Lalu
Кантип иштейт Функциялары Эсептегичтер Төрөт күнү Овуляция Жума → ай ХГЧ Өнөктөш режими Макалалар КБС
Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурунда жатын тонусунун жогорулашы коопсузбу?

Жатын булчуң ткандарынан турат жана ар кандай булчуң бошошкон жана чыңалган абалда болушу мүмкүн. Кош бойлуу болбогон аялдарда, мисалы, айыз учурунда жатын жыйрылат, ал эми төрөт учурунда бул жыйрылуу баланын төрөлүшүнө жардам берет. Ушул макалабыз аркылуу жатын тонусунун нормадан ашышынын белгилери, себептери жана дарылоо ыкмалары жөнүндө токтолуп өтөбүз.

Жатын булчуң ткандарынан турат жана ар кандай булчуң бошошкон жана чыңалган абалда болушу мүмкүн. Кош бойлуу эмес аялда, мисалы, айыз учурунда жатын жыйрылат, ал эми төрөт учурунда бул жыйрылуу ымыркайдын төрөлүшүнө жардам берет. Бул макалабыз аркылуу жатын тонусунун нормадан ашышынын белгилери, себептери жана дарылоо ыкмалары жөнүндө токтолуп өтөбүз.

Жатын тонусунун жогорулашы деген эмне?

Жатын тонусунун жогорулашы кош бойлуулук мезгилиндеги патология болуп саналат, ал миометрий булчуңдарынын, башкача айтканда жатындын булчуң катмарынын узакка созулган чыңалуусунда көрүнөт.

Өз алдынча, бул патология оору болуп эсептелбейт, бирок булчуң тонусунун жогорулашы кош бойлуулуктун эрте токтотулушуна же эрте төрөткө себеп болгондугу үчүн кооптуу болуп эсептелет.

Акыркы мезгилде жатын тонусунун жогорулашы ар бир экинчи кош бойлуу аялда байкалат жана, тилекке каршы, кээ бир аялдар мындай патологияга чоң маани беришпейт, муну табигый көрүнүш деп эсептешет, бирок бул кээде олуттуу кесепеттерге алып келет, кээде болсо кечиктирилген кесепеттерди жоюу мүмкүн эмес.

Ошондуктан аялдар мындай патологияга олуттуу көңүл буруп, дарылануусу керек.

Булчуңдардын ашыкча спазмы кош бойлуулуктун өрчүшүнө өтө терс таасирин тийгизет:

Жатындын гипертонусунун белгилери

Миометрий булчуңдарынын чыңалуусунун негизги белгилери төмөнкүлөр:

Кээде, айрыкча кош бойлуулуктун алгачкы мезгилдеринде, аял жатын булчуңдарынын тонусун сезбеши мүмкүн. Мындай абалда, дарыгер гана текшерүүлөр аркылуу гипертонусту аныктай алат. Патология коркунучун эсепке алып, төрөт мөөнөтүнө жакын мезгилдерде дарыгерге милдеттүү түрдө үзгүлтүксүз көрүнүп туруу менен кош бойлуулукту көзөмөлдөп баруу керек.

Кош бойлуулукта өзүңүздөгү жана түйүлдүктөгү нормалдуу өзгөрүүлөрдү байкап баруу да түрдүү патологиялык өзгөрүүлөрдүн белгилерин эрте аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Андыктан мобилдик телефонуңузга «Lalu» колдонмосун жүктөп алып, апталык өзгөрүүлөр аркылуу абалыңызга көз салып туруңуз.

Жатын тонусунун жогорулашынын себептери

Жатын тонусунун жогорулашы көптөгөн себептерден келип чыгат. Так себепти табуу белгилүү бир дарылоо усулун тандоодо чоң мааниге ээ.

Көбүнчө төмөнкү факторлор бул патологиянын келип чыгышына себепчи болуп эсептелет:

Пайдалуу макала: Кош бойлуу кезде эмнелерди кылууга болбойт?

Диагностика

Жатын тонусунун жогорулашын мүмкүн болушунча эртерээк аныктоо өтө маанилүү, анткени кош бойлуулуктун ийгиликтүү өтүшү ушул абал менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Жатындын гипертонусун аныктоонун бир нече жолу бар:

Эгерде текшерүүлөрдө жатын гипертонусу тастыкталса, патологиянын себебин аныктоо үчүн кошумча лабораториялык текшерүүлөр дайындалат.

Эгерде өзүңүздө жатын гипертонусунун белгилерин сезсеңиз, дароо дарыгерге кайрылыңыз, жатын булчуңдарынын тонусунун жогорулашына эмне себеп болуп жатканын аныктоо үчүн толук текшерүүлөрдөн өтүңүз.

Кош бойлуулук учурунда жатындын тонусун дарылоо

Жатын тонусунун жогорулашын дарылоо аны келтирип чыгарган себептерге байланыштуу. Дарылоо текшерүүнүн натыйжаларына карай белгиленип, дарыгер тарабынан жүргүзүлөт. Жатын гипертонусу аныкталганда кош бойлуу аял, биринчи кезекте, төшөктө эс алуусун камсыз кылышы керек.

Профилактикасы

Белгилүү болгондой, ооруну дарылагандан көрө анын өнүгүшүнүн алдын алуу максатка ылайыктуу. Жатын тонусунун жогорулашы патологиясынын алдын алууда өтө жөнөкөй жана натыйжалуу чаралар бар. Атап айтканда:

Төрөөгө ыңгайлуу мезгилиңизди азыр табыңыз

Акыркы этек кириңизди жана цикл узактыгын киргизиңиз — акысыз эсептегич алты күнүңүздү көрсөтөт.

Бөлүшүү

Lalu медициналык эксперти

Цикл, кош бойлуулук жана бала мазмунубузду жазган жана текшерген Lalu клиникалык тобунун мүчөсү.

Окууну улантыңыз

Бардык макалалар
Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурунда кан басымынын жогорулашы кооптуубу?

Кош бойлуулуктун каалаган мезгилинде жогорку кан басымы же гипертензия болушу мүмкүн. Кош бойлуулукта кан басымынын жогорулашы аялга көбүрөөк таасир этет. Эгерде ал дарыланбаса, оору аялдын өзүнүн жана болочок баласынын ден соолугу менен байланыштуу олуттуу көйгөйлөрдү келтирип чыгарышы мүмкүн.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук холестазы түйүлдүктө же кош бойлуу аялда кандай татаалдашууларды келтириши мүмкүн?

Кош бойлуулуктун боор ичиндеги холестазы, көбүнчө кош бойлуулук холестазы деп аталат, бул кош бойлуулуктун акыркы мөөнөттөрүндө пайда болгон боор оорусу.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурунда ич катуунун зыяндуу жактары барбы?

Ич катуунун себеби кош бойлуулуктун кайсы баскычында жүрүп жаткандыгына байланыштуу. Буга төмөнкү мүмкүн болгон себептер кирет: