Кош бойлуулук учурундагы токсикоз кош бойлуулуктун жалпы белгиси болуп, жүрөк айлануу жана маал-маалы менен кусуу менен мүнөздөлөт. Токсикоз адатта эртең мененки жүрөк айлануу менен тынчсыздандырганы менен бирге, күндүн каалаган убагында да ошол эле белгилер менен кош бойлуу аялга түрдүү ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн.
Токсикоз, адатта, кош бойлуулуктун биринчи үч айлыгында пайда болот жана ал кош бойлуулуктун алгачкы белгилеринин бири катары каралат. Кош бойлуу аялдардын болжол менен 70-80 пайызы биринчи триместрде жүрөк айлануу же кусуу сыяктуу ыңгайсыздыктарды баштан өткөрүшөт.
Кош бойлуулук учурунда токсикоз качан башталат?
Кош бойлуулуктагы жүрөк айлануу жана кусуу, адатта, кош бойлуулуктун 9-жумасынан мурда башталат. Жана көпчүлүк аялдарда бул кош бойлуулуктун 14-жумасында жоголот. Кээ бир аялдарда болсо токсикоз бир нече жумага же айга созулат. Ал эми кээ бир аялдарды бул бүткүл кош бойлуулук мезгили бою тынчсыздандырат.
Кош бойлуулук учурундагы жүрөк айлануу жана кусуу, адатта, түйүлдүккө зыян келтирбейт, бирок бул сиздин жашооңузга, анын ичинде ишке жөндөмдүүлүгүңүзгө же кадимки күнүмдүк иштериңизге терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Өзүңүздү жакшы сезишиңизди жана симптомдордун начарлабашын камсыздай турган токсикозду дарылоонун коопсуз варианттары бар. Бул макалабызда кош бойлуулук учурунда токсикозду үй шартында дарылоо же жеңилдетүү ыкмалары жөнүндө токтолуп өтөбүз.
Көбүрөөк эс алыңыз
Көбүнчө биринчи триместрде болочок эне өзүн алсыз, уйкулуу сезет, эс алууну каалайт жана кээде ал жөн гана кыймылдоого күч таба албайт. Бул, албетте, токсикоз эмес, бирок эгерде мындай сезимдер пайда болсо, кокустан жүрөк айлануунун дагы бир кармашын козгобош үчүн аларга моюн сунуу керек. Көбүрөөк эс алыңыз жана кескин кыймылдарды жасабаңыз.
Желдетилген бөлмөдө уктаңыз: уктоочу бөлмөдөгү аба таза жана салкын болушу керек. Дайыма өз убагында уктаңыз, түн ортосунда телевизор же компьютердин алдында отурбаңыз, бардык тынчсыздандыруучу факторлорду жок кылыңыз: ыңгайсыз матрац, жууркан, жаздык, катуу төшөк, анткени уйкунун жетишсиздиги да эртең мененки жүрөк айланууга алып келиши мүмкүн.
Кош бойлуулук учурунда токсикоз кармашынан качуу үчүн туура тамактаныңыз
Күнүнө аз-аздан 5-6 жолу, ал тургай андан да көп жолу жана дайыма аз-аздан тамактаныңыз. Бул токсикозду жеңилдетүүгө жардам бериши мүмкүн.
Эртең менен ойгонгонуңузда дароо төшөгүңүздөн турбаңыз. Токсикозго каршы эң натыйжалуу ыкмалардын бири төшөктө эртең мененки тамакты ичүү болуп саналат. Кечинде айран же эртең менен жегенди жакшы көргөн каалаган азыкты керебетиңиздин жанына коюп коюңуз. Эртең менен болсо, туруудан мурда тамактаныңыз, андан кийин бир аз жата туруңуз. Муну менен таңкы токсикоздун таптакыр тынчсыздандырбашына же өтө жеңил өтүшүнө жетишүү мүмкүн.
Адатта, токсикоздо майлуу, ышталган, туздалган тамактарды жеп, газдалган суу ичүү сунушталбайт (адаттагы кооптуу тамак-аш топтому). Бирок, балким, кээ бир анча пайдалуу эмес азыктар кош бойлуулук учурунда сизге жагып, ал эми кээ бир пайдалуу тамактар, тескерисинче, жүрөгүңүздү айнытышы мүмкүн. «Кош бойлуулардын каприздери» — түнкүсүн балык же бадыраң менен торт жегиси келүүсү — бул организмдин тамактын тигил же бул курамына муктаждыгы жөнүндөгү белгилери. «Lalu» тиркемесинен чыгаарыңыз менен, аны кайра сагынып калышыңыз, бул да «Кош бойлуулардын каприздеринин» бири. 😊
Мисалы, бор чайноо каалоосу кальций жетишпестигинин белгиси.
Эгерде кандайдыр бир азыкты жегенди же ичкенди каалабасаңыз, бул азык өтө пайдалуу жана зарыл болсо да, аны жебеңиз.
Суюктукту тез-тез ичиңиз
Токсикоз жүрөк айлануу менен чектелбеши, кээде кусуу да кошулушу мүмкүн. Бул организмде суюктук жоголот дегенди билдирет. Ошондуктан, тамактануу аралыгында тез-тез суу ичип туруңуз: бир-эки ууртам газдалбаган минералдык суу же лимондуу чай жүрөк айланууну жеңүүгө жана жоголгон суюктуктун ордун толтурууга жардам берет. Бирок суюктукту кичине ууртамдар менен ичишиңиз керек. Мындан тышкары, бир аз убакытка шорполордон баш тартууңуз керек, анткени көп өлчөмдө суюктук ичүү жана суюк тамактануу, тескерисинче, жүрөк айланууну жана кусууну пайда кылышы мүмкүн.
Таза абадан дем алыңыз
Таза абада жүрүү бардыгы үчүн пайдалуу, бул айрыкча токсикоз менен күрөшүп жаткан кош бойлуу аялдар үчүн эки эсе пайдалуу. Биринчиден, жүрүү учурунда кош бойлуу эне жана ымыркайдын каны кычкылтек менен каныккан болот, бул болсо ден соолук үчүн өтө маанилүү, экинчиден, жүрүү нерв системасын тынчтандырат.
Бул факторлор чогуу токсикоздун жагымсыз белгилерин азайтууга жардам берет. Сиз күнүнө кеминде эки саат жөө басууңуз керек, жөө басуу көчө бойлоп гана эмес, ошондой эле абасы таза жерлерде: токойдо, паркта, ачык аянттарда жана эң негизгиси, шаардын сыртында болсо абдан натыйжалуу болот. Көчөгө чыгаардан мурда маршрутту ойлонуштуруңуз: газ менен булганган магистралдардан, көчө кафелеринен, азык-түлүк дүкөндөрүнөн жана башка «жыпар жыттуу» жерлерден мүмкүн болушунча алыс болуңуз.
Жыпар жыттардан алыс болуңуз
Биринчи триместрде кош бойлуу аялдын даам жана жытка болгон мамилеси өзгөрөт. Эми сүйүктүү атырыңыз да жүрөк айланууну, баш оорусун жана аллергиялык реакцияларды пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан, сизди тынчсыздандырган бардык жыпар жыттуу косметикалык каражаттардан убактылуу баш тартыңыз: парфюмерия, дезодоранттар, кремдер жана башкалар. Жолдошуңузга да сизди тынчсыздандырып жаткан жыттуу атырларды колдонбоосун түшүндүрсөңүз болот, албетте, булар каприз эмес, убактылуу чара, жакында бардыгы нормалдуу абалга кайтат.
Косметика каражаттарысыз эмне кылам деп кабатыр болбоңуз. Косметика дүкөндөрү да, дарыканалар да жытсыз же минималдуу жыттуу ар кандай кремдер жана шампундарга толгон.
Өзүңүздүн үстүңүздөн иштеңиз
Психологдордун пикири боюнча, токсикоздун себеби гормоналдык өзгөрүүлөр гана эмес, ошондой эле аялдын психологиялык абалында да жатат. Аял канчалык көп тынчсыздануу жана коркуу сезиминде болсо, токсикоз ошончолук айкын жана күчтүү болушу мүмкүн. Идеалдуу учурда, кош бойлуулук маалында өзүңүздү ар кандай стресстен чектегениңиз оң.
Албетте, кыжырдануудан же тынчсыздануудан качуу дайыма эле мүмкүн боло бербейт, бирок телевизорду азыраак көрүү, интернеттеги терс жаңылыктарды жана кош бойлуулук тууралуу «коркунучтуу окуяларды» окубоо, күндөлүк турмуштук көйгөйлөргө алдырбоо мүмкүнчүлүгү ар бир аялда бар.
Ошондуктан, эгерде кош бойлуулукта токсикоз тынчсыздандырса, кош бойлуулук учурунда өзүңүз үчүн ыңгайлуу дүйнөнү түзүңүз. Мындай ыңгайлуу дүйнөнү түзүүдө сизге «Lalu» жардам бериши мүмкүн.
Эгер өзүңүз менен өзүңүз күрөшө албасаңыз, психологдорго кайрылыңыз. Токсикоз чындыгында психотерапиянын жардамы менен жакшы дарыланат. Эң негизгиси, болочок эне өз түйшүктөрүнөн, анын ичинде токсикоздон арылууну каалашы керек.