Диарея жана ич катуу сыяктуу тамак сиңирүү көйгөйлөрү кош бойлуулук учурунда көп кездешет. Адатта муну гормондордун өзгөрүшү, диетадагы өзгөрүүлөр жана кошумча стресс менен түшүндүрүшөт.
Диарея бир күндө үч же андан ашуун жолу суулуу ич өтүүгө карата айтылат. Үзгүлтүксүз ич өткөк суусузданууга жана жетишсиз тамак сиңирүүгө алып келиши мүмкүн. Кош бойлуулук учурунда бул аялга жана түйүлдүккө зыян келтириши мүмкүн. Оор жана узакка созулган диарея менен ооруган кош бойлуу аялдар дароо медициналык жардамга кайрылышы керек.
Диарея деген эмне?
Диарея өтө кеңири таралган оору, ал ар бир адамга, анын ичинде кош бойлуу аялдарга да таасир этиши мүмкүн. Америка гастроэнтерологиялык колледжинин маалыматы боюнча, кош бойлуу аялдарда диареянын пайда болушу жөнүндө заманбап изилдөөлөр жетишсиз. Кош бойлуулук учурунда диарея гормоналдык же физикалык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында пайда болушу мүмкүн. Бирок бул абал кош бойлуулук менен байланыштуу болбошу да мүмкүн, тескерисинче инфекция же ичегинин бузулушу натыйжасында пайда болушу мүмкүн.
Ич өткөктүн себептери
Гормоналдык өзгөрүүлөр
Диареяга алып келиши мүмкүн болгон өзгөрүүлөрдүн бири простагландин деңгээлинин жогорулашы эсептелет. Окситоцин сыяктуу простагландиндер жатындын жыйрылышын күчөтүүгө жардам берет. Бирок тамак сиңирүү органдары боюнча кыймылын да күчөтүшү мүмкүн. Простагландин деңгээлинин жогорулашы да айыз учурунда диареяга алып келиши мүмкүн. Жасалма простагландин препараттары да диареяга себеп болушу мүмкүн.
Кош бойлуулук учурундагы инфекциялык диарея
Ичеги инфекциялары — диареянын негизги себепчиси. Жугуштуу диарея менен ооруган адамдарда ич өткөктөн жана суулуу заңдан тышкары төмөнкү белгилер да болушу мүмкүн:
- кандуу заң;
- жүрөк айлануу;
- кусуу;
- ысытма;
- титирөө;
- баш айлануу.
Жугуштуу диареяны келтирип чыгаруучу организмдер бул бактериялар, мисалы, эшерихия коли же кампилобактериоз, сальмонелла же шигелла, вирустар жана паразиттер.
Адам бул зыяндуу организмдерди булганган тамак-аш же суу аркылуу жугузушу мүмкүн. Орточо өнүккөн өлкөлөргө барганда жугуштуу диарея коркунучтуу болушу мүмкүн. Ошондуктан кош бойлуулук учурунда диарея абалына түшпөө үчүн кош бойлуу аял гигиена эрежелерин катуу сактоосу зарыл.
Тамак сиңирүү системасынын оорулары
Өнөкөт ич өткөк көбүнчө ичегинин жабыркашынын белгиси болушу мүмкүн, мисалы, ичегинин сезгенүү оорулары, анын ичинде,
- целиакия;
- Крон оорусу;
- дүүлүккөн ичеги синдрому;
- ичке ичеги бактерияларынын көбөйүшү.
Жогорудагы абалдар көптөгөн башка белгилерге себеп болушу мүмкүн.
Мисалы:
- ич оорусу, тартып ооруу;
- ичтин көбүшү жана шишиши;
- салмак жоготуу;
- чарчоо;
- жүрөк айлануу жана кусуу;
- тери жана муундардагы көйгөйлөр;
- аз кандуулук.
Эгер ич өткөк жогорудагыдай башка симптомдор менен коштолсо, дароо дарыгерге кайрылыңыз.
Башка себептер
Кош бойлуулук учурунда ич өтүү же диарея төмөнкү себептерден улам да пайда болушу мүмкүн:
- тамак-аш аллергиясы;
- тамактануу менен байланышкан өзгөрүүлөр;
- кош бойлуулуктагы стресс;
- кээ бир дарылар;
- сорбитол;
- ксилитол же маннитол.
Кош бойлуулук мезгили учурунда аял жеген тамагына этият болушу, зарыл болгондо адис менен кеңешиши шарт.
Пайдалуу: Кош бойлуулукта эмнелерге уруксат эмес? Эң зыяндуу 11 азык
Качан дарыгерге көрүнүү керек?
Диарея катуу суусузданууга жана жетишсиз тамактанууга алып келиши мүмкүн, бул болсо аял жана түйүлдүк үчүн кооптуу болуп эсептелет.
Кош бойлуу аял төмөнкү абалдарды башынан өткөрүп жатса, тезинен медициналык жардамга кайрылышы зарыл:
- кан же ириң аралашкан заң;
- 48 сааттан ашык созулган диарея;
- 24 сааттын ичинде 6 же андан көп жолу ичтин өтүшү
- 39 C же андан жогорку ысытма;
- тез-тез кусуу;
- ичегидеги жана курсактагы катуу оору;
- суусуздануу белгилери, мисалы, кочкул түстөгү заара, суусагандык, ооздун кургашы, баш айлануу же зааранын аз бөлүнүп чыгышы.
Ич өткөктү дарылоо
Кош бойлуу аял көп өлчөмдө суу ичүү аркылуу суусуздануунун алдын алат. Электролиттүү суюктуктарды ичүү да маанилүү.
Мындан тышкары,
- бульон жана кайнатма сорполор;
- минералдык суусундуктар;
- мөмө ширелери;
- кофеинсиз суусундуктар.
Кош бойлуу аялдарга суусуздануунун алдын алуу жана ич өткөктүн айынан жоголгон электролиттерди калыбына келтирүүгө жардам берүү үчүн дарыгерлер алма ширеси, банан, кадимки картошка, күрүч, куурулган нан сыяктуу азыктарды колдонууну сунушташы мүмкүн.
Мындан тышкары, ич өткөктү күчөтүүчү азыктардан, мисалы, сүт азыктарынан, майлардан, курамында шекер бар азыктардан жана кофеин кошулган суусундуктардан сак болуңуз.
Ич өткөктү дары-дармектер менен дарылоо
Кош бойлуулук учурунда ар кандай жаңы дарыны кабыл алуудан мурун дарыгер менен кеңешиңиз. Кээ бир дарылар зыяндуу болушу жана айрым дарылардын коопсуздугу белгисиз болушу мүмкүн.
Бул макала Medicalnewstoday жана gi.org маалыматтарынын негизинде «Lalu» командасы тарабынан даярдалды.