Төрөт күнүнө 2 жума калганда, же төрөт мөөнөтү такыр эле жакындай элек болсо да, сиз төрөт учурунда эмне болору жөнүндө ойлонуп жатышыңыз мүмкүн. Ар бир аялдын организми ар түрдүү болот, андыктан төрөт белгилери же баланын төрөлүшү башкалардыкынан айырмаланышы мүмкүн.
Ошону менен бирге, төрөт күнү жакындаган сайын баланын жакында төрөлөрүн көрсөткөн жалпы белгилер да жок эмес.
Ич өткөк
Кош бойлуулук учурунда каалаган убакта диарея пайда болушу мүмкүн. Тамактануудагы өзгөрүүлөр, гормоналдык өзгөрүүлөр же пренаталдык витаминдер диареяга алып келиши мүмкүн.
Эгер төрөт күнүңүз жакындап калса, заңдын адаттагыдан суюк болушу төрөт жакындап калганын билдирет. Эгер ич өткөктүн белгилери жеңил болсо, суу ичип, төрөттүн башка белгилерине көңүл буруңуз.
Эгер сизде бир-эки күндөн ашык ысытма, ичтин катуу ооруусу же диарея болсо, дароо дарыгерге кайрылыңыз.
Окуңуз: Кош бойлуулук учурундагы диарея
Жатындын төмөн түшүшү
Аялдардын балдары "түшүп калгандай" болору жөнүндө айтканын уккан болушуңуз мүмкүн. Алар сүрөттөп жаткан процесс жатындын төмөн түшүшү деп аталат. Ымыркай төрөткө даярдануу үчүн жамбаш көңдөйүнө түшөт.
Кичинекей бала жамбаш көңдөйүнө өткөндөн кийин, сиз табарсыкка жана жатын моюнчасына көбүрөөк басымды сезип, тез-тез заара кылгыңыз келет.
Кызыктуу: Кош бойлуулук учурунда курсактагы өзгөрүүлөр (кичинелиги, чоңдугу, төмөн жана жогору жайгашуусу)
Жетилген жатын моюнчасы
Дарыгер жатынды текшерүү аркылуу түйүлдүктүн кандай кыймылдап жатканы жөнүндө жетиштүү маалыматтарды бере алат. Бул текшерүү адатта кош бойлуулукта акыркы убакытка чейин өткөрүлбөйт. Сиздин жатыныңыз кеңейген жана алтургай ичкерип созулган болушу мүмкүн.
Кээ бир аялдар жатын моюнчасы (шейкасы) бир нече сантиметрге кеңейген абалда да бир нече жума бою жүрүшү мүмкүн. Кандай болгон күндө да, бул төрөт жакындап калганынын белгиси.
Төрөттүн белгилери: Бөлүнүп чыгуулардын көбөйүшү
Жатындын былжыр челинин бөлүктөрү 37-40 жума аралыгында түшүшү мүмкүн. Бул жагымдуу абал эмес, бирок бул тосмо балаңызды сансыз микробдордон жана бактериялардан коргоого жардам берет.
Жатын моюнчасы жумшарып, жетиштүү деңгээлде ачылганда, былжыр денеден чыгып кетет. Мында былжыр менен бирге жеңил, аз өлчөмдө вагиналдык кан кетүү да байкалышы мүмкүн жана адатта бул нормалдуу абал. Төрөт убагы жакындашы мүмкүн болсо да, анын толук башталышы үчүн бир нече жума убакыт кетиши мүмкүн.
Эгерде кош бойлуулук учурунда, жадагалса төрөт убагы жакындап калган учурда да күчтүү кан кетүү байкалса, тезинен дарыгерге кайрылыңыз. Анткени бул абал түйүлдүк жана эненин өмүрүнө олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн.
Маанилүү: Кош бойлуулук учурунда жатындын тонусунун жогорулашы
Толгоо белгилеринин байкалышы
Төрөттүн белгилери катары же жалпысынан төрөттүн алгачкы белгилери катары кош бойлуу аялда жалган толгоо белгилери тез-тез пайда болушу мүмкүн. Бул абалдар жатынды төрөткө даярдайт, бул адатта оорутпайт жана бир калыпта уланбайт.
Эгерде алар күчөсө же оорутса, тамактануу, суу ичүү же эс алып жатуу аларды жеңилдетпесе, бул толгоо чыныгы болушу да мүмкүн. Алардын ортосундагы убакытты байкап туруңуз жана толгоо 3-5 мүнөт аралыгында кайталанса, дарыгериңизге кабарлаңыз.
Чыныгы толгоо адатта ырааттуу, 3-5 мүнөт ичинде кайталанып турат жана 40-50 секундга чейин созулат. Ошону менен бирге чыныгы толгоого акырындык менен күчөө да мүнөздүү. Жалган толгоо болсо, ыраатсыз мүнөзгө ээ.
Суунун кетиши
Амниондук чел – бул суюктукка толгон мембрана болуп, ал баланы жатында коргойт. Төрөттүн башында же төрөт учурунда мембранаңыз жарылат.
Челдин бүтүндүгү бузулганда, сиз кыныңыздан бир аз суюктуктун ирээтсиз же туруктуу агып чыгуусун, тагыраак айтканда, суюктуктун агымын сезишиңиз мүмкүн. Эгер сизде бул абал байкалса же бул суюктук амнион суюктугу, заара же башка нерсе экенине шектенсеңиз, дароо дарыгерге кайрылыңыз.
Денеңизди тыңшаңыз!
Төрөт ар бир аялдын организмине жараша ар кандай ылдамдыкта жана убакытта болот.
Денеңизде өзгөрүүлөр болуп, балаңызды жарык дүйнөгө алып келүүгө даярданып жатканыңызда, ар кандай жаңы жана адаттан тыш нерселерге көңүл буруңуз. Сиз төрөткө чейин (төрөткө дагы бир аз убакыт бар болсо да) жогорудагы белгилердин көпчүлүгүнө туш болушуңуз мүмкүн. Ошону менен бирге, суу кеткени байкалгандан кийин бир нече сааттын ичинде эле көз жарышыңыз мүмкүн.
Бул белгисиздик сизди тынчсыздандырышы мүмкүн, бирок чыныгы толгоо башталгандан кийин биринчи жолу эне болуп жаткан аялдар үчүн төрөттүн орточо узактыгы 12ден 24 саатка чейин болот.
Жаш эненин төрөт, төрөт жараяны жөнүндө билимге ээ болушу, төрөттү оңой жана ашыкча төрөт татаалдашууларысыз өткөрүү үчүн ага даярдануу эне менен баланын келечектеги саламаттыгында чоң мааниге ээ. Бул маанилүү процесске даярданууда «Lalu» жамааты тарабынан даярдалган атайын сабактар сизге жардам бериши мүмкүн.
Бул макала Mayoclinic.org, Healthline.com жана My.clevelandclinic.org маалыматтарынын негизинде «Lalu» жамааты тарабынан даярдалды.