Кээ бир аялдарда кош бойлуулуктун алгачкы баскычтарында ич катуу байкалат, ал эми башка аялдарда ал таптакыр байкалбашы мүмкүн.
Бул макалада биз кош бойлуулук учурунда эмне үчүн ич катат, башкача айтканда ич катуунун себептерин жана аялдардагы мындай ыңгайсыздыкты жеңилдетүү үчүн үй шартында колдонула турган коопсуз дарылоо чараларын талкуулайбыз.
Себептери
Ич катуунун себеби кош бойлуулуктун кайсы баскычында болуп жаткандыгына байланыштуу. Буга төмөнкү мүмкүн болгон себептер кирет:
Гормондор: гормондордун өлчөмүнүн өзгөрүшү эрте кош бойлуулукта ичегилердеги кыймылдын, ичегилерден заңдын чыгышынын жайлашына себеп болот.
Мында жоон ичегиде суунун сорулуу өлчөмү күчөйт, бул болсо заңдын катуу болуп калышына алып келет.
Кош бойлуулук витаминдери: Пренаталдык витаминдер, айрыкча анемияга каршы дарылар темирге бай, кээде бул кош бойлуулук учурунда негизги витаминдердин жетишсиздиги болуп эсептелет. Темир заңдын караюусуна, кыйын келишине жана кош бойлуулук учурунда ич катуу абалына себеп болот.
Жатын басымы: Кош бойлуулуктун кеч мезгилинде, жатындын көлөмүнүн чоңоюшунан улам ичегилерге басым болот, бул ичегилерден заңдын жылышына кыйынчылык жаратат.
Кошумча түрдө кээде ичегилердин кыймылынан тышкары ич катуунун келип чыгышына шишик, ашказандагы ыңгайсыздыктар жана кыйын, кургак, оорутуучу заң пайда болушу да себеп болушу мүмкүн.
Мунун натыйжасында ошондой эле, заңды толук чыгара албастык сезими пайда болот. Ич катуу, айрыкча кош бойлуулук мезгили учурунда көп ыңгайсыздыктарды жаратат.
Кош бойлуулук учурунда ич катууну үй шартында дарылоо
Кош бойлуулук учурунда аялда тез-тез пайда боло турган ич катууну жеңилдетүүчү, коопсуз үй шартында дарылоо ыкмалары бар. Булар:
Була: кошумча була алуу же булалуу тамактарды көбүрөөк жеш, ошондой эле мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жана бүтүн дан азыктарын жеш заңдын көлөмүнүн көбөйүшүнө жана ичегидеги массанын оңой өтүшүнө алып келет. Чоң адамдар күн сайын 28ден 34 граммга чейин була колдонушу керек.
Суюктук: жетиштүү өлчөмдө суу ичүү топтолгон заңдын жумшак жана оңой өтүшүндө маанилүү болуп эсептелет. Эгерде адам өзүнө суу жардам бербей жатканын сезсе, анда шорпо, чай жана табигый таттуу мөмө же жашылча ширелерин өз диетасына кошушу мүмкүн.
Пайдалуу: Кош бойлуу аялдар үчүн пайдалуу жашылчалар
Кыймылдуулук: активдүү болуу ичегидеги заңдын кыймылына жардам берет, дарыгердин макулдугу менен үзгүлтүксүз машыгуу ич катууну жеңилдетүүгө жардам берет. Эгерде машыгууга мүмкүнчүлүк болбосо, ар күнү жөө басууга аракет кылыңыз.
Пробиотиктер: ичегилерде миллиондогон пайдалуу бактериялар жашайт жана анын туура иштешине жардам берет. Пробиотиктер ичегидеги бактериялар менен алардын дени сак штаммдарынын көбөйүшүнө жардам берет, ичеги кыймылынын нормалдуу жана бир калыпта болушуна катышат.
Башка дарылоо ыкмалары
Эгерде жогорудагы үй шартында дарылоо усулдары жардам бербесе, дарыгер менен мунун башка варианттарын талкууласа болот.*
Аялдардын пренаталдык витаминдерди кабыл алуусу темирдин өлчөмүн ашырып жиберет, мында дарыгерлер темирдин өлчөмү аз болгон витаминдерди сунушташат.
Кош бойлуулуктагы ич катууну алгачкы медициналык дарылоо усулу бул ич алдыруучу дарылар, ал бейтаптын дааратканага баруусунда көптөгөн ыңгайлуулуктарды жана жеңилдиктерди жаратат.
Ич алдыруучу каражаттарды колдонуу адатта коопсуз, бирок стимулдаштыруучу, күчтүү ич алдыруучу дары каражаттарынан алыс болгон жакшы, анткени алар жатындын жыйрылуусун күчөтүп жибериши мүмкүн.
Көптөгөн ич алдыруучу каражаттар рецептсиз сатылганына карабастан, алардын кайсынысы коопсуз экенин дарыгер менен кеңешип колдонуу шарт.
Кош бойлуулук учурунда пайдалануу мүмкүн болгон кээ бир дарылар жөнүндө кыскача маалымат берип өтөбүз.
Аял кош бойлуулук учурунда төмөнкү коопсуз ич алдыруучу дары каражаттарын колдонушу мүмкүн:
Масса түзүүчү заттар
Алар заңдын курамына буланын кошулушуна жана көп өлчөмдө суунун сорулушуна жардам берет. Ушундай кылуу менен алар заңдын жумшак жана оңой өтүшүн камсыз кылат.
Мындай ич алдыруучу каражаттардын түрлөрү спазм жана ыңгайсыздыкты пайда кылышы мүмкүн, ошондуктан кош бойлуу аял мындай каражаттарды дарыгер менен кеңешип, аз дозадан баштап жана көбүрөөк суу менен ичиши керек.
Мисалы, масса пайда кылуучу заттар псиллиум, метилцеллюлоза жана поликарбофил заттарын өз ичине алат.
Заңды жумшартуучу каражаттар
Заңды жумшартуучу каражаттар заңда суунун жетиштүү болушуна жардам берет, бул аны жумшартып, өтүшүн жеңилдетет.
Заңды жумшартуучу каражаттар, адатта, кош бойлуу аялдарга дарыгердин сунушу боюнча рецепттин негизинде берилет.
Майлуу ич алдыруучу дары каражаттары
Майлуу ич алдыруучу каражаттар заңдын бетине жылмакай катмар кошуп же ичеги жолунда калган заңдын денеден сыртка чыгышына жардам берет.
Глицерин шамчалары – майлуу ич алдыруучу каражаттардын бир түрү. Бул суппозиторийлерди колдонуудан мурун, айрыкча кош бойлуулукта дайыма саламаттыкты сактоо адиси менен кеңешүү керек.
Осмостук ич алдыруучу каражаттар
Бул ич алдыруучу каражаттар ичегилерде суунун көлөмүн көбөйтүп, заңдын жумшак болушуна жардам берет. Алар ошондой эле ичеги аркылуу заңдын кыймылын камсыздайт.
Ич алдыруучу каражаттардын бул түрлөрү ошондой эле ичтин көбүшүнө жана спазмга алып келиши мүмкүн.
Кош бойлуулук учурундагы ич катуунун кесепеттери
Көпчүлүк учурларда кош бойлуулук учурундагы ич катуу кыска мөөнөттүү болуп, дарылоосуз же минималдуу түрдө өтүп кетет. Сейрек учурларда узакка созулган ич катуу оор абалдарга алып келиши мүмкүн, мындай абалдар пайда болгонго чейин дарыгер менен кеңешүү жана зарыл дарылоо чараларын көрүү керек.
Ич алдыруучу дарыларды үзгүлтүксүз колдонууну улантуу ичегилердин өз алдынча заң чыгаруу системасын "унутуп" коюшуна алып келиши мүмкүн.
Бул дарылар ошондой эле кээ бир адамдарда электролит жана суюктук балансынын бузулушуна алып келет.
Мындай көйгөйлөр, адатта, кант диабети же бөйрөк оорулары сыяктуу ден соолугунда башка көйгөйлөрү бар адамдарга таасирин тийгизет.
Ич алдыруучу каражаттардын түрлөрү жана аларды канчалык тез-тез кабыл алуу керектиги жөнүндө дарыгер менен кеңешүү зарыл.