Ымыркайлардагы суусуздануу — бул нормалдуу жашоо ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн организмде жетиштүү суюктуктун жок болушу.
Баланын денеси болжол менен 75% суудан турат жана суу ар бир клетканын курамдык бөлүгү болуп саналат. Суу дене температурасын көзөмөлдөө, органдар менен ткандардын бүтүндүгүн сактоо, клеткаларга азык заттарды ташуу жана башка турмуштук көрсөткүчтөр үчүн маанилүү роль ойнойт.
Балаңыз күн сайын заара ушатуу, заңдоо, тердөө, ыйлоо жана ал тургай дем алуу аркылуу белгилүү өлчөмдө сууну жоготот. Баланын организминдеги суу ал тамактанганда же суюктук ичкен сайын алмашат.
Бир катар факторлор организмде суунун жоготулушу жана кайра орду толтурулушу ортосундагы тең салмактуулукту бузушу мүмкүн. Мисалы, эгерде балаңыз кусса же анда диарея абалы болсо, ал суюктукту тезирээк жоготот, бул болсо баланын суусуздануусуна алып келиши мүмкүн.
Ымыркайлардагы суусуздануу белгилери
Ымыркайларда суусуздануунун эң көп кездешкен белгилери төмөнкүлөр:
- Өтө кочкул сары же кызгылт сары түскө окшош концентрацияланган заара;
- Ич катуу;
- Эриндердин кургашы;
- Ооздун кургашы;
- Былжыр челдердин кургак болуп калышы;
- Ашыкча уйкучулук;
- Кыжырдануучулук;
- 24 саат ичинде алтыдан аз нымдуу жалаяк;
- Бөтөлкөнү алууга же эмүүгө кызыгуунун жоголушу;
- Ыйлаганда көз жаштын чыкпашы;
- Кубаруу;
- Баланын башында мембрана менен капталган боштук (жумшак чекит);
- Териде бырыштардын болушу.
Ымыркайларда суусуздануу абалы тез эле пайда болушу мүмкүн. Айрыкча балаңыз ооруп, денеси ысып же тамактануусунда көйгөйлөр болсо, бул белгилерден сак болуңуз. Жана дароо педиатрга кайрылыңыз.
Ымыркайлардагы суусуздануунун себептери
Бир катар факторлор суусузданууга алып келиши мүмкүн. Суусуздануунун ар кандай жаштагы адамда белгилүү бир таасири болсо да, ал чоңдорго караганда жаш балдарда көбүрөөк учурайт.
Эмчектеги балдардын жана жаңы төрөлгөн ымыркайлардын суусуздануусунун себептеринин арасында:
- Эмчек эмизүүгө байланыштуу көйгөйлөр: эгерде эмчек сүтү менен тамактанган ымыркайлар туура соро албаса, эмчек сүтүн тез-тез же узак убакыт бою эмбесе же эмчек сүтүнүн жетишсиздиги менен байланыштуу көйгөй болсо, энесинин эмчек эмизүү боюнча билими жок болгондуктан туура эмизе албаса, баланын денеси суусузданышы мүмкүн;
- Шишеден тамактандырууга байланыштуу көйгөйлөр;
- Диарея;
- Ысытма: Балаңыздын дене табынын көтөрүлүшү суюктуктун көбүрөөк жоголушуна алып келиши мүмкүн;
- Жогорку температура, өтө нымдуулук же ысык күндүн астында ачык абада көп убакыт өткөрүү — тердөөгө жана баланын териси аркылуу суюктуктун бууланышына алып келиши мүмкүн;
- Тамактануудан баш тартуу — мурундун бүтөлүп калышы, кулак же тамак оорусу сорууга жана жутууга тоскоол болушу мүмкүн;
- Кусуу.
Дарылоо
Ымыркайдын суусуздануусун дарылоо оорунун себебине жана оордугуна, айрыкча баланын жашына жараша болот.
Оор суусуздануу өтө кооптуу, жадагалса өмүргө кооптуу жагдайлардын келип чыгышына себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан, эгер симптомдор байкалса, дарыгерге кайрылыңыз. Баланын азыркы абалынан тынчсызданып жатсаңыз, шашылыш жардам суроодон тартынбаңыз.
Маалымат үчүн, Америка педиатрия академиясы ымыркайларга 6 айдан баштап гана суу берилиши керектигин жана алардын күнүмдүк керектөөсү 0,5-1 стакан (118-236 мл) менен чектелиши керектигин баса белгилейт.
Балаңызда төмөнкү абалдар байкалса, дароо медициналык жардамга кайрылыңыз:
- Тырышып жаткандай көрүнсө;
- Эмгегинде чуңкурлук (чөгүү) болсо;
- Сегиз сааттан ашык тынымсыз диарея болсо;
- Эмчекти же бөтөлкөнү жакшы соро албаса;
- 3 айдан кичине жана температурасы болсо;
- Эки жолу тамактандыргандан кийин да кусса;
- Башка узакка созулган же оор суусуздануу белгилери бар болсо.
Алдын алуу
Суусуздануунун алдын алуунун эң жакшы жолу – белгилерин билүү жана себептерин түшүнүү гана эмес, анын кантип алдын алууну да билүү.
- Жаңы төрөлгөн балага көңүл буруңуз;
- Ымыркайды туура кароо боюнча билим жана көндүмдөрдү өздөштүрүңүз;
- Нымдуу жалаяктарды жана салмак кошууну байкаңыз;
- Өтө ысык чөйрөдөн алыс болуңуз;
- Көп өлчөмдө суу берүүдөн сактаныңыз;
- Микробдордун таралышынын алдын алыңыз.