Кош бойлуу аялдар бүйлөсүнүн канашы боюнча стоматологго кайрылганда, аларга кош бойлуулук гингивити (бүйлөнүн сезгенүүсү) диагнозу коюлушу мүмкүн.
Кош бойлуу аялдардын болжол менен 60-75 пайызынын бүйлөлөрү шишип, кызарган абалда болот. Бүйлөлөр назик жана сезгич болгондуктан, тиштер кадимки тиш щёткасы менен жуулганда канап кетет. Бул оору бүйлө сезгенүүсүнүн жеңил түрлөрүнүн бири болгон кош бойлуулук гингивити болуп эсептелет.
Кош бойлуулук гингивити тиштин этинин тиш кебээриндеги бактерияларга сезгичтигинин жогорулашынан, гормоналдык өзгөрүүлөрдөн келип чыгат. Жалпысынан алганда, кош бойлуулук мезгилинде аялдарда прогестерон менен эстрогендин деңгээли өтө жогору болот, натыйжада былжыр челдерде кандын агымы көбөйөт, бул болсо тиш этинин сезгичтигин жогорулатат.
Кош бойлуулук гингивитинин себептери
- Гормондордун өзгөрүшү;
- Рациондогу өзгөрүүлөр;
- Шилекей бөлүнүп чыгышынын азайышы;
- Шилекейдеги өзгөрүүлөр;
- Тиш пастасынын таасири;
- Кусуу жана алсыздык.
Кош бойлуулук гингивити өрчүп жаткан түйүлдүккө кандай таасир этет?
Эгерде сиз тиштерди таза кармоо гигиенасын сактасаңыз, кош бойлуулук гингивити сизге же наристеңизге зыян келтирбейт. Бүйлө оорусу эрте төрөткө алып келиши мүмкүн деген көз караштар бар, бирок бул оорунун оор түрү менен ооруган аялдар үчүн гана коркунучтуу болушу мүмкүн.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бүйлө оорусунун оор түрү эрте төрөт, ымыркайдын аз салмакта төрөлүшү жана ал тургай преэклампсия (кан басымынын көтөрүлүшү) сыяктуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Башка изилдөөлөр болсо, бүйлө оорусу менен мындай олуттуу татаалдашуулардын ортосундагы байланышты четке кагат.
Кош бойлуулукта бүйлөнүн канашы качан башталат?
Кош бойлуулуктун экинчи триместринде ар кандай гормоналдык өзгөрүүлөрдөн улам тиштин эти кыйла жумшак жана сезгич болуп калганына карабастан, адатта, эстроген жана прогестерондун деңгээли эң жогорку чегине жеткен үчүнчү триместрде тиштин этинен кан агуу байкалат. Биринчи триместрдеги сезгич тиштин эти кош бойлуулуктун алгачкы белгиси болушу мүмкүн.
Кош бойлуулук учурунда тиштерге кам көрүү
Тиштерге кам көрүүнү ооз көңдөйүн таза сактоодон баштаңыз:
- Күнүнө кеминде эки жолу (мүмкүн болсо, ар бир тамактан кийин) жумшак щетка жана фтордуу тиш пастасы менен кылдат тазалап жууңуз. Ошондой эле, ар түрдүү симптомдордун алдын алуучу атайын гингивитке каршы тиш пасталарын пайдаланыңыз;
- Күн сайын тиштерди тиш жиби менен тазалаңыз;
- Фтордуу, алкоголсуз ооз чайкоочу каражатты колдонуңуз;
- Мүмкүн болсо, шекерди колдонууну чектеңиз, анткени ал тиштерде кебээр пайда болуу ыктымалдыгын жана ооздогу бактериялардын санын көбөйтүшү мүмкүн.
Ар кандай оорунун алдын алуу үчүн үзгүлтүксүз түрдө тиш дарыгерине кайрылыңыз. Туруктуу текшерүүлөргө кошумча, төмөнкү учурларда дароо тиш дарыгерине чалыңыз:
- Тиш оорусу;
- Бүйлөлөрдүн тез-тез канашы;
- Бүйлө оорусунун башка белгилери, мисалы, бүйлөнүн шишиши же сезгичтиги, тиш менен бүйлөнүн ажырашы, туруктуу жагымсыз жыттын чыгышы же тиштердин бошоңдошу;
- Ооз көңдөйүндө түрдүү жаралардын пайда болушу;
- Ооз көңдөйүнүн уюшу.
Кош бойлуулук гингивитин кантип дарылоого болот?
Тиш дарыгерлери кош бойлуулук гингивитин дарылоодо бир катар процедураларды, анын ичинде антибиотиктерди жана бүйлө ооруларына каршы ооз чайкоочу каражаттарды сунуштайт. Оор абалдарда болсо хирургиялык операция өткөрүлүшү да мүмкүн.
Бул антибиотиктер жана ооз чайкоочу каражаттар, адатта, кош бойлуу аялдар үчүн коопсуз, бирок алардын өсүп жаткан ымыркайдын ден соолугуна тийгизген таасири жөнүндө эч кандай изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Мындай каражаттарды дайындоодо тиш дарыгерлери сиздин кош бойлуулугуңузду, төрөткө канча убакыт калганын жана учурдагы аллергиялык абалыңызды эске алышы жана процедура толугу менен коопсуз экенине ынанышы керек.