Кош бойлуулук сизде бир катар сезимдерди, анын ичинде тынчсызданууну же стрессти жаратышы мүмкүн, бирок бул таптакыр нормалдуу көрүнүш. Кош бойлуулук учурундагы стресс – бул чоң өзгөрүүлөргө карата нормалдуу реакция (ошондой эле кош бойлуулуктун өзүнө да). Айрым учурларда стресс адамдар үчүн жакшы да болушу мүмкүн, ал алардын жаңы кыйынчылыктарга каршы аракеттенүүсүнө түрткү болуп кызмат кылат.
Бирок, өтө көп убакыт стрессте болуу сиздин жана болочок балаңыздын ден соолугу үчүн түрдүү көйгөйлөрдү келтирип чыгарышы мүмкүн.
Кош бойлуулук учурундагы стресстин себеби эмнеде?
Кээ бир аялдар өздөрүндө алгачкы кош бойлуулук белгилерин сезе башташы менен өзүнөн-өзү тынчсызданышат жана стресстик кырдаал пайда болот. Аял өзүндөгү көзөмөлдү жоготкондой же башынан өткөрүп жаткан абалды башкаруу үчүн жетиштүү күчү жок экенин сезиши мүмкүн.
Стресс пландаштырылбаган кош бойлуулукта же кош бойлуу болгондон кийинки кош бойлуулукка байланыштуу алгачкы терс ойлордон, баланы жарык дүйнөгө алып келүүдө же эне болууда, ошондой эле бойдон түшүүдөн же түйүлдүктүн өлүмүнөн кийин келип чыгат.
Антенаталдык тесттериңиздин жыйынтыгын күтүп жатканыңызда жана кош бойлуулуктун же оор өтүп жаткан кош бойлуулуктун физикалык өзгөрүүлөрүнө болгон мамилеңизде да стресстик абал жаралышы мүмкүн.
Ошону менен бирге үйдөгү кырдаал да стрессти жаратышы мүмкүн, мисалы, жалгыз бой ата-эне болуу же үй-бүлөдө өспүрүмдүн болушу жана анын кыял-жоруктары, мамилелердеги кыйынчылыктарды башынан өткөрүү жана аларды кантип жеңүүнү ойлонуу, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук.
Эгерде сизде бир эле учурда жогорудагы абалдардын бир нечеси болуп жатса, сиз көбүрөөк стрессти баштан кечиришиңиз мүмкүн.
Кош бойлуулук учурунда стресс түйүлдүккө кандай таасир этет?
Өнөкөт (дайымкы) стресс ден соолугуңузга же жалпы абалыңызга терс таасирин тийгизиши мүмкүн жана ал баш оору, уйкусуздук, тез дем алуу жана жүрөктүн тез кагышы сыяктуу белгилер менен коштолушу мүмкүн.
Кээ бир адамдар төмөнкү абалдарды башынан өткөрүшөт:
- Мээге орноп калган жаман ойлор;
- Кооптонуу же тынчсыздануу;
- Кыжырдануу;
- Тамактануудагы көйгөйлөр (өтө көп же аз тамактануу, же туура эмес тамактануу);
- Эс ала албоо же эс алуудагы көйгөйлөр.
Өнөкөт стресс ошондой эле болочок балаңыз үчүн көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Ал ошондой эле балаңыздын келечектеги физикалык жана акыл-эс өнүгүүсүндөгү, ошону менен бирге бала кезиндеги жүрүм-турумуна байланыштуу көйгөйлөрдүн көбөйүшүнө себеп болушу мүмкүн.
Маанилүү: Кош бойлуулук учурунда коңурук тартуу жана анын белгилери
Кош бойлуулук учурунда стрессти азайтуу
Денеңиздин саламаттыгына кам көрүү канчалык маанилүү болсо, кош бойлуулук учурунда психикалык абалыңызга кам көрүү да ошончолук маанилүү. Өзүңүздү жакшы, кубанычтуу, бактылуу сезгенде, өзүңүздөгү стрессти жакшы башкара аласыз. Стрессти башкара алганыңызда, бул сизге жана болочок балаңызга олуттуу таасирин тийгизбейт.
Стрессти башкаруу үчүн төмөнкүлөрдү аткарып көрүүгө аракет кылыңыз:
- Стрессти пайда кылган абалга жана сизде стресс болгондо эмне болгонун сезгениңизге көңүл буруңуз;
- Жай кыймылдаңыз, эс алыңыз жана өзүңүзгө ашыкча физикалык-психологиялык басым жасабаңыз;
- Туура тамактаныңыз, жакшы балансталган туура тамактар сиздин жана балаңыздын ден соолугун сактоого жардам берет;
- Өзүңүз ишенген бир адамга ойлоруңуз жана сезимдериңиз жөнүндө айтып бериңиз;
- Башка кош бойлуу аялдар менен сүйүктүү мобилдик тиркемеңиз «Lalu» аркылуу маектешиңиз, жалпы көйгөйлөрдү талкуулаңыз. Зарыл болсо, адис дарыгерге кайрылыңыз;
- Физикалык активдүүлүк, ошондой эле эс алуу да стрессти азайтууга жардам берет. Кош бойлуулукка ылайыктуу болгон кадимки көнүгүүлөрдү жасаңыз: йога, медитация менен машыгыңыз, дем алуу курстары аркылуу эс алыңыз, видеолор же подкасттарды колдонуңуз;
- Сүйүктүү иштериңиз менен алектениңиз, ошондой эле китеп окуу, сыналгы көрүү же кандайдыр бир хобби менен, жалпысынан өзүңүздү эркин жана бейпил сезген адамдар менен убакыт өткөрүңүз;
- Бардык көйгөйдү өзүңүз чечишиңиз шарт эмес. Жардам керек болсо, сураганга аракет кылыңыз жана адамдар сизге жардам бергиси келгенде сунуштарын кабыл алыңыз.