Кош бойлуулук учурунда эмчектеги өзгөрүүлөр кош бойлуулуктун табигый бөлүгү болуп саналат жана ал гормоналдык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында келип чыгат. Эмчектеги өзгөрүүлөр бойго бүткөндөн бир жума өткөндөн кийин, кош бойлуулуктун алгачкы белгилери катары пайда болушу мүмкүн жана бул бала төрөлгөнгө чейин же андан кийин да уланышы мүмкүн.
Бул макалада ар бир триместрде эмчекте эң көп кездешүүчү өзгөрүүлөрдү талкуулайбыз. Ошондой эле кош бойлуулук учурунда эмчекте пайда болуучу айрым ыңгайсыздыктарды жеңилдетүү боюнча маалыматтар менен бөлүшөбүз.
Кош бойлуулуктагы апталык өзгөрүүлөргө «Lalu» мобилдик тиркемеси аркылуу да көз салып турсаңыз болот, ошондой эле кош бойлуулуктун кийинки жумасында сизди кандай өзгөрүүлөр күтүп турганын алдын ала билип тура аласыз.
Мобилдик тиркемени жүктөп алыңыз: https://bit.ly/lalu-app
Биринчи триместрдеги эмчектин өзгөрүүлөрү
Кош бойлуулуктун 1–13-жума аралыгында төмөнкү белгилер болушу мүмкүн:
Сезгичтик жана ыңгайсыздык
Эмчектин сезгич болуп калышы — бул көбүнчө кош бойлуулуктун алгачкы белгилеринин бири. Бул өзгөрүүлөр кандагы гормондордун деңгээлинин көтөрүлүшү жана эмчек кыртыштарында кан айлануунун жакшырышынан улам пайда болот.
Кош бойлуулукта эмчектин чоңоюшу
Кош бойлуу кезде, өзгөчө биринчи кош бойлуулук учурунда эмчектин бир же эки өлчөмгө чоңоюшу — кадимки көрүнүш. Бул абал кош бойлуулуктун алгачкы мезгилинен башталып, бүтүндөй мезгил бою уланышы мүмкүн. Эмчектин тез чоңоюшу анын терисинин чоюлушуна жана кычышуусуна алып келет. Бала төрөлгөндөн кийин да эмчектин көлөмү чоңойо бериши мүмкүн.
Эмчектеги көк тамырлар
Адатта, кош бойлуулук учурунда кандын көлөмү 50%га көбөйөт. Натыйжада пайда болгон көк тамырлар өзгөчө эмчек жана курсак аймагында байкалат. Бул тамырлар денеде өрчүп жаткан түйүлдүккө кан жана азыктандыруучу заттарды жеткирүү үчүн зарыл.
Экинчи триместрде эмчектеги өзгөрүүлөр
Кош бойлуулуктун экинчи триместри 14–27-апталар аралыгын камтыйт жана бул учурда эмчекте төмөнкүдөй өзгөрүүлөр болушу мүмкүн:
Ареолалардын түсүнүн карарышы
Ареолалар – үрптүн айланасындагы пигменттүү тегерекчелер. Экинчи жана үчүнчү триместрде ареолалардын көлөмү чоңоюп, түсү кочкулдашат. Ареолалардын карарышы гормоналдык өзгөрүүлөрдүн натыйжасы болуп саналат. Көбүнчө ареола эмизүү мезгили аяктагандан кийин кош бойлуулукка чейинки түсүнө кайтат, бирок кээде мурункусуна караганда бир-эки тонго кочкулураак бойдон калат.
Ареола бүдүрчөлөрү
Кош бойлуулук мезгилинде ареолаларда кичинекей бүдүрчөлөр пайда болот. Алар Монтгомери бездери деп аталат; бул бездер май бөлүп чыгарып, эмчекти майлап, эмизүүнү жеңилдетет.
Эмчектин үрпүнөн суюктук бөлүнүп чыгышы
Кээ бир кош бойлууларда экинчи үч айлыкта эмчектен суюктук бөлүнүп чыгышы байкалышы мүмкүн. Башкаларда болсо бул абал үчүнчү триместрде же төрөттөн кийин болушу мүмкүн. Бөлүнүп чыккан суюктук кош бойлуулуктун каалаган мезгилинде пайда болушу мүмкүн, бирок эмчек дүүлүккөн учурда ал көбөйүшү ыктымал. Бул коюу, сары суюктук жаңы төрөлгөн ымыркайларды эмчек сүтү менен багуунун алгачкы баскычтарында иштелип чыгуучу, иммунитетти көтөрүүчү суюктук болуп саналат.
Эмчектеги шишиктер
Эмчектин шишиги айрым кош бойлуу аялдарга таасир этет. Адатта, бул шишиктер кооптонууга себеп болбойт. Алар көбүнчө сүт жолдорунун бүтөлүп калышы (галактоцеле) же эмчектин залалсыз шишиктери, башкача айтканда, фиброаденомалар болуп саналат.
Албетте, мындай өзгөрүүлөрдү үй-бүлөлүк дарыгер менен талкуулоо, зарыл болсо кошумча текшерүүлөрдөн өтүү керек.
Кош бойлуулукта эмчектеги өзгөрүүлөр: Үчүнчү триместр
Бул 28-40-апталар аралыгы болуп, эмчекте төмөнкүдөй өзгөрүүлөр болушу мүмкүн:
Өзгөрүүлөрдүн уланышы
Биринчи жана экинчи үч айлыкта болгон көптөгөн өзгөрүүлөр кош бойлуулуктун акыркы айларында да уланат. Эмчектин өлчөмү дагы да чоңоюп, оорлошушу мүмкүн, ареоланын түсү караруусун улантып, «ууз сүтү» үзгүлтүксүз келе башташы мүмкүн.
Теринин чоюлушу
Кыртыштардын тез өсүшү теринин чоюлушуна алып келет. Бул болсо кызыл сызыктардын жана чоюлуу издеринин пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Бул кызыл сызыктар, адатта, кош бойлуулуктун 6 же 7-айларында пайда болот, бирок алар бул убакыттан мурда же кийин да пайда болушу мүмкүн.
Сүт иштелип чыгышы
Жаңы төрөлгөн ымыркайларды эмизүүгө даярдануу учурунда эмчекте өзгөрүүлөр болот. Бирок, кош бойлуулукта эмчектеги өзгөрүүлөр ачык байкалбаган аялдар кийин баланы эмизүү боюнча сарсанаа болбошу керек. Кош бойлуулуктагы суюктук бөлүнүп чыгуусу жана эмчектеги өзгөрүүлөр келечекте эненин сүт чыгаруу же эмизүү жөндөмүн аныктабайт.
Төрөттөн кийин же кээде ага чейин эле эмчектен аз өлчөмдө ууз сүт бөлүнүп чыгат. Бул суюктук ымыркайдын иммунитетин көтөрүүгө жардам берет. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ашказаны абдан кичинекей болгондуктан, алардын азыктануу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн аз өлчөмдөгү ууз сүт толук жетиштүү болот.
Эмизүү жөндөмүнөн күмөн санап, тынчсызданган ар бир адам дарыгерге же лактация боюнча кеңешчиге кайрылып, кеңеш жана жардам алышы керек.
Пайдалуу макала: Мастит оорусу
Ыңгайсыздыкты жеңилдетүү жолдору
Көпчүлүк кош бойлуу аялдар кош бойлуулук учурунда эмчектеги өзгөрүүлөргө дуушар болушат. Бирок, эмчектеги өзгөрүүлөрдү же андагы ыңгайсыздыктарды жоюунун жолдорун баары эле биле беришпейт:
- Сүт агып кетүүсүнө каршы эмчек төшөмөлөрүн (вкладыштарын) колдонуу – ууз сүттүн агышы ыңгайсыздык жаратпашы үчүн эмчек төшөмөлөрүн тагыныңыз. Алар бир жолу колдонулуучу же кайра колдонулуучу түрүндө болот.
- Лосьон жана майларды сүйкөө – эмчекке лосьондорду же майларды сүйкөө теринин тартылышын жана кычышуусун басаңдатат. Айрымдар бул каражаттарды теринин чоюлуу издерин азайтуу үмүтүндө да колдонушат.
- Бүтөлүп калган сүт түтүкчөлөрүн дарылоо – эмчектин ооруп, түйүлүп калган жерлерине муздак компресс (кездемеге оролгон муз) коюу аркылуу сүт түтүкчөлөрүнүн бүтөлүшүн жеңилдетүүгө болот.
- Эмчектеги шишиктердин залалсыз экенине көз жеткирүү үчүн адистин текшерүүсүнөн өтүү зарыл.
Качан дарыгерге кайрылуу керек?
Кош бойлуулук учурунда же андан кийин эмчектеги өзгөрүүлөрдөн тынчсызданган ар бир адам сөзсүз түрдө дарыгер менен сүйлөшүшү керек. Эгерде эмчек безинде шишик пайда болсо же эмчектин учунан ууз сүтүнө окшобогон адаттан тыш суюктук бөлүнүп чыкса, дарыгерге кайрылуу зарыл.
Бул белгилер зыянсыз болушу мүмкүн, бирок дарыгер менен кеңешүүңүз максатка ылайыктуу.
Тиешелүү макала: Кош бойлуулуктагы бөлүнүп чыгуулар: кадимки жана патологиялык өзгөрүүлөр
Макала Америка кош бойлуулук ассоциациясы жана Healthline маалыматтарынын негизинде Lalu жамааты тарабынан өзбек тилинде даярдалды.