жана тутумдаштыргыч ткандардан түзүлгөн. Ички былжыр чел муунакчалар, б.а. геморроидалдык түйүндөр менен капталган.

Дени сак эне - дени сак бала

Мастит оорусунун себептери жана дарылоо ыкмалары

Мастит — бир же эки эмчектеги сүт безинин ткандарында инфекция пайда болушу менен коштолгон оору. Бул көбүнчө эмчек эмизген аялдарда пайда болот.

Дени сак келечектин башаты

Балдардагы уйку нормасы жана уйкунун пайдасы

Америка педиатрия академиясынын эсептөөлөрү боюнча, уйку менен байланыштуу көйгөйлөр балдардын 25-50%ында жана өспүрүмдөрдүн 40%ында байкалууда.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулук мезгилинде териде кандай өзгөрүүлөр байкалат?

Кош бойлуу аялдын организминде кош бойлуулук учурунда өтө көп өзгөрүүлөр болот. Алсак, кош бойлуулукта тери, чач жана тырмактарда бир топ өзгөрүүлөр байкалышы мүмкүн. Бул макалада кош бойлуулукка байланыштуу теридеги кээ бир өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат беребиз.

Ата-эне болууга карай

Жатындан тышкары кош бойлуулук кандай татаалдашууларды алып келиши мүмкүн?

Эктопиялык кош бойлуулук эмбрион жатындын ички катмарынан башка жерге жайгашкан учурда пайда болот. Бул өмүргө кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Көбүнчө эктопиялык кош бойлуулукта түйүлдүк жатын түтүктөрүндө (фаллопия түтүгү) жайгашкан болот, бирок ал энелик безде же курсак көңдөйүндө да болушу мүмкүн.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурунда суусуздануунун себептери жана кооптуу жактары

Кош бойлуулукта суусуздануу башка мезгилдерге караганда тез-тез учуроочу терс абалдардын бири эсептелет. Бул мезгилде суусуздануу көпчүлүк учурларда жеңил болот, бирок кээде күчтүү суусуздануу байкалып, ал эне жана баланын ден соолугу үчүн олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурунда коңурук тартуу кооптуубу?

Кош бойлуулукта коңурук тартуу негизинен кош бойлуулуктун 2-триместринде, болжол менен кош бойлуулук календары боюнча 16-жумада кош бойлуулук гормондору мурундун бүтүшүнө алып келгендиктен пайда болот.

Дени сак эне - дени сак бала

Төрөттөн кийин аялды коркунучтан эскертүүчү белгилер

Төрөттөн кийин денеңиз көп өзгөрүүлөрдү баштан өткөрөт жана аны калыбына келтирүү үчүн убакыт керек. Төрөгөндөн кийин бир жума бою оору жана өтө катуу чарчоо сыяктуу ыңгайсыздыкты сезүү кадимки көрүнүш. Бирок кээ бир аялдарда төрөттөн кийин олуттуу, өмүргө коркунуч туудурган ден соолук көйгөйлөрүнүн кесепеттери болот. Эгер өзүңүздү кандай сезип жатканыңызга тынчсызданып жатсаңыз же оору, ыңгайсыздыктар болсо, дарыгериңизге кайрылыңыз.

Дени сак келечектин башаты

Алгачкы кадамдар: Бала качан тик турат?

Нерселерди жогорудан көрүү балаңыз үчүн абдан кызыктуу болушу мүмкүн! Баланын тик турууну үйрөнүшү ал үчүн дагы бир жаңы дүйнөнү ачат жана бул абал анын өз алдынчалыгы үчүн өтө маанилүү. Ошону менен бирге, ата-эне үчүн да баланын кадам таштоосу же ага умтулуусу өтө кызыктуу жана кубанычтуу кубулуш болуп саналат.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Каалоолор же талгак болуу качан башталат?

Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, болочок энелер төрөлө турган балдарынын каалоосу менен, организм талап кылып жаткан азыкты жегиси келгендиктен тамак тандашат, бирок айрым изилдөөчүлөр бул жараянды оңой эле түшүндүрүү кыйын экендигин белгилешет.

Сыйкырдуу тогуз ай

Кош бойлуулукта курсакта кандай өзгөрүүлөр болот?

Аял кош бойлуулуктун аптасына салыштырмалуу курсагы өтө чоң же өтө кичинекей болушуна же түйүлдүктүн курсактын жогору жагында же төмөн жагында "жайгашуусуна" тынчсызданышы мүмкүн.

Ата-эне болууга карай

Овуляциянын белгилери: оору, бөлүндүлөр, ректалдык температура

Репродуктивдүү саламаттыгына кайдыгер болбогон ар бир аял овуляция жана анын өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматка ээ болушу керек. Бул макала аркылуу овуляция белгилери жөнүндө толук маалымат берип өтөбүз.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурунда ысытма чыгышы – себептери, коркунучу жана ысытманы түшүрүү ыкмалары

Кош бойлуулук учурунда ысытма чыгышы жөнүндө билишиңиз керек болгон маанилүү нерселер, анын ичинде кош бойлуу аялдарда ысытма эмне экендиги, дене табы көтөрүлүп, ысытма чыкканда кандай дары ичүүгө боло тургандыгы жана ысытма сизге жана өсүп жаткан балаңызга алып келиши мүмкүн болгон коркунучтарды минималдаштыруу үчүн дарыгерге кайрылуунун маанилүүлүгү жөнүндө төмөнкү макала аркылуу маалымат берип өтөбүз.

Сыйкырдуу тогуз ай

Кош бойлуулук учурунда бел оорусу — себептери жана аны жоюунун жолдору

Дагы белиңиз ооруп жатабы?! Кош бойлуулук учурунда бел оорусу эмне себептен пайда болот жана аны кантип жеңсеңиз болот?! Бул макала аркылуу ушул суроолорго мүмкүн болушунча жооп берип өтөбүз.

Ата-эне болууга карай

Этек кир канча күн кечигиши мүмкүн? (Этек кир кечигүүсүнүн себептери)

Жалпысынан алганда, аялдар менен кыздарда репродуктивдик ооруларсыз этек кирдин кечигүүсү 5-7 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Бирок этек кир циклинин бузулушу...

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурундагы аз кандуулук — белгилери, себептери жана дарылоо ыкмалары

Кош бойлуулук учурунда денедеги өзгөрүүлөр жөнүндө ойлонууга көптөгөн себептер бар. Ар бир кош бойлуулук ар кандай болгону менен, көпчүлүктө байкалышы мүмкүн болгон бир нече нерселер бар, анын ичинде кош бойлуулук учурундагы аз кандуулук (анемия) көпчүлүк кош бойлуу аялдарда кездешет.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулук учурунда баш айлануунун себептери жана каршы чаралар

Бардык аялдарда, ошондой эле кош бойлуулук мезгилинде кош бойлуу аялдарда баш айлануу тез-тез байкалат. Аларды баш айлануу, кээде баш айлануу менен бирге жыгылып кетүүдөн коркуу сезими да кыйнайт. Кош бойлуулук учурунда баш айлануунун себептери жана дарыгерге качан баруу керектиги жөнүндө ушул макалабызда кеңири токтолобуз.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуу аял үчүн эң кооптуу инфекциялар жана алардан кантип коргонуу керек?

Бул макала аркылуу сиз менен кош бойлуулук учурунда көп учурай турган инфекциялар, алардын балага кандай таасир этиши жана инфекциялардын өрчүшүнүн алдын алуу жолдорун карап чыгабыз.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Токсикозду кантип жеңилдетүүгө болот?

Токсикоз адатта, кош бойлуулуктун биринчи үч айлыгында пайда болот жана ага кош бойлуулуктун алгачкы белгилеринин бири катары каралат. Кош бойлуу аялдардын болжол менен 70-80%ы биринчи триместрде жүрөк айлануу же кусуу сыяктуу ыңгайсыздыктарды баштан өткөрүшөт.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулукта кандай түстүү бөлүндүлөр кооптуу?

Кош бойлуулук толкундандырарлык болгону менен бирге, ал мезгилдеги көптөгөн өзгөрүүлөрдүн кайсынысы нормалдуу жана кайсынысы тынчсызданууну пайда кыларын аныктоо дайыма эле оңой боло бербейт. Мындай өзгөрүүлөрдүн бири бул кош бойлуулукта бөлүндүлөрдүн бөлүнүп чыгышы болуп, кош бойлуулук мезгилинде анын жабышкактыгы же коюулугу, жыштыгы жана көлөмү менен өз ара айырмаланышы мүмкүн.

Бөбөктөр жана майда оорулар

Ымыркайлардагы температуранын көтөрүлүшү жана дене температурасынын нормасы

Жаңы төрөлгөн ымыркайда дене температурасын көзөмөлдөөчү система жакшы өрчүбөгөн болот. Эгер ымыркайыңыз 3 айга чейинки куракта болсо жана түз ичегинин же чыкый артериясынын температурасы 38°C же андан жогору болсо, аны дароо жергиликтүү педиатрга көрсөтүңүз.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурунда жатын тонусунун жогорулашы коопсузбу?

Жатын булчуң ткандарынан турат жана ар кандай булчуң бошошкон жана чыңалган абалда болушу мүмкүн. Кош бойлуу болбогон аялдарда, мисалы, айыз учурунда жатын жыйрылат, ал эми төрөт учурунда бул жыйрылуу баланын төрөлүшүнө жардам берет. Ушул макалабыз аркылуу жатын тонусунун нормадан ашышынын белгилери, себептери жана дарылоо ыкмалары жөнүндө токтолуп өтөбүз.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулук учурунда уйкусуздук: себептери жана аны жоюунун жолдору

Көпчүлүк аялдар кош бойлуулукта уйкусуздук сыяктуу көйгөйлөргө туш болушат. Кош бойлуу аялдар биринчи триместрде көбүрөөк укташат, бирок алардын уйкусунун сапаты кыйла төмөндөйт. Ошону менен бирге кош бойлуулук мезгилинде аял күн бою чарчоону сезиши да байкалат. Түнкү уйкусуздук да чарчоонун пайда болушуна себеп болушу мүмкүн.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулукта эмнелерге болбойт? Сиз үчүн эң зыяндуу азыктар

Аялдар боюна бүткөндөн кийин пайда боло турган алгачкы суроолордон бири "Кош бойлуулукта эмнелерге болбойт? Кайсы азыктар түйүлдүккө зыян келтирет?" сыяктуу болот. Бул суроолорго жооп таап, алар жегенге мүмкүн болгон жана болбогон азыктардын тизмесин билип алуулары керек.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуу аялда ич өтүүнүн себеби жана эскертүү белгилери

Диарея бир күндө үч же андан ашык жолу суюк, суулуу ич өтүүгө карата айтылат. Үзгүлтүксүз ич өткөк суусузданууга жана жетиштүү тамак-ашты сиңирбөөгө алып келиши мүмкүн. Кош бойлуулук учурунда бул аялга жана түйүлдүккө зыян келтириши мүмкүн. Оор жана узакка созулган диарея менен ооруган кош бойлуу аялдар дароо медициналык жардамга кайрылышы керек.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулуктагы дем кысылуу

Бул макалада кош бойлуулукта дем кысылуу абалынын келип чыгуу себептери жана аны жеңилдетүү жолдору тууралуу токтолобуз.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Биринчи триместрде кан кетүүнүн себептери жана дарылоо ыкмалары

Кош бойлуулукта кан келүү кош бойлуулуктун алгачкы күндөрүндө жана бүтүндөй мезгил бою да байкалышы мүмкүн. Анын мүнөзүнө жараша, кооптуу жана

Дени сак эне - дени сак бала

Кош бойлуу аял үчүн пайдалуу жашылчалар

Кош бойлуу аялдар үчүн пайдалуу жашылчалар, аларды коопсуз жеш жолдору жана кооптуу жашылчалар тууралуу маалымат аласыз.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулукта эмчектеги өзгөрүүлөр

Кош бойлуулукта эмчектеги өзгөрүүлөр ар түрдүү болот, анын ичинде эмчектин шишиши, оорушу, чоңоюшу, суюктук бөлүнүшү, кызыл сызыктар...

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Табиттин жоктугу түйүлдүктүн өрчүшүнө кооптуу таасир этеби?

Көпчүлүк аялдарда кош бойлуулукта табиттин жоголуу абалы байкалат. Сиз тамакты жагымсыз деп билишиңиз же өзүңүздү ач сезишиңиз мүмкүн, бирок мындай учурда өзүңүздү тамак жегенге мажбурлай албайсыз.

Улуу мүнөттөргө карай

Төрөттүн алгачкы белгилери кандай?

Төрөт күнүнө 2 жума калганда же төрөт мөөнөтү такыр жакындабаса да, сиз төрөт учурунда эмнелер болору жөнүндө ойлонуп жатышыңыз мүмкүн. Ар бир аялдын организми ар түрдүү болуп, төрөт белгилери же ымыркайдын төрөлүшү башкалардан айырмаланышы мүмкүн.

Улуу мүнөттөргө карай

Кесарево качан жана кантип жасалат?

Кесарево кесими же кесарево төрөтү — акушер-гинекологдун ымыркайды кын аркылуу эмес, энесинин ич көңдөйү жана жатынында кесим жасоо аркылуу төрөтүү операциясы.

Улуу мүнөттөргө карай

Эрте төрөткө эмнелер себеп болот?

Эрте төрөт же эрте төрөлүү — кош бойлуулуктун 37-жумасынын башталышынан мурун эрте башталган төрөт.

Бөбөктөр жана майда оорулар

Ымыркайдын кусуу себептери жана алдын алуу жолдору

Жаш балдардын тынымсыз кусуусунун көптөгөн ыктымалдуу себептери бар. Ымыркайдын кусушу негизинен төмөнкү себептерден улам келип чыгат:

Бөбөктөр жана майда оорулар

Киндик грыжасы деген эмне?

Курсак көңдөйүн курчап турган булчуң толук жабылбаса, курсак дубалындагы тешиктен улам киндик грыжасы пайда болот. Ичегилер тешикте топтолгондо курсак көңдөйүндө грыжа бөртүп чыгат.

Сыйкырдуу тогуз ай

Кош бойлуулук маалында түйүлдүктүн жүрөк кагышынын өзгөрүшү

Кош бойлуулук маалында жүрөктүн кагыш ылдамдыгы чоңдордун жүрөктүн кагыш ылдамдыгынан жогору болот, бирок түйүлдүктүн кадимки жүрөк кагышы кош бойлуулук мөөнөтүнө жана күндүн бөлүгүнө жараша өзгөрөт.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурунда тиш канашы жана анын кооптуу жактары

Кош бойлуу аялдар тиш этинин канашы боюнча стоматологго кайрылганда, аларга кош бойлуулук гингивити (тиш этинин сезгенүүсү) оорусунун диагнозу коюлушу мүмкүн.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Тератоген деген эмне?

Тератоген — кош бойлуулук учурунда эне аркылуу баланын өрчүшүн бузуучу ар кандай фактор же каражат. Тератогендерге мисал катары уулуу

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулукта зааранын курамында белоктун болушу

Бөйрөктүн негизги милдеттеринин бири — кандын курамындагы организм үчүн керектүү заттарды, мисалы, белокторду кармап калып, калган калдык заттарды заара аркылуу чыгарып жиберүү. Эгерде белок организмде калбастан заара аркылуу сыртка чыгып жаткан болсо, б.а. анализде заарада белок аныкталса, бул бөйрөктө кандайдыр бир көйгөй бар экенин билдирет.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Цитомегаловирус

Цитомегаловирус (ЦМВ) кеңири таралган вирустардын бири. Инфекцияны жуктуруп алгандан кийин, денеде вирус пайда болот.

Бөбөктөр жана майда оорулар

Ымыркайлардагы тер бөртмөсү

Тер бөртмөсү (кээде «ысык чыгуу» деп да аталат) — ымыркайларда жана кичинекей балдарда негизинен ысык күндөрү кездешүүчү тери оорусу.

Ата-эне болууга карай

Энелик инстинкт

Энелик инстинкт бала тарбиялоодо жардам берчүдөй сезилгени менен, бул көрсөтмөгө ашыкча таянуу...

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулук учурундагы спазм (булчуң тартышуусу) абалы

Булчуң тартышуусу кош бойлуулук учурунда байкалуучу кадимки белгилердин бири болушу мүмкүн. Эгер аял маалыматка ээ болсо...

Сыйкырдуу тогуз ай

Амниотикалык суюктук деген эмне?

Амниотикалык суюктук тунук же саргыч түстө болот. Эгер анын түсү өзгөрсө, балаңыз жатында меконий бөлүп чыгарган болушу мүмкүн.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулуктагы пневмония

Кош бойлуулукта пневмония дарыланбаса, өмүргө коркунуч туудурушу мүмкүн, анын үстүнө кош бойлуу аялдарга бул оору менен күрөшүү бир аз кыйыныраак болот.

Дени сак келечектин башаты

Уйку учурунда ыйлаган ымыркайды кантип сооротууга болот?

Уйку учурунда ыйлаган ымыркайды кантип сооротууга болот? Биздин макаладан ушул суроого толук жооп ала аласыз.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулуктагы шишиктер – себептери жана дарылоо ыкмалары

Кош бойлуулукта шишиктер кадимки эле көрүнүш, анткени өсүп жаткан ымыркайдын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн организм болжол менен 50% көбүрөөк...

Дени сак келечектин башаты

Баланын өнүгүү баскычтары: Угуу жана үн чыгаруу

Бул макаладан «Бала качан сүйлөйт», «Бала канча жашында сүйлөйт», «Баланын тили качан чыгат» деген сыяктуу суроолорго жооп ала аласыз.

Сыйкырдуу тогуз ай

Кош бойлуулук календары жана эсептөө калькулятору

Макала аркылуу кош бойлуулукту эсептөө калькулятору, кош бойлуулук календары жана графиги менен таанышасыз.

Сыйкырдуу тогуз ай

Кош бойлуулук мезгили: мөөнөттөрү, өтүшү, өзгөрүүлөр жана коркунуч факторлору

Макала аркылуу кош бойлуулук мезгилинин өтүшү, андагы нормалдуу жана патологиялык өзгөрүүлөр, түйүлдүккө коркунуч туудурган факторлор жөнүндө маалымат аласыз.

Ата-эне болууга карай

Кош бойлуулуктун белгилери: алгачкы жана экинчи даражадагы белгилери

Кош бойлуулуктун белгилери — анын кандай билинери бардык аялдарда бир аз же таптакыр башкача болушу мүмкүн. Айрым аялдарда кош бойлуулукту

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулукта көздүн кургашы

Бул макаладан кош бойлуулукта көздүн кургашынын (кургак көз синдромунун) себептери, белгилери, дарылоо жана алдын алуу ыкмалары жөнүндө билип аласыз.

Бул жерде турганда — эсептегичтерди байкап көрүңүз

Төрөт күнү, овуляция, жума-ай которгуч жана ХГЧ. Акысыз, заматта, катталуусуз.