Lalu
Кантип иштейт Функциялары Эсептегичтер Төрөт күнү Овуляция Жума → ай ХГЧ Өнөктөш режими Макалалар КБС
Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурунда ысытма чыгышы – себептери, коркунучу жана ысытманы түшүрүү ыкмалары

Кош бойлуулук учурунда ысытма чыгышы жөнүндө билишиңиз керек болгон маанилүү нерселер, анын ичинде кош бойлуу аялдарда ысытма эмне экендиги, дене табы көтөрүлүп, ысытма чыкканда кандай дары ичүүгө боло тургандыгы жана ысытма сизге жана өсүп жаткан балаңызга алып келиши мүмкүн болгон коркунучтарды минималдаштыруу үчүн дарыгерге кайрылуунун маанилүүлүгү жөнүндө төмөнкү макала аркылуу маалымат берип өтөбүз.

Кош бойлуулук учурунда ысытманын чыгышы менен кош бойлуулукка мүнөздүү ысып кетүүнү айырмалоо кыйын болушу мүмкүн.

Кош бойлуулук мезгилинде ысытманын чыгышы жөнүндө билишиңиз керек болгон маанилүү нерселер, анын ичинде кош бойлуу аялдарда ысытма эмне экендиги, дене табы көтөрүлүп, ысытма болгондо кандай дары ичүүгө боло тургандыгы жана ысытма сизге жана өсүп жаткан балаңызга алып келиши мүмкүн болгон коркунучтарды азайтуу үчүн дарыгерге кайрылуунун маанилүүлүгү жөнүндө төмөнкү макалада маалымат беребиз.

Кош бойлуулукта ысытма деген эмне?

Ысытма жөнүндө сөз болгондо, термометрдеги сандар симптомдоруңуздун канчалык оор экенин көрсөтөт. Адаттагыдай эле, кош бойлуулук учурунда да эрежелер бирдей: 37,7 oC градус жана андан жогору дене температурасы ысытма деп эсептелет.

Эгер температураңыз 38,0 oC градуска жетсе же андан ары жогорулай берсе, түн ортосу болсо да дарыгерге кайрылыңыз.

Эгер сизде суук тийүүнүн же сасык тумоонун белгилери байкалбаса жана ысытмаңыз 37,7 oC градуска көтөрүлсө, дароо парацетамол менен түшүрүүнү баштаңыз жана ошол эле күнү дарыгериңизге чалыңыз, же эгер температураңыз түн ортосунда көтөрүлсө, эртеси эртең менен кайрылсаңыз болот.

Жалпысынан алганда, 37,7 oC градуска чейинки төмөнүрөөк ысытма же температура адатта сиз ойлогондой тынчсыздандыра турган нерсе эмес. Айтмакчы, бул көңүл бурбай коюла турган нерсе да эмес. Ошондуктан сандар жогорулап кетпегенин текшерүү үчүн термометр менен өлчөп, дене температураңызды байкап туруңуз.

Кызыктуу: Кош бойлуулук учурундагы токсикоз жана аны жеңилдетүү ыкмалары

Кош бойлуулук учурунда дене табынын көтөрүлүшүнө эмне себеп болот?

Суук тийүү (ОРВИ)

Чындыгында, кош бойлуулук учурунда суук тийүү сыяктуу кеңири таралган вирустук инфекцияларга дуушар болуу ыктымалдыгы жогору. Анткени бул мезгилде иммундук системаңыз өзгөрүүлөргө дуушар болот жана денеңиз бөтөн деп эсептеген түйүлдүгүңүздү четке кагуудан коргойт. Натыйжада, адаттагыга караганда, кош бойлуулук мезгили учурунда көбүрөөк суук тийгизип алышыңыз мүмкүн. Бул инфекциялардын натыйжасында болсо, ысытма чыгышы байкалат.

Грипп

Суук тийүү сыяктуу эле, кош бойлуулук учурунда иммундук системанын өзгөрүшү сасык тумоону жуктуруп алуу коркунучун жогорулатышы мүмкүн.

Төмөнкү даражадагы ысытма суук тийүү сыяктуу кооптуу вирустук инфекциянын натыйжасы, жогорку ысытма болсо сасык тумоонун белгиси эсептелет. Сасык тумоо менен ооруганда ысытма сыяктуу белгилерден тышкары, дененин оорушу жана калтыроо да пайда болот.

Көңүл буруңуз! Болочок энелердин кош бойлуулук учурунда сасык тумоо менен оорубашы, мүмкүн болушунча анын алдын алышы түйүлдүктүн саламаттыгы үчүн чоң мааниге ээ!

Бактериялык инфекциялар

Кээде ысытма антибиотиктерди талап кылышы мүмкүн болгон бактериялык инфекциядан, мисалы, сийдик жолдорунун инфекциясы, бөйрөк инфекциясы же тамактагы стрептококк сыяктуу бактериялык инфекциялардан улам келип чыгышы мүмкүн.

Листериоз

Жалпысынан, листериоз менен ооруп калуу ыктымалдыгы өтө төмөн болсо да, кош бойлуу аял кош бойлуулук учурунда түрдүү оорулардан сак болушу керек.

Кош бойлуулук учурунда листерия бактерияларына туш болбош үчүн кош бойлуу аялдар чийки эт, балык жана пастеризацияланбаган сырды жегенден оолак болушу керек, бул дагы жогорку температураны пайда кылышы мүмкүн.

Кош бойлуулукта дене табынын көтөрүлүшү жана COVID-19

Кош бойлуулукта дене табынын көтөрүлүшүнүн себеби жаңы коронавирус оорусу болгон COVID-19 да болушу мүмкүн. Эгер сиз COVID-19 менен ооруп калдым деп ойлосоңуз, дароо дарыгерге кайрылыңыз, анткени кош бойлуу аялдарда бул оору дарыланбаса, олуттуу татаалдашууларды пайда кылышы мүмкүн.

Тиешелүү: Кош бойлуулук учурундагы инфекциялар: эң коркунучтуу инфекциялар жана алардан коргонуу ыкмалары

Дене табын түшүрүү ыкмалары

Кош бойлуулукта дене табы көтөрүлгөнү байкалса, албетте, дарыгерге кайрылып, мунун себебин аныктоо жана ошого жараша аракет кылуу керек.

Дарыгердин кабыл алуусуна барганга чейин, дене табын түшүрүү үчүн парацетамол препаратын ичүүгө болот. Кош бойлуу учурунда, эгерде адис тарабынан сунушталбаса, курамында аспирин жана ибупрофен бар препараттарды кабыл алууга болбойт.

Кош бойлуулук учурунда ысытма чыгышы байкалганда үй шартында бир нече амалдарды аткаруу аркылуу дене температурасын белгилүү бир деңгээлде нормалдаштыруу мүмкүнчүлүгү бар:

Кош бойлуулук учурунда ысытма чыгышынын профилактикасы

Колдоруңузду тез-тез жууп туруу аркылуу суук тийүүдөн же сасык тумоодон сактаныңыз, оорулуу адамдар менен жолукпаңыз жана коомдук жайларда көп болбоңуз.

Эгерде сиз кош бойлуу болсоңуз же кош бойлуулукту пландап жатсаңыз, сасык тумоо температураны гана көтөрбөстөн, башка татаалдашууларды да жаратышы мүмкүн экендигин эске алып, сасык тумоо мезгили башталганда сасык тумоого каршы эмдөө алыңыз.

Кош бойлуулуктун башында дене табы көтөрүлүшү мүмкүнбү?

Чындыгында, кош бойлуулук учурунда каалаган убакта дене табыңыз көтөрүлүшү мүмкүн. Анын ичинде алгачкы мөөнөттөрдө да.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, кош бойлуу аялдардын болжол менен үчтөн бир бөлүгүндө кош бойлуулук учурунда дене табы көтөрүлөт жана көпчүлүгү дени сак балдарды дүйнөгө келтиришет.

Бирок кош бойлуулук учурунда каалаган убакытта дене табы көтөрүлүшү мүмкүн болсо да, кош бойлуулуктун алгачкы жумаларындагы сасык тумоо жана ушул сыяктуу жугуштуу оорулардан келип чыккан жогорку дене табы кийинчерээк ушул себептер менен учурашы мүмкүн болгон дене табынын көтөрүлүшүнө караганда кыйла кооптуу экендиги байкалган. Башкача айтканда, алгачкы мөөнөттөрдө байкалган сасык тумоо, суук тийүүлөрдүн түйүлдүк үчүн кооптуу болуу ыктымалдыгы жогору.

Илимий басылмаларда жарыяланган дене табынын көтөрүлүшүнө байланыштуу изилдөөлөр көрсөткөндөй, биринчи триместрде жогорку температуранын болушу ар кандай тубаса кемтиктердин өнүгүү коркунучун жогорулатат.

Кош бойлуулук учурунда дене табынын көтөрүлүшү түйүлдүккө кандай таасир этиши мүмкүн?

Ысытма кош бойлуулугуңузга таасир этиши ыктымалдан алыс эмес. 37,4-37,6 oC даражага чейинки жеңил ысытма адатта тынчсызданууну жаратпайт жана өсүп жаткан балаңызга олуттуу таасирин тийгизбейт.

Бирок жогорку ысытма кооптуу болушу мүмкүн, ошондуктан бул сандардын көтөрүлүшүн көргөндө, дарыгерге кайрылуу жана жогоруда белгиленген ыкмалар менен ысытманы түшүрүү абдан маанилүү.

Дарыланбай калган жогорку деңгээлдеги ысытманын татаалдашуусунан аял жана түйүлдүк жабыркашы ыктымалдыгы көбүрөөк болсо да, буга ысытманын өзү түздөн-түз себеп болбошу мүмкүн. Адатта, мүмкүн болгон татаалдашууларга сасык тумоо сыяктуу инфекциялар же кандайдыр бир абал себеп болот.

Ошондой эле, кош бойлуулук учурунда дене температурасынын көтөрүлүшүнө кайдыгер болуп, ысытманын себептери менен күрөшпөгөн кош бойлуу аялдардын ымыркайларында аутизм оорусунун коркунучу бар экендиги да кээ бир изилдөөлөрдө аныкталган.

Бирок көп кабатыр болбоңуз, анткени мындай жагдайдын болуу ыктымалдыгы өтө төмөн жана изилдөө боюнча так корутундуларды чыгаруудан мурда дагы көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүү керек.

Жыйынтыктап айта турган болсок, түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алуу жана дарыгер менен кеңешип, тез арада дарылануу кош бойлуулукта ысытма чыгышына каршы эң жакшы коргонуу каражаты болуп саналат.

Төрөөгө ыңгайлуу мезгилиңизди азыр табыңыз

Акыркы этек кириңизди жана цикл узактыгын киргизиңиз — акысыз эсептегич алты күнүңүздү көрсөтөт.

Бөлүшүү

Lalu медициналык эксперти

Цикл, кош бойлуулук жана бала мазмунубузду жазган жана текшерген Lalu клиникалык тобунун мүчөсү.

Окууну улантыңыз

Бардык макалалар
Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурунда кан басымынын жогорулашы кооптуубу?

Кош бойлуулуктун каалаган мезгилинде жогорку кан басымы же гипертензия болушу мүмкүн. Кош бойлуулукта кан басымынын жогорулашы аялга көбүрөөк таасир этет. Эгерде ал дарыланбаса, оору аялдын өзүнүн жана болочок баласынын ден соолугу менен байланыштуу олуттуу көйгөйлөрдү келтирип чыгарышы мүмкүн.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук холестазы түйүлдүктө же кош бойлуу аялда кандай татаалдашууларды келтириши мүмкүн?

Кош бойлуулуктун боор ичиндеги холестазы, көбүнчө кош бойлуулук холестазы деп аталат, бул кош бойлуулуктун акыркы мөөнөттөрүндө пайда болгон боор оорусу.

Кызыл чырак - кооптуулук белгилери

Кош бойлуулук учурунда ич катуунун зыяндуу жактары барбы?

Ич катуунун себеби кош бойлуулуктун кайсы баскычында жүрүп жаткандыгына байланыштуу. Буга төмөнкү мүмкүн болгон себептер кирет: