Lalu
Кантип иштейт Функциялары Эсептегичтер Төрөт күнү Овуляция Жума → ай ХГЧ Өнөктөш режими Макалалар КБС
Ата-эне болууга карай

Овуляциянын белгилери: оору, бөлүндүлөр, ректалдык температура

Репродуктивдүү саламаттыгына кайдыгер болбогон ар бир аял овуляция жана анын өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматка ээ болушу керек. Бул макала аркылуу овуляция белгилери жөнүндө толук маалымат берип өтөбүз.

Репродуктивдүү ден соолугуна кайдыгер карабаган ар бир аял овуляция жана анын өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматка ээ болушу керек. Бул макала аркылуу овуляция белгилери жөнүндө кеңири маалымат берип өтөбүз.

ОВУЛЯЦИЯ — энелик бездин фолликулунан курсак көңдөйүнө уруктанууга жөндөмдүү болгон жетилген жумуртка клеткасынын чыгышы. Жалпысынан алганда, этек кир циклинин бир баскычы, башкача айтканда энелик бездин цикли болуп эсептелет. Төрөт курагындагы аялдарда овуляция нормада ар 21-35 күндө болот.

Овуляция жыштыгы нейрогуморалдык механизмдер, негизинен гипофиз безинин гонадотроптук гормондору жана энелик бездин фолликулярдык гормону менен жөнгө салынат.

Овуляция фазасы – организмдин репродуктивдүү саламаттыгы нормада иштеп жаткандыгынын белгиси. Бул фазанын жүрбөшү организмде кандайдыр бир көйгөй бар экендигинен кабар берет. Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, ден соолугуна кайдыгер болбогон аял овуляция болуп жатканын байкап турушу керек.

Ар бир аял үчүн туруктуу болгон овуляция ритми аборттон кийинки 3 айдын ичинде, төрөттөн кийинки бир жылдын ичинде, ошондой эле организм менопауза мезгилине даярданган 40 жаштан кийин айыздын келбей калышы же айыздын кечигиши фонунда өзгөрөт.

Кош бойлуулуктун башталышы жана айыз көрүү функциясы толугу менен токтогондон кийин овуляция токтойт. Овуляция убактысын билүү кош бойлуулукту пландаштырууда, жасалма уруктандырууда жана ЭКУ үчүн эң натыйжалуу убакытты тандоодо маанилүү мааниге ээ.

Овуляция белгилери

Овуляциянын субъективдүү белгилери катары курсактын төмөнкү бөлүгүндө кыска мөөнөттүү ооруларды айтсак болот.

Овуляциянын объективдүү белгилери — бул кындан былжырдын бөлүнүшүнүн көбөйүшү, овуляция күнүндө ректалдык (базалдык) температуранын төмөндөшү, эртеси күнү анын жогорулашы, кан плазмасында прогестерондун көбөйүшү жана башкалар.

Кээ бир булактар боюнча, жыт жана даам сезүүнүн жогорулашы, сүт бездеринин сезгичтигинин күчөшү сыяктуу белгилер да овуляциянын белгилери болуп эсептелет.

Бул белгилер кош бойлуулуктун белгилерине окшош болгондуктан, айыз цикли туруктуу эмес аялдардын адашуусуна да себеп болушу мүмкүн.

Шуну эстен чыгарбоо керек, эгерде ичтин төмөнкү бөлүгүндөгү оору күчтүү жана курч болсо, бул олуттуу оорулардын белгиси болушу мүмкүн. Жана мындай абалда тез жардамга кайрылуу зарыл.

Ар кандай белгилер дайыма эле овуляциядан кабар бере бербеши мүмкүн, ошондуктан так маалымат алуу үчүн овуляцияны аныктоонун башка ыкмаларын да кошумча колдонуу дурус.

Төмөндө жогоруда саналып өткөн белгилер жөнүндө толугураак маалымат беребиз.

Овуляция жана оору

Овуляция күндөрү ичтин төмөнкү бөлүгүндө этек кирдин келиши менен байланышы жок оорулар байкалышы мүмкүн.

Оору ичтин төмөнкү борбордук бөлүгүндө же доминанттуу фолликулдун кайсы энелик безде жетилгендигине жараша оң же сол тарапта болушу мүмкүн. Оору көбүнчө тарткылаган мүнөзгө ээ. Ал ичтин төмөн жагындагы бир аз шишик же толуу сезими менен коштолушу мүмкүн.

Алгач оору бир аз болсо да, кийинки күндөрдө бир аз күчөшү байкалат. Бул оорулар овуляциядан мурда аялдын организминде биологиялык активдүү заттар — простагландиндердин деңгээлинин жогорулашы менен байланыштуу. Простагландиндер фолликулдун дубалын жана энелик бездердин тканын эритип, жумуртка клеткасынын жатын түтүгүнө өтүшүн камсыздайт. Бул процессте простагландиндердин "кыйыр таасири" оору болуп саналат.

Оорунун овуляция менен байланыштуулугун билүү да маанилүү. Анткени, башка патологиялык себептен келип чыккан оорулар тез жардамды талап кылышы мүмкүн.

Овуляция учурунда оору орточо интенсивдүүлүктө болуп, ооруну басаңдатуучу дарыларды ичүүнү талап кылбайт. Ал эми катуу оорулар ден соолукка байланыштуу кандайдыр бир көйгөйдү көрсөтөт.

Эгерде күтүлгөн овуляция күндөрүндө оору күчтүү болсо, гинекологго кайрылууңуз керек. Ичтин ылдыйкы бөлүгүндөгү оорулардын дене табынын көтөрүлүшү, жыныс жолдорунан бөлүнмөлөрдүн көбөйүшү, бөлүнмө түсүнүн тунук, актан сары, жашыл түскө чейин өзгөрүшү же кандуу бөлүнмөлөр менен бирге байкалышы жыныстык органдардын патологиялык абалынан кабар бериши мүмкүн. Мындай учурларда, сөзсүз гинекологго кайрылуу зарыл.

Былжырлуу бөлүнмөлөр

Жатын моюнчасындагы бездер былжырды пайда кылат. Адатта ал жатын моюнчасынын каналын жаап, инфекциялардын жатынга өтүшүнө тоскоолдук кылуучу чыныгы тыгын болуп эсептелет жана коюу болот. Мындай коюу былжырда сперматозоиддер бат эле кыймылдуулугун жоготот. Натыйжада алар үчүн жатын көңдөйүнө көтөрүлүү кыйынчылык туудурат. Бирок энелик безде өсүүчү негизги (доминант) фолликул эстрадиол гормонун иштеп чыгарат.

Эстрадиол канчалык көп болсо, цервикалдык суюктук ошончолук көбөйөт жана суюк болот. Овуляциянын алдында ал жумуртканын агы сыяктуу созулмалуу болуп калат. Кээ бир аялдарда циклдин ортосунда бул былжыр, тунук бөлүндү абдан сезилет. Айрымдарында болсо, овуляциядан бир нече күн мурда, айрымдарында овуляция күнү гана бөлүнүп чыгат. Бул жеке өзгөчөлүк.

Ректалдык температура

Базалдык дене температурасы — организм эс алгандагы температура жана анын овуляция убагында бир аз көтөрүлүшү байкалат. Аялдын ректалдык дене температурасы бир топ факторлорго, анын ичинде гормондордун өлчөмүнө да байланыштуу түрдө өзгөрөт.

Овуляциядан кийин канда прогестерон гормонунун өлчөмү жогорулайт. Нормада айыз башталгандан кийин орточо 2 жума бою (айыз циклинин 1-фазасында) базалдык температура 37.0 °C градустан ашпайт. Айыз циклинин 2-фазасы башталардан мурда температура бир аз төмөндөп, кескин 0.4-0.5 °Cга көтөрүлөт. Дал ушул көтөрүлүү овуляция болуп өткөндүгүнөн кабар берет.

Кийинки айыз башталганга чейин температура көтөрүлгөн бойдон турат, анын төмөндөшү менен жаңы айыз цикли башталат.

Төрөөгө ыңгайлуу мезгилиңизди азыр табыңыз

Акыркы этек кириңизди жана цикл узактыгын киргизиңиз — акысыз эсептегич алты күнүңүздү көрсөтөт.

Бөлүшүү

Lalu медициналык эксперти

Цикл, кош бойлуулук жана бала мазмунубузду жазган жана текшерген Lalu клиникалык тобунун мүчөсү.

Окууну улантыңыз

Бардык макалалар
Ата-эне болууга карай

Эгиз кош бойлуулуктун ыктымалдуулугу эмнелерден көз каранды?

Эгиз балалуу болуу мүмкүнчүлүгүн кантип жогорулатуу керектиги жөнүндө көптөгөн уламыштар бар. Аялда эгиз кош бойлуу болуу ыктымалдыгын жогорулатуунун далилденген ыкмалары жок болсо да, мындай кош бойлуулуктун пайызын жогорулатуучу белгилүү факторлор бар.

Ата-эне болууга карай

Жатындан тышкары кош бойлуулук кандай татаалдашууларды алып келиши мүмкүн?

Эктопиялык кош бойлуулук эмбрион жатындын ички катмарынан башка жерге жайгашкан учурда пайда болот. Бул өмүргө кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Көбүнчө эктопиялык кош бойлуулукта түйүлдүк жатын түтүктөрүндө (фаллопия түтүгү) жайгашкан болот, бирок ал энелик безде же курсак көңдөйүндө да болушу мүмкүн.

Ата-эне болууга карай

Этек кир канча күн кечигиши мүмкүн? (Этек кир кечигүүсүнүн себептери)

Жалпысынан алганда, аялдар менен кыздарда репродуктивдик ооруларсыз этек кирдин кечигүүсү 5-7 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Бирок этек кир циклинин бузулушу...