Lalu
Кантип иштейт Функциялары Эсептегичтер Төрөт күнү Овуляция Жума → ай ХГЧ Өнөктөш режими Макалалар КБС
Ата-эне болууга карай

Кош бойлуулуктун белгилери: алгачкы жана экинчи даражадагы белгилери

Кош бойлуулуктун белгилери — анын кандай билинери бардык аялдарда бир аз же таптакыр башкача болушу мүмкүн. Айрым аялдарда кош бойлуулукту

Адамдын организминин түзүлүшү ар башка болгондой эле, андагы процесстер, анын ичинде кош бойлуулуктун белгилери да ар бир аялда түрдүүчө болот. Кош бойлуу болууну кыялданып жүргөн аял бул белгилерди билип, өзүндө тезирээк сезүүнү каалайт. Анткени кош бойлуулук – бул абдан керемет, өзгөчө жана кайталангыс мезгил эмеспи? Ошондой эмеспи?

Кош бойлуулуктун белгилери, симптомдору — алардын кандайча байкалышы бардык аялдарда бир аз же түп-тамырынан бери айырмаланышы мүмкүн. Айрым аялдарда кош бойлуулукту көрсөткөн алгачкы белгилер байкалса, башкалары өзүнүн ден соолугунда эч кандай өзгөрүүнү сезишпейт.

Төмөндө кош бойлуулуктун алгачкы белгилери жөнүндө маалымат беребиз. Эгер бул белгилерди өзүңүздөн байкасаңыз, аймактык ооруканаңыздан текшерүүдөн өтүп, кош бойлуулук тастыкталса, кош бойлуу катары каттоого туруңуз.
Ошондой эле биздин «Lalu — Кош бойлуулук мектеби» долбоорубузга кошулуңуз. Бул үчүн Google Play колдонмолор дүкөнүнөн мобилдик тиркемебизди акысыз жүктөп алыңыз. Жана кош бойлуулуктун бүткүл мөөнөтүн кереметтүү кош бойлуулук календары аркылуу байкап туруңуз!

"Lalu — Кош бойлуулук мектеби" мобилдик тиркемеси аркылуу кош бойлуулук мезгилинде сиз жана түйүлдүгүңүздөгү өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөп туруу, түйүлдүктүн өрчүшү чагылдырылган сүрөттөр жана өлчөмдөр менен таанышуу, болочок балаңызга ысым тандоо, башка кош бойлуу аялдар менен пикир жана тажрыйба алмашуу сыяктуу пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана аласыз.

Кош бойлуулуктун алгачкы белгилери

Жумуртка клеткасы уруктангандан кийин аялдын организминде бир катар гормоналдык өзгөрүүлөр байкалат. Төмөндө организмдеги гормоналдык өзгөрүүлөрдүн фонунда денеңизде пайда болуп жаткан өзгөчөлүктөр тууралуу сөз кылабыз. Албетте, кош бойлуулукту тастыктоо үчүн кандагы ХГЧ деңгээлин аныктоо, ультрадобуштук изилдөө (УЗИ) сыяктуу текшерүүлөрдөн өтүү керек болот.

Айыздын келбеши жана аз өлчөмдөгү кандуу бөлүнүүлөр

Аялдын жумуртка клеткасы уруктангандан кийин жатынга жайгаша баштайт. Бул процесс имплантация деп аталат. Дал ушул мезгилде (адатта 1-2 күн) кынаптан аз өлчөмдө кандуу бөлүнүү байкалышы мүмкүн. Алар айыз учурундагы бөлүнүүлөрдөн түсү, узактыгы жана өлчөмү боюнча кескин айырмаланат. Түсү ачыгыраак, узактыгы кыскараак жана өлчөмү өтө аз болот. Бул убакта айыздын келиши байкалбайт.

Бирок этек кирдин кечигишине ишенимдүү белги катары каралбашы керек, анткени этек кирдин келбей калышы көбүнчө репродуктивдик системанын оорулары, стресс жана гормоналдык патологиялык өзгөрүүлөр менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Этек кирдин кечигишине кош бойлуулуктан тышкары дагы кандай факторлор себеп болору тууралуу бул макаладан маалымат алсаңыз болот: Этек кирдин кечигүү себептери

Кош бойлуулуктун белгилери: Сүт бездеринин чоңоюшу жана оорушу

Кош бойлуулук пайда болгондо аялдын организминде өтө көп гормоналдык өзгөрүүлөр жүрөт. Сүт бездери болсо гормоналдык өзгөрүүлөргө өтө сезгич келет. Кош бойлуулуктун алгачкы күндөрүндө бездер чоңоюп, эмчектин үрптөрү ооруйт. Бирок көкүрөктүн чоңоюшу кош бойлуулукка каршы ичиле турган гормоналдык дары каражаттарынын таасиринен да пайда болушу мүмкүн экенин унутпоо керек.

Ошондой эле, кош бойлуу аялдын эмчек бездеринде бүткүл кош бойлуулук мезгилинде өзүнө мүнөздүү өзгөрүүлөр жүрөт. Бул өзгөрүүлөр кош бойлуулуктун алгачкы белгилери катары көрүнө баштагандан тартып, төрөткө чейин жаңы төрөлө турган ымыркайды толук кандуу азык менен камсыз кылуу деңгээлине жеткенге чейин уланат.
Кош бойлуулук учурундагы эмчектеги өзгөрүүлөр тууралуу бул макаладан көбүрөөк маалымат алсаңыз болот: Кош бойлуулук учурундагы эмчектеги өзгөрүүлөр

Кош бойлуулуктун белгилери: Чарчоо жана уйкучулук

Себепсиз чарчоо, тез алсыроо да кош бойлуулуктун алгачкы белгилеринен болуп саналат. Айрымдардын ыйлаак болуп калышы да көп кездешүүчү көрүнүш. Бул белги көбүнчө биринчи кош бойлуулукта пайда болот.

Организмдеги зат алмашуу процесстеринин күчөшү жана тездеши чарчоо сезими, уйкучулук жана эс алуу каалоосунун пайда болушуна алып келет. Кызыгы, биринчи триместрдеги уйкучулук бара-бара, көбүнчө экинчи жана үчүнчү триместрлерде уйкусуздук менен алмашат.

Маанилүү: Кош бойлуулук учурундагы спазм (тамыр тартышуу) учурлары

Жүрөк айлануу

Жүрөк айлануу же эртең мененки токсикоздун пайда болушу көбүнчө кош бойлуулуктун 5-6-жумасынан башталат, ал эми кээ бир аялдарда бул белги уруктангандан кийин эле, тактап айтканда, 2-3-жумаларда да байкалышы мүмкүн. Жүрөк айланууга ашказан-ичеги трактынын, жүрөк-кан тамыр жана борбордук нерв системасынын оорулары да себеп болушу мүмкүндүгүн эске тутуу зарыл.

Кош бойлуулуктагы токсикоз жөнүндө бул макала аркылуу көбүрөөк маалымат ала аласыз: Кош бойлуулуктагы токсикоз жана аны үй шартында жеңилдетүү жолдору

Заара ушатуунун көбөйүшү

Кош бойлуулуктун алгачкы белгиси катары аялда адаттагыга караганда бат-баттан кичине дааратка баруу муктаждыгы пайда болушу мүмкүн. Кош бойлуулук учурунда денедеги кандын көлөмү көбөйөт, бул кош бойлуу аялдын бөйрөктөрүнө түшүүчү кошумча суюктукту иштеп чыгууга алып келет. Ал эми бул өз кезегинде заара бөлүнүп чыгышынын көбөйүшүнө себеп болот.*
Заара ушатуунун көбөйүшүнө кээде башка көйгөйлөр, анын ичинде заара чыгаруу жолдорунун инфекциясы, кант диабети, диуретиктерди кабыл алуу да себеп болорун эстен чыгарбоо керек.

Кош бойлуулуктун белгилери – экинчи даражадагы белгилер

Эгер сизде кош бойлуулуктун алгачкы белгилери байкалып, бирок кош бойлуулук тести терс жыйынтык көрсөтүп жатса, анда сиз бир аз шашылган болушуңуз мүмкүн. Бир нече күндөн кийин тестти кайталап көрүңүз. Эки-үч жумадан кийин да тест терс чыкса, этек кир келбей жатышынын себебин дарыгерге көрүнүп тактоо максатка ылайыктуу болот.

Кош бойлуу экениңиз ырасталса, жогоруда айтканыбыздай, уюлдук телефонуңузга
"Lalu" мобилдик тиркемесин орнотуп алыңыз. Жана дени сак баланы жарык дүйнөгө алып келүү сыяктуу жоопкерчиликтүү милдетти жеңилирээк аткарыңыз.

Мобилдик колдонмону бул шилтеме аркылуу жүктөп алсаңыз болот: https://bit.ly/lalu-app

Төрөөгө ыңгайлуу мезгилиңизди азыр табыңыз

Акыркы этек кириңизди жана цикл узактыгын киргизиңиз — акысыз эсептегич алты күнүңүздү көрсөтөт.

Бөлүшүү

Lalu медициналык эксперти

Цикл, кош бойлуулук жана бала мазмунубузду жазган жана текшерген Lalu клиникалык тобунун мүчөсү.

Окууну улантыңыз

Бардык макалалар
Ата-эне болууга карай

Эгиз кош бойлуулуктун ыктымалдуулугу эмнелерден көз каранды?

Эгиз балалуу болуу мүмкүнчүлүгүн кантип жогорулатуу керектиги жөнүндө көптөгөн уламыштар бар. Аялда эгиз кош бойлуу болуу ыктымалдыгын жогорулатуунун далилденген ыкмалары жок болсо да, мындай кош бойлуулуктун пайызын жогорулатуучу белгилүү факторлор бар.

Ата-эне болууга карай

Жатындан тышкары кош бойлуулук кандай татаалдашууларды алып келиши мүмкүн?

Эктопиялык кош бойлуулук эмбрион жатындын ички катмарынан башка жерге жайгашкан учурда пайда болот. Бул өмүргө кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Көбүнчө эктопиялык кош бойлуулукта түйүлдүк жатын түтүктөрүндө (фаллопия түтүгү) жайгашкан болот, бирок ал энелик безде же курсак көңдөйүндө да болушу мүмкүн.

Ата-эне болууга карай

Овуляциянын белгилери: оору, бөлүндүлөр, ректалдык температура

Репродуктивдүү саламаттыгына кайдыгер болбогон ар бир аял овуляция жана анын өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалыматка ээ болушу керек. Бул макала аркылуу овуляция белгилери жөнүндө толук маалымат берип өтөбүз.