Lalu
Кантип иштейт Функциялары Эсептегичтер Төрөт күнү Овуляция Жума → ай ХГЧ Өнөктөш режими Макалалар КБС
Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулукта заарада кан болушуна эмнелер себеп болот?

Кош бойлуулук ушундай мезгил, анда көптөгөн өзгөрүүлөр байкалат. Бул өзгөрүүлөрдү норма жана патологиядан ажыратып алуу кош бойлуу аялдан жоопкерчиликти, дарыгерден болсо билим жана тажрыйбаны талап кылат. Ошондой көйгөйлөрдөн бири бул кош бойлуулукта заарада кан болушу.

Кош бойлуулук ушундай мезгил, анда көптөгөн өзгөрүүлөр байкалат. Бул өзгөрүүлөрдү нормадан жана патологиядан ажырата билүү кош бойлуу аялдан жоопкерчиликти, ал эми дарыгерден билимди жана тажрыйбаны талап кылат. Ошондой көйгөйлөрдүн бири – бул кош бойлуулук учурунда заарада кандын болушу.

Эгерде сиз кош бойлуу болсоңуз жана заараңыздан кан көрсөңүз, же дарыгериңиз зааранын анализинен кан бар экенин аныктаса, бул заара чыгаруу жолдорунун сезгенүү оорусунун белгиси болушу мүмкүн. Заара чыгаруу жолдорунун сезгениши – бул адатта бактериялар пайда кылган заара чыгаруу жолдорундагы инфекциялык абалдын натыйжасы болуп саналат.
Кош бойлуулук учурунда бул абал көп кездешет, анткени өсүп жаткан түйүлдүк табарсыкка жана заара чыгаруу жолдоруна басым жасашы мүмкүн. Бул болсо бактериялардын кармалып калышына же зааранын агып чыгышына алып келет.

Заара чыгаруу жолдорунун сезгенишинин белгилери кандай?

Заара чыгаруу жолдорунун сезгенүү оорусунун белгилери төмөнкүлөр:

Кош бойлуулукта сийдик жолдорунун сезгенишине эмне себеп болот?

Кош бойлуулук учурунда бул оорунун 3 негизги түрү бар, алардын ар биринин ар кандай себептери бар:

Симптомсуз бактериурия

Симптомсуз бактериурия көбүнчө кош бойлуулукка чейин аялдын организминде болгон бактериялардан келип чыгат. Сийдик жолдорунун жабыркашынын бул түрү олуттуу симптомдорду жаратпайт. Эгер дарыланбаса, симптомсуз бактериурия бөйрөк инфекциясына же курч табарсык инфекциясына алып келет. Бул инфекция кош бойлуу аялдардын болжол менен 1,9-9,5%ында кездешет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, дарыланбаган симптомсуз бактериуриясы бар кош бойлуу аялдардын 45%ына чейин пиелонефрит өнүгөт.*

Курч уретрит же цистит

Уретрит – бул заара жолунун сезгениши, цистит – табарсыктын сезгениши. Бул 2 абалды тең бактериялык инфекция (көбүнчө E. coli) козгойт.

Пиелонефрит

Пиелонефрит – бөйрөк инфекциясы. Бул кан айлануу же заара чыгаруу жолдорунун башка жерлеринен бөйрөгүңүзгө кирген бактериялардан улам болушу мүмкүн. Мында кош бойлуу аялдын заарасында кан менен бир катарда, ысытма, заара чыгарууда оору жана арка, каптал, курсактын астында же курсакта оору сыяктуу симптомдор байкалышы мүмкүн.

Кош бойлуулук учурунда заара жолунун инфекциясын дарылоо

Кош бойлуулук учурунда бул ооруну дарылоо үчүн дарыгерлер адатта антибиотиктерди колдонушат. Дарыгер кош бойлуулук учурунда колдонуу үчүн коопсуз болгон антибиотиктерди дайындайт, албетте, бул антибиотиктер денеңиздеги бактерияларды өлтүрүүдө натыйжалуу болот.

Кош бойлуулук учурунда заарада кандын болушуна дагы эмнелер себеп болушу мүмкүн?

Кош бойлуулугуңузга карабастан, заарада кан болушу бир нече абалдарга байланыштуу болушу мүмкүн. Буга төмөнкүлөр кирет:

Мындай гематурияга (кан аралаш сийдик келишине) себеп болуучу факторлорду аныктоо кээде дарыгерге да кыйынчылык туудурат.
Ушул себептен, эгерде кош бойлуулукта аялда сийдик аралаш кан кетүүсү байкалса, сөзсүз дарыгерге кайрылуу зарыл.

Гематурия адатта зыянсыз болсо да, бул олуттуу оорунун алгачкы белгилеринин бири болушу мүмкүн.
Эгер сиз кош бойлуу болсоңуз жана кан аралаш заара келсе, дарыгериңиз менен байланышыңыз. Заара чыгаруу жолдорунун жабыркоолорун үзгүлтүксүз текшертүү кош бойлуу аялга кам көрүүнүн бир бөлүгү болушу керек.
Зааранын анализин жана текшерүүлөрүн жүргүзүү үчүн дарыгериңиз же гинекологуңуз менен кеңешиңиз.

Төрөөгө ыңгайлуу мезгилиңизди азыр табыңыз

Акыркы этек кириңизди жана цикл узактыгын киргизиңиз — акысыз эсептегич алты күнүңүздү көрсөтөт.

Бөлүшүү

Lalu медициналык эксперти

Цикл, кош бойлуулук жана бала мазмунубузду жазган жана текшерген Lalu клиникалык тобунун мүчөсү.

Окууну улантыңыз

Бардык макалалар
Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Төрөгөндөн кийин варикоз тамырларын кантип кичирейтсе болот?

Варикоз буттагы бөртүп чыккан, шишип кеткен веналар болуп саналат. Алардын түсү адатта кочкул көк же кызгылт-көк болуп, көрүнүшүнөн чаташкан жипке окшоп кетет.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулук учурундагы кант диабети кандай оору?

Гипергликемия бүткүл денедеги кан тамырларга, нервдерге, көзгө жана бөйрөккө, ошондой эле жүрөккө зыян келтириши мүмкүн. Аялдарда тубаса кемтиги бар балдардын төрөлүшүнө гипергликемия себеп болот.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулук мезгилинде териде кандай өзгөрүүлөр байкалат?

Кош бойлуу аялдын организминде кош бойлуулук учурунда өтө көп өзгөрүүлөр болот. Алсак, кош бойлуулукта тери, чач жана тырмактарда бир топ өзгөрүүлөр байкалышы мүмкүн. Бул макалада кош бойлуулукка байланыштуу теридеги кээ бир өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат беребиз.