Кош бойлуу кезде эне болуу жөнүндө тынчсызданганыңызда, жакындарыңыз сизге: "Эмне кылуу керектигин балалуу болгондо билип аласың" деп айтышса керек. Эволюциялык жактан энелик инстинкт түшүнүгү баарына белгилүү. Кызыгы, эне болгондон кийин сиз балаңызга кантип кам көрүү керектигин автоматтык түрдө эле сезесиз.
Бирок бала төрөгөнүңүздө, сизге ымыркайды кантип тарбиялоо, кантип тамактандыруу жана уктатуу керектиги жөнүндө маалыматтар камтылган "атайын көрсөтмө" берилбейт.
Чындыгында энелик инстинкт — бул жөн гана бир уламыш жана бул инстинктке таянуу анчалык деле туура эмес. Эгер эне болоруңуз менен эле баланы кантип тарбиялоо керектигин түшүнө албаган болсоңуз, кабатыр болбоңуз!
Энелик инстинкт деген эмне?
Энелик инстинктке так түшүндүрмө жок. Айрымдар үчүн бул эне болуу каалоосун билдирсе, башкалары аны бала тарбиялоодо эмне туура жана эмне туура эмес экендиги жөнүндөгү адеп-ахлактык же эмоционалдык көрсөтмө катары түшүнүшөт. Кээ бирөөлөр үчүн болсо энелик инстинкт — баланы зыяндуу нерселерден коргоо. Бирок эч кандай илимий изилдөө энелик инстинкттин эмне экендигин так далилдей элек.
Кызыктуу: Кош бойлуу кездеги каалоо-тилектер эмнеден кабар берет?
Энелик инстинкт барбы?
Кош бойлуулук учурунда жана андан кийин денеде жана мээде ар кандай өзгөрүүлөр болушу табигый көрүнүш. Төрөттөн кийинки окситоцин ("бакыт гормону") эне менен анын жаңы төрөлгөн ымыркайынын ортосундагы байланышка өзүнүн оң таасирин тийгизет. Баланы эмизүү энедеги окситоциндин деңгээлин жогорулатат, бул болсо балага болгон мээримди жана байланыш сезимин ого бетер арттырат.
Башка изилдөөлөр көрсөткөндөй, кош бойлуулук аялдардын мээсинин түзүлүшүн олуттуу өзгөртөт. 2016-жылдагы изилдөөгө ылайык, кош бойлуулук учурунда мээдеги боз заттын өзгөрүү деңгээли эненин өз баласына канчалык жакын болорунан кабар берет. Бирок бул кош бойлуу аял баласын жарык дүйнөгө алып келгенден кийин энелик инстинкт аркылуу баарын толук үйрөнүп алат дегенди билдирбейт.
Энелик инстинкт байкалбасачы?
Балаңыз төрөлгөндөн кийин энелик инстинкттин «лампочкасы» капысынан күйбөй калса, тынчсыздануунун кажети жок. Энелик инстинктке же бул түшүнүккө таянганга караганда, башкалардан, анын ичинде «Lalu» адистеринен жардам жана кеңеш алган жакшыраак.
Эң керектүү сунуштар төмөнкүдөй:
- Балаңыздын ден соолугу боюнча катуу тынчсыздануу пайда болсо, педиатрга чалыңыз;
- Эмчек эмизүүгө байланыштуу көйгөйлөргө туш болгондо, лактация боюнча кеңешчиге кайрылыңыз;
- Эгер маанайыңыз чөгүп жүрсө, перинаталдык психикалык саламаттык боюнча психотерапевтке кайрылыңыз;
- Эне болуу канчалык кыйын экенин түшүнгөн, аялдарды колдогон бирикмелерден жардам алыңыз.
- «Lalu» мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз жана дайыма көз салып туруңуз. Долбоор жаш энелерге бала багуу боюнча билим жана көндүмдөрдү берүүнү өз алдына максат кылып койгон.
Кээде балаңыз менен байланыш түзө албай калуу же ага карата мээрим сезбөө төрөттөн кийинки депрессиянын белгиси болушу мүмкүн. Эгер сиз өзүңүздү күнөөлүү, кайдыгер же көңүлкош сезип жатсаңыз, сизде төрөттөн кийинки психикалык саламаттыктын бузулушу байкалып жаткан болушу мүмкүн. Мындай кырдаалда саламаттык сактоо адистерине мүмкүн болушунча тезирээк кайрылыңыз.
Энелик инстинктке таянуунун терс жактары
Энелик инстинкт бала тарбиялоодо жардам бергендей көрүнгөнү менен, бул көрсөтмөгө ашыкча таянуу чындыгында терс кесепеттерге алып келиши ыктымал. Мисалы, эне болуу эмне экендигин али толук түшүнбөй туруп өзүнө ашыкча ишенүү туура эмес (бала үчүн кооптуу) чечим кабыл алууга себеп болушу мүмкүн.
Ошол себептен, «Lalu» жамааты тарабынан даярдалган ишенимдүү жана пайдалуу маалыматтарды дайыма колдонуп туруңуз, зарыл учурларда «Lalu» жамаатынын адистерине кайрылыңыз.