Кош бойлуулукта суусуздануу башка мезгилдерге караганда тез-тез учуроочу терс абалдардын бири болуп эсептелет. Бул мезгилде суусуздануу көпчүлүк учурларда жеңил болот, бирок кээде күчтүү суусуздануу байкалып, ал эне жана наристенин ден соолугу үчүн олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн.
Түйүлдүк аялдын организмине олуттуу талаптарды коёт жана кош бойлуу аялдар кошумча азык заттарды кабыл алышы керек. Токсикоз, ошондой эле көп кусууга себеп болгон абалдар да суусуздануунун пайда болушунда маанилүү роль ойнойт.
Кош бойлуулукта суусуздануу белгилери
Адатта суусуздануунун биринчи белгиси — суусагандык.
Тердегенден кийин суусаган, ысыкта узак убакыт өткөргөн адамдар же узак убакыт бою суусуз калган адамда, айрыкча, суусуздануу ыктымалы жогору болот.
Суусуздануунун башка белгилери төмөнкүлөр:
- тамактын же ооздун кургашы;
- кургак жана жарылган эриндер;
- кургак көрүнүштөгү тери;
- көздө кургактык сезими;
- жука жана сөөккө жабышкан тери;
- кочкул түстөгү заара;
- аз-аздан заара чыгаруу;
- ысык абада да тердебөө;
- өзүн алсыз жана чарчагандай сезүү;
- ич катуу, катуу заң чыгаруу жана геморрой;
- алсыздык, уйкучулук.
Кээ бир кош бойлуу аялдар суусузданууну сезгенде жатын жыйрылуу абалын баштан өткөрөт.
Суусуздануу күчөгөндө суусагандык сезими жоголушу мүмкүн. Кош бойлуулук учурунда катуу суусуздануунун айрым белгилери төмөнкүлөр:
- баш айлануу жана алдастоо;
- жүрөктүн тез-тез согушу;
- ымыркайдын кыймылынын өзгөрүшү;
- баш айланууга же эстен танууга себеп болгон төмөн кан басымы;
Катуу суусуздануу депрессияга жана организмдин жабыркашына себеп болушу да мүмкүн. Бул абал болсо, ымыркайга да зыян келтириши мүмкүн.
Кош бойлуулук учурундагы суусуздануунун себептери
Суусуздануунун себептери 2 жалпы категорияга бөлүнөт:
Сууну жетиштүү өлчөмдө ичпөө
Адамдардын бир күндө канча өлчөмдө суу ичүүсү жөнүндө көптөгөн сунуштар болушуна карабастан, адамдын сууга болгон муктаждыгы бири-биринен айырмаланат. Жогоруда айтылгандай, кош бойлуулук аялдын организмине кошумча талаптарды коёт. Ошондуктан аялдар, адатта, кош бойлуулукка чейинки мезгилге караганда ушул кош бойлуулук мезгилинде көбүрөөк суу ичиши керек.
Сууну жетиштүү өлчөмдө сиңирбөө
Кээ бир медициналык абалдарда, айрыкча кусуу жана диарея (ич өтүү) учурунда организмдин сууну жетиштүү өлчөмдө сиңирүүсү кыйындайт.
Кош бойлуулук мезгилинде жүрөк айлануу жана кусуу абалдары башка мезгилдерге салыштырмалуу тез-тез кездешет. Кош бойлуулуктун 3%ында кездешкен эклампсия менен ооруган аялдар олуттуу салмак жоготууга жана суусузданууга алып келген катуу кусуу абалын баштан кечириши мүмкүн.
Башка ден соолук көйгөйлөрү, өзгөчө метаболизмге таасирин тийгизген абалдар кош бойлуулукта суусузданууну келтирип чыгарат. Алар төмөнкүлөр:
- бөйрөк оорулары;
- айрым сейрек кездешүүчү метаболизмге байланыштуу оорулар.
Кызыктуу:
Кош бойлуулук учурунда күн сайын 8-12 стакан (1,8-2,7 литр) суу ичүү керек. Суу кош бойлуулук учурунда пайдалуу эсептелет. Ал тамак сиңирүүгө жана түйүлдүктүн амнион суюктугунун пайда болушуна жардам берет. Суу, ошондой эле, азык заттардын денеде айлануусунда кызмат кылат.
Кесепеттери
Кош бойлуулукта жеңил суусуздануу адатта кооптуу болбойт, анткени аял тез эле денесине жетиштүү суюктукту жеткире алат, бирок күчтүү суусуздануу эненин гана эмес, бөбөктүн да өмүрү үчүн кооптуу болушу мүмкүн.
Суусуздануу амнион суюктугунун өлчөмүнүн азайышына алып келет. Бул болсо баланын өнүгүшүнө таасир этиши, эрте төрөлүшүнө алып келиши жана эне сүтүнүн сапатына таасир этиши мүмкүн. Суусуздануу кош бойлуу аялдын жана өнүгүп жаткан ымыркайдын ден соолугу үчүн маанилүү болгон азык заттардын жетишсиздигине да алып келиши мүмкүн.
Кандай учурларда дарыгерге кайрылуу керек?
Суусуздануунун олуттуу же жеңил экендигин өз алдынча аныктоо кыйын.
Эгер ичүүчү суу же электролиттик суулар бул абалды тез арада жакшыртууга жардам бербесе, дароо дарыгерге кайрылыңыз. Төмөнкү учурларда кош бойлуу аялдар суусуздануудан улам дарыгерге кайрылышы керек:
- аял ымыркайдын кыймылы өзгөргөнүн сезгенде;
- кан кетүү же суюктук агышы башталганда;
- эрте төрөт белгиси болушу мүмкүн болгон толгоолорду башынан өткөргөндө;
- 12 сааттан ашык кусуу же диарея болгондо;
- суюктук ичкенине карабастан, ысык абада да тердебегенде;
- өтө аз заара кылса же таптакыр заара кылбаса;
- эс-учун жоготкондо же өзүн өтө алсыз сезгенде.
Эклампсия же башка оорулары бар аялдар ооруканага баруу убактысы келгенде дарыгер менен кеңешиши керек. Эгерде дарыгер аялдын симптомдору шашылыш медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылат деп эсептесе, дароо шашылыш жардамга кайрылуусу зарыл.
Пайдалуу: Кош бойлуулук учурундагы аз кандуулук (анемия)
Суусуздануунун алдын алуу үчүн
Суусуздануунун алдын алуу үчүн заара тунук же өтө ачык сары түскө айланганга чейин суюктук ичиңиз. Суу идишин дайыма өзүңүз менен алып жүрүңүз жана тез-тез суу, суюктук ичип туруңуз.
Физикалык көнүгүүлөр менен көп машыккан, өтө ысык аба ырайында сыртта көп убакыт өткөргөн аялдар суюктукту салыштырмалуу көбүрөөк ичиши керек.