Кургак көз синдрому – көздөгү нымдуулуктун жетишсиздигинен келип чыккан көздүн кургап кетүү абалы, ал аялдарда көбүнчө гормоналдык өзгөрүүлөр мезгилинде, мисалы, кош бойлуулук же эмчек эмизүү учурунда байкалат. Кош бойлуулукта кургак көз синдрому адатта чоң гормоналдык өзгөрүүлөрдөн улам биринчи триместрдин аягында «күч алат».
Кош бойлуулук мезгилинде байкалган гормоналдык өзгөрүүлөр көздүн кургашына себеп болушу мүмкүн.
Адатта, кош бойлуулукта көздүн кургашы тынчсыздандырган, бирок зыянсыз абал. Төрөттөн кийин бир нече жума өтүп, гормондордун деңгээли турукташканда, бул абал көбүнчө жоголот.
Кош бойлуулукта көздүн кургашынын белгилери
Кош бойлуулукта көздүн кургашы сизде көптөгөн ар кандай белгилер менен коштолушу мүмкүн, анын ичинде симптомдор эки көзүңүздө тең пайда болушу мүмкүн. Бул белгилер төмөнкүлөрдөн турат:
- кызаруу;
- көздөн жаш агуу (бул күтүлбөгөндөй сезилиши мүмкүн, бирок бул организм көйгөйдү чечүүгө аракет кылганда болот)
- көздүн кычышуусу, ачышуусу же сайгылашып оорушу;
- көздүн бүдөмүктөнүшү же анда бир нерсе бардай сезилиши;
- ойгонгондо жабышып калган кабактар;
- контакттык линзаларды тагууда кыйналуу;
- жарыкка сезгичтик;
- түнкүсүн жакшы көрө албоо;
- чарчаган көздөр.
Пайдалуу: Кош бойлуулукта курсактагы өзгөрүүлөр
Кош бойлуулукта көздүн кургашынын себептери?
Кургак көз синдрому ар бир адамда пайда болушу мүмкүн болгон кеңири таралган оору. Бул адатта көздөрүңүз нымдуу жана жайлуу болушу үчүн жетиштүү көз жаш чыгарбаганда болот.
Көз жаш жөн гана суу эмес. Ал суу, былжыр жана майлардан турат. Бул назик аралашма көздөрүңүздү нымдуу жана таза сактоого жардам берет. Кош бойлуулукта адатта бул абал гормондоруңуздун деңгээли өзгөрүшүнүн натыйжасында өрчүйт.
Гормоналдык өзгөрүүлөр дени сак кош бойлуулук үчүн маанилүү, бирок алар көздүн кургашы сыяктуу терс таасирлерди да жаратышы мүмкүн. Эгер сиз кош бойлуу болсоңуз жана күтүүсүздөн көзүңүздүн кургап калганын байкасаңыз, бул кадыресе көрүнүш, анткени кош бойлуулук гормондору денеңиздин азыраак көз жаш иштеп чыгышына себеп болот.
Кош бойлуулукта көздүн кургашына себеп болуучу башка коркунуч факторлору:
- аллергия;
- контакттык линзаларды тагуу;
- суусуздануу;
- ысык бөлмөдө болуу;
- күн тийген сыртта көп жүрүү;
- суукта же шамалда сыртта болуу;
- аутоиммундук оорулар;
- А витаминине бай азык-түлүктөрдү жебөө;
- компьютер же телефон экранын узак убакыт колдонуу.
Маанилүү: Кош бойлуу кездеги дем кысылуу
Кош бойлуу кезде көз кургашы үчүн коопсуз каражаттар
Төмөнкү ыкмалар кош бойлуу кезде көз кургашынын алдын алууга жардам берет:
- көп суу ичүү, айрыкча токсикоз болуп, кусуп жатсаңыз;
- көп өлчөмдөгү мөмө жана жашылчалар менен бир калыпта тамактануу;
- пренаталдык витаминдерди кабыл алуу (жана гинекологуңуз сунуштаган болсо, башка кошулмаларды);
- кургак абаны жоюу үчүн үйдө нымдагычты колдонуу;
- абаны нымдуу жана таза сактоого жардам берүүсү үчүн үйдө өсүмдүктөрдү өстүрүү;
- ачык абада жүргөндө көзүңүздү шамалдан жана күндөн коргоо үчүн көз айнек тагынуу;
- экранга узак убакыт тигилип кароодон сактануу;
- рецептсиз сатылуучу жасалма көз жашын колдонуу.
Пайдалуу: Кош бойлуу кезде табиттин жоголушу жана аны жеңилдетүү жолдору
Дарылоо
Кош бойлуу кезде көздөгү айрым өзгөрүүлөр көздүн кургашынан да олуттуураак болушу мүмкүн. Кош бойлуулукта көздүн кургашын четтетүү бир катар профилактикалык чаралар менен катар, офтальмолог тарабынан көрсөтүлүүчү медициналык дарылоо процедуралары аркылуу жүргүзүлөт.
Көздөгү айрым белгилер преэклампсия сыяктуу олуттуу абалдын бар экенин көрсөтүшү мүмкүн. Эгер көзүңүздө төмөнкү белгилер пайда болсо, күтпөстөн, дароо дарыгериңизге, төрөт үйүнө же тез жардамга кайрылыңыз (айрыкча алар баш оору же күтүлбөгөн жерден пайда болгон шишик менен коштолсо):
- көрүүнүн начарлашы (бүдөмүктөшү);
- түстү ажыратуудагы өзгөрүүлөр;
- көрүү талаасындагы кара тактар, бүлбүлдөгөн жарык, калкып жүргөн элестер жана көрүүдөгү башка бардык адаттан тыш өзгөрүүлөр;
- көңүлдү топтой албоо;
- убактылуу же кыска мөөнөттүү көрбөй калуунун башталышы.
Эгер сизде төмөнкү ден соолук көйгөйлөрүнүн бири болсо, кош бойлуулук учурунда көздө олуттуу өзгөрүү пайда болуу коркунучу бар:
- кош бойлуулукка чейин эле болгон кант диабети (1- же 2-типтеги);
- жогорку кан басымы;
- бөйрөк оорулары.
Ошондуктан, кош бойлуулукта көздүн кургашы тынчсыздандырса, сөзсүз офтальмологдун кароосунан өтүңүз. Ал эми көрүү күтүлбөгөн жерден бүдөмүктөсө, көз алдында жаркылдаган жарык же кара тактар пайда болсо, офтальмологдун кабыл алуусун күтпөңүз – дароо акушер-гинекологуңузга, төрөт үйүнө же тез жардамга кайрылыңыз, анткени бул преэклампсиянын белгиси болушу мүмкүн.
Бул макала www.aoa.org жана www.healthline.com басылмаларынын маалыматтарынын негизинде «Lalu» командасы тарабынан даярдалды.