Кош бойлуулук учурунда болочок эне инфекцияларды жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү жана алардын түйүлдүктүн өнүгүүсүнө кандай таасир этиши мүмкүндүгү жөнүндө адаттагыдан көбүрөөк тынчсызданат. Бул макалабыз аркылуу сиздер менен кош бойлуулук учурунда көп учурай турган инфекциялар, алардын балага кандай таасир этиши жана инфекциялардын өнүгүшүнүн алдын алуу жолдорун карап чыгабыз.
Кош бойлуулук ар бир аялдын жашоосундагы эң сонун мезгилдердин бири болуу менен бирге, анын эң коргоосуз мезгили да болуп эсептелет. Ошондуктан, аялда кандайдыр бир жугуштуу оору аныкталып, бирок дарылоо чаралары көрүлбөсө, анын олуттуу кесепеттери пайда болушу мүмкүн. Кош бойлуу аялдардын дайыма адистердин көзөмөлүндө болушу шарт экендиги да бекеринен эмес.
Кош бойлуулук учурундагы козу карын инфекциялары
Козу карын инфекциялары (Candida) башка вагиналдык инфекциялар сыяктуу эле кош бойлуулук учурунда көп кездешет. Бул мезгилде организмде жүрө турган гормоналдык өзгөрүүлөр жана иммунитеттин жалпы төмөндөшү алардын өнүгүүсүнүн негизги себеби болуп саналат.
Бул инфекциянын эң көп кездешкен белгилери жыныстык органдардын кычышуусу, ак, быштакка окшош вагиналдык бөлүнүп чыгуулар, заара чыгарганда оору же ыңгайсыздык, кындан ачыган сыранын жытына окшош жыт, кындын айланасында оору же ачышуу сезими болуп эсептелет.
Жугуштуу оору кош бойлуу аялда аныкталса, сөзсүз түрдө дарыгер менен кеңешип дарылоо чарасын көрүү зарыл.
Кош бойлуулук учурундагы инфекциялар: Бактериялык вагиноз
Азыркы күндө бул инфекцияны дарылоо оңой. Ал төмөнкү симптомдор менен коштолот:
- кычышуу, ачышуу, жыныстык аймактагы оору;
- көп өлчөмдө бөлүнүп чыгуулар;
- жагымсыз жыттын пайда болушу.
Бактериалдык вагинозду дарылоо керек. Болбосо, түйүлдүктүн эрте төрөлүшүнө алып келиши мүмкүн.
Кош бойлуулук көйгөйү: Кош бойлуулук холестазы оорусу
В тобундагы стрептококктор
Оору көбүнчө түз ичегиде жана кында жайгашкан бактериялар тобу тарабынан козголот. Алар өзгөчө симптомдор менен пайда болбошу мүмкүн. Бирок тобокелдик энеден түйүлдүккө инфекциянын өтүү ыктымалдыгы менен байланыштуу жана бул көптөгөн күтүлбөгөн кооптуу кесепеттерге, анын ичинде жаңы төрөлгөн наристенин өлүмүнө да алып келиши мүмкүн.
Жатындын инфекциялары
Мындай инфекциялар түздөн-түз плацентага терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Аял мөөнөтүнөн мурда төрөшү же түйүлдүк түрдүү аномалияларга учурашы мүмкүн.
Жатын инфекциялары көбүнчө бактериялар кындан жатынга өткөндө өрчүйт, ошондуктан дарыланбаган кын инфекциялары жатын инфекциялары үчүн тобокелдик фактору болуп саналат.
Кындан жатынга инфекциянын киришинин алдын алуу мүмкүн эместигин ар бир кош бойлуу аял түшүнүшү өтө маанилүү. Эгерде кош бойлуу аялда вагиналдык инфекциялар аныкталса, сөзсүз түрдө толук дарылоо жүргүзүлүшү шарт.
Бул абалда аялды ооруканага жаткыруу керек болушу мүмкүн, бирок көбүнчө дарылоо амбулатордук шартта антибиотиктер курсу, микрофлораны калыбына келтирүүчү дарылар жана башкалардын жардамы менен ишке ашырылат.
Башка инфекциялар
Кош бойлуулук учурунда төмөнкү инфекциялар да коркунучтуу:
- грипп;
- гепатит Е;
- ВИЧ;
- жөнөкөй герпес;
- листериоз;
- кызамык.
Инфекцияларды дарылоо үчүн дайындалган бардык эле дарылар кош бойлуу аялдар үчүн коопсуз эмес. Ошондуктан, кош бойлуулукта тигил же бул абалда кайсы дарыны тандоо жана дарылоо ыкмасын аныктоо сыяктуу ар кандай маселе боюнча дарыгер менен кеңешүү маанилүү.
Тиешелүү макала: Кош бойлуулук учурунда дене табынын көтөрүлүшү — себептери, коркунучтары жана температураны түшүрүү ыкмалары
Энедеги инфекциялардын түйүлдүккө тийгизген таасири
Көптөгөн инфекциялар түйүлдүктүн өрчүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мунун кесепеттери канчалык олуттуу болорун алдын ала айтуу кыйын, анткени ар бир организм индивидуалдуу. Айрым оорулар эненин организмине терс таасирин тийгизсе, башкалары балада ар кандай аномалияларды пайда кылышы мүмкүн. Бойдон түшүү жана эрте төрөлүү сыяктуу кооптуу кесепеттерге алып келүүчү инфекциялардын түрлөрү да бар.
Эненин организминде өрчүп жаткан түйүлдүк үчүн төмөнкү инфекциялар эң кооптуу болуп саналат:
- гонорея;
- хламидия;
- бактериялык вагиноз;
- ВИЧ, сифилис, герпес, гепатит;
- токсоплазмоз;
- стрептококк;
- цитомегаловирус;
- листерия.
Башка инфекциялар да түйүлдүккө зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан бардык кош бойлуу аялдарга оорулардын бар экендигин аныктоо жана өз убагында натыйжалуу жана коопсуз дарылоону дайындоо үчүн комплекстүү текшерүүлөр дайындалат.
Бул жараянда кош бойлуу аялдын өзү да жоопкерчиликти сезип, кош бойлуулуктагы өзгөрүүлөргө кайдыгер карабашы, ар кандай адаттан тыш өзгөрүү байкалса адис менен кеңешиши керек. Ошондой эле кош бойлуулуктагы нормалдуу өзгөрүүлөргө байкоо жүргүзүү да аялга патологиялык өзгөрүүлөрдү тез байкоо мүмкүнчүлүгүн берет.
Кош бойлуулук учурунда инфекциялардын диагностикасы
Кош бойлуу аялда бардык түрдөгү инфекцияларды аныктоо үчүн ага комплекстүү текшерүү, антителолордун бар-жогун билүү үчүн венадан кан текшерүү жана кындан сүртүм дайындалат. Мындай ыкма клиникалык көрүнүштү объективдүү баалоого, бардык көйгөйлөрдү изилдөөгө жана зарыл чараларды көрүүгө мүмкүндүк берет.
Алдын алуу
Американын Педиатрия академиясы кош бойлуулук учурунда инфекциялар коркунучун азайтуу жана алдын алуу үчүн айрым стратегияларды сунуштайт:
- Гигиена эрежелерин так сактаңыз (жөнөкөй эле колду үзгүлтүксүз жууп туруу да кээ бир инфекциялардан жакшы коргоо болуп эсептелет);
- Этти жакшы бышканга чейин бышырыңыз;
- Пастеризацияланбаган (чийки) сүт жана андан даярдалган азыктардан алыс болуңуз;
- В тобундагы стрептококктор боюнча дарыгериңизден кеңеш алыңыз;
- Сасык тумоого каршы эмдөө боюнча дарыгер менен кеңешиңиз, каршы көрсөтмөлөр болбосо, вакцина алыңыз;
- Жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды аныктоо же жокко чыгаруу үчүн анализ тапшырыңыз;
- Жугуштуу оору менен ооругандардан оолак болуңуз;
- Өзүңүздү оору ташуучу курт-кумурскалардан коргоңуз;
- Мышыктын ыплас заңына жана булганган топуракка тийбеңиз. (Токсоплазмоз инфекциясы болушу мүмкүн)