Цитомегаловирус (ЦМВ) — кеңири таралган вирустардын бири. Инфекция жуккандан кийин организмде вирус пайда болот. Көпчүлүк адамдар муну сезбейт деле, анткени ал дээрлик белгилери жок өтөт.
ЦМВ кош бойлуу аялдар же иммунитети начарлаган бейтаптар үчүн кооптуу болушу мүмкүн. Кош бойлуулук мезгилинде ЦМВ инфекциясы "активдешкен" аялдар вирусту ымыркайларына да өткөрүп жибериши мүмкүн. Тубаса цитомегаловирус көбүнчө эч кандай белги бербейт, бирок болжол менен ар 5 ымыркайдын биринде төрөлгөндө же кийинчерээк ар кандай белгилердин пайда болушуна алып келет. Иммундук системасы начар адамдар, айрыкча ички орган же жилик чучугун трансплантациялоону башынан өткөргөндөр үчүн ЦМВ инфекциясы өтө кооптуу жана ал тургай өлүмгө да алып келиши мүмкүн.
Цитомегаловирус инфекциясынын үч түрү бар:
- ЦМВ инфекциясынын курч түрү;
- ЦМВ инфекциясынын жалпыланган түрү;
- Тубаса ЦМВ инфекциясы.
Жогорудагылардан тубаса ЦМВ инфекциясы көңүлүңүздү көбүрөөк бурса керек, андыктан кош бойлуулук учурунда ЦМВ эмне үчүн кооптуу экенин билип алабыз.
Эмне үчүн кош бойлуулукта цитомегаловирус кооптуу?
ЦМВ өтө кеңири таралгандыгын эстен чыгарбоо керек. Эгер ымыркай ЦМВ менен төрөлсө, ал тубаса ЦМВ деп аталат. Тубаса дегенде төрөлгөндөн бери бар болгон абал түшүнүлөт. Мындай ымыркайлар ден соолук үчүн кооптуу болгон ар кандай кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн, анын ичинде:
- Төрөлгөндө салмактын аз болушу;
- Теридеги исиркектер;
- Теринин жана көздүн саргайышы (сарык);
- Боор менен көк боордун чоңоюшу;
- Баш сөөгүнүн адаттагыдан кичине болушу (микроцефалия);
- Тырышуулар;
- Дүлөйлүк;
- Көрүү жөндөмүнүн начарлашы;
- Акыл-эстин артта калышы;
- Өсүү жана өнүгүүнүн токтоп калышы.
Цитомегаловирустун белгилери кандай?
ЦМВ жуктурган көпчүлүк адамдарда эч кандай белгилер байкалбайт. Бул абал симптомсуз деп аталат. Ошондуктан, айрым кош бойлуу аялдар ЦМВ жуктуруп алганын сезбей калышат. Курч ЦМВнын белгилери даана байкалбагандыктан, аларды сасык тумоо же жугуштуу мононуклеоз сыяктуу инфекциялардын башка түрү менен чаташтырып алуу мүмкүн.
Кош бойлуулук учурунда ЦМВ менен ооруган айрым аялдар курч инфекциянын белгилерине дуушар болушу мүмкүн. Буларга төмөнкүлөр кирет:
- Ысытма;
- Алсыздык;
- Булчуңдардагы оору;
- Баш оору;
- Лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу.
Вирусту жуктуруп алуу факторлору
ЦМВ вирусту камтыган дене суюктуктары аркылуу жугушу мүмкүн, мисалы:
- Кан;
- Заара;
- Сперма;
- Кын суюктугу;
- Шилекей;
- Көз жашы;
- Эне сүтү.
Жогоруда саналып өткөн дене суюктуктарынын бири менен түздөн-түз байланышта болуп, андан кийин мурдуңузга, оозуңузга же көзүңүзгө тийсеңиз да, вирусту жугузуп алышыңыз мүмкүн.
ЦМВ адамдан адамга төмөнкү учурларда жугушу мүмкүн:
- Кош бойлуулук жана төрөт;
- Бала багуу;
- Өбүшүү;
- Жалаяктарды алмаштыруу;
- Жыныстык катнаш;
- Тиш щеткалары, тамак-аш идиштери же стакан сыяктуу буюмдарды чогуу колдонуу;
- ЦМВ менен ооруган адамдан кан куйдуруу, органдарды трансплантациялоо же сөөк трансплантациясы процессинен өтүү.
ЦМВ кантип аныкталат?
Лабораториялык анализдер сизде ЦМВ бар экенин аныктай алат. Көбүнчө мындай анализдер аркылуу каныңызда ЦМВ антителолорунун бар-жогу текшерилет.
Цитомегаловирус инфекциясын дарылоо ыкмалары
ЦМВны денеден толук жок кыла турган дарылоо жок, бирок тубаса ЦМВ белгилери менен төрөлгөн ымыркайларды жана иммунитети начар адамдарды вируска каршы дарылар менен дарылоого болот; ымыркайларда дарылоону өмүрүнүн биринчи айында баштоо маанилүү. Бардык герпес вирустары сыяктуу эле, ЦМВ жуккандан кийин ал денеңизде өмүр бою сакталып калат.
Кош бойлуулук учурунда ЦМВ инфекциясын дарылоо ыкмасы азыркы учурда жок. Вируска каршы дарылар инфекция коркунучун азайтышы мүмкүн, бирок алар вирустун өрчүп жаткан түйүлдүккө өтүшүнө ар дайым эле тоскоол боло албайт.
Оорунун алдын алуу
Этияттык жана гигиена эрежелерин сактоо ЦМВга каршы эң жакшы профилактика болуп саналат. ЦМВ инфекциясынын алдын алуу боюнча сактык чаралары:
- Колду тез-тез жууп туруу;
- Баланы өөп жатканда шилекейден жана көз жашынан сак болуу;
- Башкалар менен бир идиштен тамак-аш, суусундуктарды бөлүшпөө;
- Бир жолу колдонулуучу буюмдарга этият болуу;
- Оюнчуктарды жана столдордун үстүн тазалоо.