Ар бир аял чыдамсыздык менен күткөн сонун мезгил шексиз кош бойлуулук болуп саналат. Бул мезгилдеги ички сезим-туюмдар менен жан дүйнө абалын өмүр бою сейрек учурларда гана сезүүгө мүмкүн. Андыктан бул көз ирмемдерди унутулгус жана эсте каларлык кылып өткөрүү маанилүү. Кош бойлуулук мезгилинде мындай сезимдерди туюуга кош бойлуулук календары (жылнаамасы) сизге жардам берет.
Кош бойлуулук календары (жылнаамасы) кош бойлуулуктун бүткүл мезгилинде өз денеңизде болуп жаткан кереметтүү өзгөрүүлөр жөнүндө окуп, сезип туруу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт.
Төрөт күнүн жана кош бойлуулук мөөнөтүн эсептөө үчүн төрөт күнүн эсептөө калькуляторунан пайдаланыңыз.
Төмөндө сизге кош бойлуулук мезгилинде организмиңизде, болочок наристеңизде боло турган негизги өзгөрүүлөр жөнүндө кыскача маалымат берип өтөбүз.
Кош бойлуулук учурунда керектүү бардык маалыматтарды болсо, "Lalu — Кош бойлуулук мектеби" мобилдик тиркемеси аркылуу таба аласыз.
Тиркемени жүктөп алуу менен кош бойлуулуктагы эне жана баладагы өзгөрүүлөрдөн тартып, туура тамактануу, маанилүү медициналык текшерүүлөр, гинекологдун кеңештери, кош бойлуулар үчүн көнүгүүлөр, болочок балага ысым тандоо, кош бойлуулук мөөнөтү жана башка кош бойлуу аялдар менен баарлашуу, баланын жынысын болжолдуу аныктоо сыяктуу пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү акысыз колдоно аласыз.
Тиркеме сизди кызыктырса, аны бул жерден жүктөп алсаңыз болот: https://bit.ly/lalu-ilovasi
Кош бойлуулук календары: биринчи триместр
1-апта
Организмиңиз кош бойлуулукка даярданууда. Акушердик мөөнөттөн эсептегенде, кош бойлуулуктун биринчи жумасы акыркы этек кир (айыз) келген күндөн башталат.
2-апта
Кош бойлуулуктун 2-аптасында аялдын организминде овуляция процесси жүрүп, организм уруктанууга даяр болот, башкача айтканда, энелик безинен жумуртка клеткасы жетилип чыгат. Көбүнчө аялдар айыз циклинин ортосунда, тагыраагы 14-күнү боюна бүтүрүшөт.
Эгерде энелик бездерден эки жетилген жумуртка клеткасы бөлүнүп чыгып, экөө тең уруктанса, дизиготалуу эгиз кош бойлуулук пайда болот.
Кош бойлуулук календары: 3-апта
Кош бойлуулук тести терс жыйынтык көрсөтөт. Бирок, кээ бир аялдар өздөрүнөн тез чарчоо, жеңил көңүл айлануу, эмчек бездеринин сезгич болуп калышы, кандуу суюктуктун пайда болушу, заара ушатуунун тездеши сыяктуу кош бойлуулуктун белгилерин сезиши мүмкүн.
4-апта
Түйүлдүктүн көлөмү кызгалдактын уругундай болот жана ал өтө тез өсөт. 10-аптага чейин түйүлдүктүн бардык маанилүү органдары калыптанат жана айрымдары иштей баштайт. Мына ушул мезгилдин ичинде тез өсүп жаткан эмбрион аялуу келет. Тышкы терс таасирлер анын өлүмүнө же тубаса кемтиктерге себеп болот.
5-апта
Кош бойлуу аялдын нерв жана эндокриндик системасындагы өзгөрүүлөрдөн, ошондой эле хориондон (түйүлдүктүн бир катмары) бөлүнүп чыгуучу хориондук гонадотропиндин (ХГ) синтезинен улам көпчүлүк аялдарда биринчи триместрде токсикоз абалы пайда болот. Токсикоз белгилери – шилекейдин көп бөлүнүп чыгышы жана кусуу.
Кош бойлуулук календары: 6-апта
Түйүлдүгүңүздүн узундугу 0,51–0,64 смге жетет. Анын бети акырындап калыптана баштайт. Эки чекит пайда болуп, алардан кийинчерээк көздөр, дагы эки чекиттен болсо мурун тешиктери калыптанат. Мындан тышкары жаактар, ички кулак, тил жана үн байламталары, ошондой эле моюн жана ээк даана байкала баштайт. 6 апталык эмбриондун башы чоң, ал эми денеси "С" тамгасын элестетет.
7-апта
Кош бойлуулук – көнүгүү кыйын болгон физиологиялык процесс. Ошондуктан 7-апта өтүп жатса да, аялда маанайдын өзгөрүлмөлүүлүгү сакталып калат.
7-аптада кичине жамбаш көңдөйүнө кандын келиши көбөйөт, мунун натыйжасында заара бөлүнүшү тездейт, курсакта спазмдар пайда болот.
8-апта
Болочок баланын организми тез өсөт, түйүлдүк үчүн көп энергия жана курулуш материалдары керек болот. Ошондуктан эмбриондун жүрөгү бат-баттан жыйрылып, бир мүнөттө 150-170 жолу согот. Баш мээде нейрондор бутактанып, жаңы байланыштар пайда болот.
Кош бойлуулук календары: 9-апта
Кош бойлуулук календарынын 9-аптасына келип, аялдын организминде май ткандары топтоло баштайт – ушундай жол менен аялдын организми эмизүүгө даярдалат.
Көпчүлүк аялдарда релаксин гормонунун таасири менен жамбаш байламталары бошошот. Бул кийин төрөт процессин жеңилдетет. Ошондуктан аял жамбаш тушундагы ооруну жана басыгындагы өзгөрүүлөрдү сезиши мүмкүн.
10-апта
Балаңыздын бою 3-4 смден көбүрөөк, ал эми салмагы 4 граммды түзөт. Жакынкы апталарда түйүлдүк үч эсе чоңоёт, анын чекеси томпоюп чыгат, анткени баш мээси да чоңоёт. Кош бойлуулук учурунда эң зарыл микроэлементтердин бири – цинк. Цинк көптөгөн ферменттердин курамына кирет жана алар организмдеги биохимиялык процесстерге жигердүү катышат. Цинктин катышуусу менен белоктордун 300дөн ашуун түрү синтезделет.
Кош бойлуулук календары: 11-апта
Кош бойлуу аялдын жалпы абалы жакшырат. Эми гормоналдык "бороон" басаңдап, аялды көп тынчсыздандырбай калат. Мурда кыйнап келген токсикоз белгилери эми кош бойлуу аялды тынчсыздандырбайт.
Ошондой болсо да кош бойлуулук ар бир аялда ар кандай өтөт, айрымдарда 11-12-аптага келип, бардык белгилердин күчөшү "туу чокусуна жетиши" мүмкүн.
12-апта
Кош бойлуулуктун 12-аптасына келип, түйүлдүктүн өнүгүүсүндөгү эң маанилүү процесстердин бири – рефлекстер калыптанат. Анын манжалары жана алаканы бүгүлүп жана жазылат, булчуңдары жыйрыла баштайт, ооз жана көз айланасындагы булчуңдары да кыймылдай баштайт, соруу рефлекси пайда болот. Эми түйүлдүк эненин курсагын кол менен кармалаганды сезет жана ага жооп катары кыймылдайт. Бирок эне мындай кыймылдарды азырынча сезбейт.
Кош бойлуулук календары: 13-апта
Бул жумага келип, УЗИнин жардамы менен болочок балаңыздын жынысын аныктаса болот. Ошондой болсо да, толук ишеним менен айтуу кыйын. Баланын кыймылы активдешет: эми ал кол-буттарын эркин кыймылдата алат, жутунат, эстейт жана ыкылык тартат.
Куттуктайбыз!
Сиз кош бойлуулуктун эң назик мезгилин артта калтырдыңыз. Эми жеңилдей түшсөңүз да болот.
Эгер кош бойлуулук мезгилин дагы да мазмундуураак өткөрүүнү кааласаңыз, "Lalu – Кош бойлуулук мектеби" мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз.
Кош бойлуулук календары: экинчи триместр
14-апта
Түйүлдүктүн узундугу 9 смди, ал эми дене салмагы 35-45 граммды түзөт. Түйүлдүктүн денеси башына караганда тезирээк өсүп, мойну даана көрүнө баштайт. Бала дем алуу кыймылдарын жасайт, ушул аркылуу дем алуу булчуңдарынын өрчүшү тездейт.
15-апта
Кош бойлуу аялдын сырткы көрүнүшү ар кандай болушу мүмкүн. Бул мезгилде аялдын жатыны кичине жамбашка батпай калып, курсагы байкаларлык даражада чоңоёт.
Гормоналдык өзгөрүүлөрдүн таасиринен кандын көлөмү көбөйөт жана мурундун былжыр челинде топтолушунун эсебинен мурун бүтүп, канашы мүмкүн.
Кош бойлуулук календары: 16-апта
Балада ички кулак калыптанган, угуу сөөкчөлөрү бар. Эми ал сизди уга алат жана үнүңүздү эстеп калат. Төрөлгөндөн кийин да сиздин үнүңүздү айырмалай алат. Илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, ымыркай эненин курсагында жүргөн кезинде уккан музыкаларды эстей алат.
17-апта
Курсактын чоңоюшунун натыйжасында дененин тең салмактуулугу бузулат жана ошол себептен аялдын "бутунда турушу кыйындайт". 17-аптага келип, кээ бир аялдар бөбөгүнүн кыймылын сезе башташат; адатта кыймылдар 16–24-апталар аралыгында, ал эми биринчи кош бойлуулукта көбүнчө 20-аптадан кийин сезилет.
Көпчүлүк аялдар кош бойлуулуктун экинчи үч айлыгында адаттан тыш түштөрдү көрүшөт.
Кош бойлуулук календары: 18-апта
Болочок балаңыздын сезүү органдарынын иштеши жакшырат: угуу, көрүү жана даам сезүү. Бөбөк энесинин организминдеги процесстерди угат, эгерде энесинин жанында катуу үн чыкса, ал "чочуп кетет."
19-апта
Бул мезгилге келип, айрым кош бойлуу аялдар жамбаш, курсак жана чат аймагындагы курч ооруларга даттанышат. Адатта, мындай оорулар кескин кыймылдаганда пайда болот жана бир нече мүнөттөн кийин өтүп кетет. Бул абалга жумуру байламтанын созулушу себеп катары көрсөтүлөт.
Кош бойлуулук календары: 20-апта
Түйүлдүктүн узундугу 25,4 см, салмагы болсо 300 г болот. Кош бойлуулуктун 20-аптасына чейинки мезгилде түйүлдүктүн буттары бүгүлүп тургандыктан, анын толук боюнун узундугун өлчөө мүмкүн эмес, ошондуктан жамбаштан башка чейин болжолдуу өлчөнөт. Ал эми 20-аптага келип, анын боюнун узундугун тамандан башка чейин өлчөөгө болот.
21-апта
Белде жана кичине жамбаш тушунда тартылуу сезими пайда болушу мүмкүн. Бул абал оорутпай билинет, 1 мүнөткө созулуп, андан кийин өтүп кетет жана ар 4-5 саатта кайталанып турушу мүмкүн. Булар жалган толгоо болуп саналат. Анын себеби толук изилденген эмес, бирок мындай толгоолор адатта коопсуз деп эсептелет. Ошентсе да, 37-аптага чейин толгоолор үзгүлтүксүз кайталана баштаса же оорутса, адаттагыдан башкача бел оорусу пайда болсо, кындан суюктук же кан келсе, дароо дарыгерге кайрылыңыз.
Кош бойлуулукта бел оорусун жеңилдетүү боюнча сунуштарды бул макаладан окусаңыз болот: Кош бойлуулукта бел оорусу – себептери жана жоюу жолдору
Кош бойлуулук календары: 22-апта
22-аптадан баштап наристенин өзүнүн "күн тартиби" болот, тагыраагы, ал белгилүү бир убакта уктайт (уйку мезгилдери адатта 20–40 мүнөткө созулат жана сейрек учурларда гана 90 мүнөттөн ашат), белгилүү бир убакта ойгоо болот. Сиздин курсагыңыз чоңоюп калган жана гормондордун таасиринен эмчек бездеринин көлөмү да чоңоёт.
23-апта
Баланын көп кыймылдашы себептүү сизде кээде тынчсыздануулар байкалышы мүмкүн. Мындай учурда көбүрөөк сейилдеңиз, балаңыз менен сүйлөшүңүз, ага көңүл буруңуз. Эгерде балаңызга алиге чейин ысым тандай элек болсоңуз, "Lalu — Кош бойлуулук мектеби" мобилдик тиркемесин колдонуп, кичинекей бөбөгүңүзгө ысым тандасаңыз болот.
24-апта
Кош бойлуулук календарынын 24-аптасына келип, болочок балаңыздын өлчөмү тоголок коондой болуп калат. Эми анын тери катмары тунук эмес, анткени пигменттер жана тери астындагы май катмары калыптанат. Майда капиллярлардын көбөйүшүнөн улам терисинин түсү кызгылтка өзгөрүп барат.
Кош бойлуулук календары: 25-апта
Кош бойлуулуктун бул учуруна келип, адатта кош бойлуу аялдар өздөрүндө бир аз семирүүнү сезиши мүмкүн. Эгер сиз да өзүңүздө семирүүнү байкасаңыз, буга тынчсыздануунун кереги жок. Анткени бул мезгилде түйүлдүктүн өсүшү, кан менен суюктуктун көлөмүнүн көбөйүшү жана эмизүү үчүн май корунун топтолушу эсебинен салмак кошулушу табигый көрүнүш. Бирок салмак же шишик капыстан кескин көбөйсө, дарыгерге кайрылыңыз. Кош бойлуулук учурунда салмагыңызды өлчөп, мобилдик тиркемебиздин "Салмакты көзөмөлдөө" бөлүмүнө каттап турууну унутпаңыз.
26-апта
26-аптага келип, жатындын түбү киндиктен 6 см жогору жайгашат. Түйүлдүктүн чоңоюшунун эсебинен уйку маалында ыңгайсыздыктар жаралат. Биринчиден, ыңгайсыз жатуудан улам сизди кош бойлуулукта кантип жатуу керек деген суроо түйшөлтө баштаса, экинчиден, болочок бала жөнүндө көп ойлонуу себеп болот. Кээде бул абал кош бойлуулуктагы уйкусуздук деңгээлине чейин жетиши мүмкүн. Андыктан уйку гигиенасын так сактаңыз.
Бул сыяктуу абалды жоюу жана жеңилдетүү үчүн кош бойлууларга арналган жаздыктарды колдонсоңуз болот.
Куттуктайбыз!
Сиз жана балаңыз узак жолду басып өтүп, экинчи триместрди артта калтырып, кош бойлуулуктун үчүнчү триместрине кадам таштап жатасыздар. Бул жолду жеңил жана ийгиликтүү басып өтүүңүздө "Lalu — Кош бойлуулук мектеби" сизге шерик боло алат.
Кош бойлуулук календары: үчүнчү триместр
27-апта
Кичинекейиңиздин бою 36-37 см болот. Бала үчүн жатын эми тардык кыла баштайт, ошондуктан анын кыймыл-аракети күчтүүрөөк болуп жаткандай сезилет.
Анын баш мээси татаалдашып, рефлекстери да толук калыптанат. Бала бармагын сорот, көздөрү жумулуу абалда уктайт жана ойгонот.
Кош бойлуулук календары: 28-апта
Бала жөнүндө көп ойлонуу жана гормоналдык өзгөрүүлөрдүн таасиринен улам уйку көйгөйлөрү байкалат. Уктоого жатканыңызда уйкуңуз келбей, кандайдыр бир иштер менен алектенгиңиз келип калат.
29-апта
Баланын денеси жаңы төрөлгөн наристелердикиндей абалга келет, анын башы да денесине салыштырмалуу өтө чоң болбой калат. Түйүлдүк тери астындагы май катмарынын өсүшүнүн эсебинен "семирет." Бул убакытка келип, анын өзүнүн иммундук системасы калыптанат, бирок антителолорду эненин организминен кан аркылуу алып турат.
Кош бойлуулук календары: 30-апта
Кээ бир аялдарда чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, күлгөндө заараны кармай албоо байкалат. Буттарда шишик пайда болуп турат. Мындай белгилер көбүнчө төрөттөн кийин жоголот; заараны кармай албоодо жамбаш түбүнүн булчуңдарына арналган көнүгүүлөр жардам берет. Эгер бетте, колдо же буттарда капыстан катуу шишик пайда болсо, дароо дарыгерге кайрылыңыз.
Уйкуга байланыштуу адаттан тыш учурлар байкалат: үчүнчү триместрде кош бойлуу аялдар уйкусунда тез-тез тынчсызданып турушат, ар кандай түштөрдү көрүшөт. Буга гормондордун таасири жана болочок бала жөнүндө көп ойлонуу себеп болот.
31-апта
Бул убакытка келип түйүлдүктүн салмагы боюнун узундугуна салыштырмалуу көбүрөөк өсөт. Анын боюнун узундугу 41 см, салмагы болсо 1,5 кг ды түзөт. 31-аптада айрым наристелердин чачы өтө көп болсо, айрымдарында таптакыр чач болбошу мүмкүн.
32-апта
Кичинекей бөбөгүңүз төрөлүшүн "күтүп жаткан" учурда – жашоосу үчүн маанилүү болгон кыймылдарды жасайт: сорот, жутат, дем алат, башын бурат, колдору менен буттарын кыймылдатат. Ал чарчаганда уктайт, атүгүл түш да көрөт.
Кош бойлуулук календары: 33-апта
Жалган толгоолор дагы да көбүрөөк тынчсыздандырат. Ушул жол менен организм төрөт процессине даярданып барат. Чыныгы толгоо менен жалган толгоолордун айырмасы — жалган толгоолор кыска убакыттын ичинде өтүп кетет.
34-апта
Бул мезгилге келип, сиз курсагыңыздын бир аз кичирейгенин сезишиңиз мүмкүн. Мунун эки себеби бар. Биринчиси, түйүлдүк бир аз ылдый түшөт. Айрым учурларда бул абал эртерээк болсо, кээде төрөт процессине бир нече саат калганда орун алат. Экинчиси – жатындагы амниотикалык суюктуктун (каганак суусунун) көлөмүнүн бир аз азайышы: ал адатта 32–34-апталарда эң көп болот, андан кийин табигый түрдө азая баштайт. Бирок курсагыңыз байкаларлык кичирейип калгандай сезилсе же кындан суюктук келсе, дароо дарыгерге кайрылыңыз: бул каганак суусунун аздыгын, каганак капчыгынын жыртылышын же түйүлдүктүн өсүшү жайлап калганын билдириши мүмкүн. Ошондой эле организмдин катуу суусузданышына жол бербеңиз.
35-апта
Кош бойлуулук календарынын 35-аптасына келип, балаңыздын узундугу 46 см, ал эми дене салмагы 2,4 кгды түзөт. Анын дене салмагы тери астындагы май катмарынын калыңдашынын эсебинен артат. Наристеңиздин өнүгүүсү дээрлик толук аяктайт.
Кош бойлуулук календары: 36-апта
Кош бойлуулуктун 36-жумасында жана андан кийинки жумаларда түйүлдүк бир аз ылдыйлайт. Натыйжада зарна жана энтигүү жоголот, бирок табарсык кысылгандыктан заара ушатуу тездейт, жамбаш сөөктөрүнүн тушунда ыңгайсыздык пайда болот.
37-апта
Баланын кыймылдарынын мүнөзү өзгөрөт (жатын ага тар болуп калгандыктан, тепкилөөнүн ордуна көбүнчө оонап-тоголонуу, керилүү сезилет), бирок кыймылдардын саны азайбашы керек. Кыймылдар азайса же адаттагыдан өзгөрсө, күтпөстөн дароо төрөт үйүнө кайрылыңыз. Түйүлдүк төрөлгөндөн кийин жашоо үчүн маанилүү болгон бардык рефлекстерди аткара алат: дем алуу жана чыгаруу, жутуу, эмүү, көздөрүн ачып-жумуу. Ал ар дайым ушундай кыймылдарды кайталап турат.
Маалымат катары айта кетсек, кош бойлуулуктун 37-аптасы башталганга чейин болгон төрөт эрте төрөт болуп эсептелет.
38-апта
Түйүлдүгүңүздү – эми наристе деп атасак да болот. Анын бардык органдары толук өрчүгөн. Ал өз алдынча жашоого толук даяр. Түйүлдүк жамбаш чарасына түшөт жана айрым нерв тамырларын кысып калышы мүмкүн.
39-апта
Өз мөөнөтүндөгү төрөт 37 жана 42 апта аралыгында болот. Алгачкы жолу көз жарып жаткандар, адатта, 41-аптада баласын жарык дүйнөгө алып келишет. 39-аптада жалган толгоолор тынчсыздандырып турат. Эгерде чыныгы толгоо байкалса, төрөт белгилери жөнүндө жетиштүү маалыматыңыз болсо, сиз аны жалган толгоодон кыйынчылыксыз эле айырмалай аласыз: чыныгы толгоо оорутуу менен, белгилери улам күчөп, узак убакытка созулган түрдө байкалат.
Кош бойлуулук календары: 40-апта
Төрөттү күтүп жатып, өзүңүздү тынч кармаңыз. Эгер төмөнкү белгилер байкалса, дароо төрөт үйүнө баруу керек:
— Каганак суусу агып кетсе. Каганак суусун кадимки кын бөлүндүсүнөн же заарадан айырмалоо дайыма эле оңой боло бербейт, көпчүлүк аялдар заара агып кетти деп ойлошу мүмкүн – шектенсеңиз да төрөт үйүнө барыңыз.
— Чыныгы толгоо башталса. Алар жалган толгоолордон айырмаланып, оорутуучу, узакка созулган мүнөздө болот жана көбүрөөк ыңгайсыздык жаратат.
41-апта
Түйүлдүктүн узундугу 50-56 см, салмагы болсо 3,2-4,1 кг түзөт. Бул көрсөткүчтөр тукум куучулукка жана башка факторлорго байланыштуу болот. Бул көрсөткүчтөр орточо эсеп менен алынган. 41-аптага келип түйүлдүктүн организминде олуттуу деле өзгөрүүлөр болбойт. Бардык органдары жетилген, бала жарык дүйнөгө келүүгө даяр.
Төрөт акушер-гинеколог тарабынан табигый төрөт же кесарь кесилиши ыкмасы аркылуу ишке ашырылат.
Кош бойлуулук календары: 42-апта
Төрөт каалаган убакта башталышы мүмкүн жана сиз жакынкы арада балаңызды колуңузга алып, аны эмизип, бешикке бөлөп, ушул сыяктуу жагымдуу түйшүктөр менен алек болосуз. 41 апта толгондон кийин төрөт башталбаса, эне жана түйүлдүк үчүн коркунуч күчөй баштайт. Ошондуктан эл аралык сунуштамаларга ылайык, 41 апта толгондо дарыгер төрөттү жасалма жол менен козгоону сунуштайт – бул мөөнөткө жеткенде сөзсүз дарыгериңизге кайрылыңыз.
Ымыркай боосу бек болсун!
Сиз ар бир аял заты эңсеп күткөн бакытка ээ болдуңуз, куттуктайбыз! Мындай бактылуу көз ирмемдериңизде сиз менен бирге болгонубузга кубанычтабыз!
Эгер сизге "Lalu – Кош бойлуулук мектеби" мобилдик тиркемеси жаккан болсо, башка кош бойлуу курбуларыңызды да ушул мектебибизге чакырыңыз.
Сизге болсо ымыркайды багууда жана тарбиялоодо ийгилик каалап, мындай маанилүү милдетке кош бойлуулук учурундагыдай эле жоопкерчилик менен мамиле кылууңузду суранабыз.
Ымыркайыңызды багууда да сизге "Lalu" тиркемебиз пайдалуу болот деп ойлойбуз. Эгер балаңыздын туура өсүп-өнүгүүсүн жана ага кам көрүүнү ишенимдүү маалыматтарга таянып жүргүзүүнү кааласаңыз, ушул тиркемебизди колдонууну улантыңыз!