Балаңыз болжол менен 1 айдан 3 айга чейинки мезгилде угуу жана сүйлөөнүн кызыктуу баскычтарын баштан өткөрөт. Буларга сиздин үнүңүздү угуп жылмайганы жана башын үн чыккан тарапка бурганы кирет. Ошондой эле бул мезгилде балдар айрым үндөрдү туурай башташат.
Бул макала аркылуу «Бала качан сүйлөйт?», «Бала канча жашында сүйлөйт?», «Баланын тили качан чыгат?» сыяктуу суроолорго кеңири жооп ала аласыз.
Үнүңүздөгү дабыштар
Табиятынан адамдын жүзүн башка визуалдык көрүнүштөрдөн артык көргөндөй эле, балаңыз да башка добуштардан адамдын үнүн жакшы айырмалай алат. Алар, негизинен, эң көп уккан үндөрүн таанышат жана аларга жооп кайтарышат. Балдар үндөрдү жылуулук, тамак-аш жана өздөрүнө болгон ыңгайлуулук менен байланыштырышат.
Жалпысынан алганда, ымыркайлар бийик чыккан үндү жакшы көрүшөт – чоңдор бул чындыкты интуитивдүү түрдө түшүнүп, өздөрү байкабастан эле ошого жараша жооп беришет.
Кийинки жолу ымыркайыңыз менен сүйлөшкөндө өзүңүздү тыңшап көрүңүз.
Балким, сиз үнүңүздү көтөрүп, сөзүңүздү жайлатып, муундарды созуп, көзүңүз менен оозуңузду адаттагыдан кененирээк ачканыңызды байкаарсыз. Мындай таасирдүү ыкма дээрлик бардык ымыркайдын көңүлүн өзүнө бурат жана адатта анын жылмаюусуна себеп болот.
Сизди жана башкаларды угуу аркылуу балаңыз сүйлөөнүн маанилүүлүгүн, сөздөрдү так түшүнүүнү же кайталоону үйрөнөт. Бир айдын ичинде алар сиз башка бөлмөдө болсоңуз да, үнүңүздөн таанып калышат.
Маанилүү: Кош бойлуулукта дене табынын көтөрүлүшү — себептери, коркунучу жана дене табын түшүрүү ыкмалары
Биринчи баарлашуу
Балаңыз менен сүйлөшүп жатканыңызда ал тынчтанып, сооронот жана бул сүйлөшүүлөрдөн ырахат алат. Балаңыз сизге жылмайганда, ал сиздин жүзүңүздөгү кубанычты көрөт жана сүйлөшүү эки тараптан тең жүрүп жатканын түшүнөт. Алгачкы баарлашуулар балага кезектешип сүйлөө, үн ыргагы, тууроо, сооротуу жана оозеки жооп кайтаруу ылдамдыгы сыяктуу баарлашуунун көптөгөн кылдат эрежелерин үйрөтөт.
Болжол менен эки айлыгында балаңыз айрым үндүү тыбыштарды (а-а-а, у-у-у) кайталай баштайт. Алгачкы 4-6 ай ичинде ал чыгарган үндөрдү, дабыштарды туураңыз, ошону менен бирге «сүйлөшүүлөрүңүздө» жөнөкөй сөздөрдү жана сөз айкаштарын колдонууга аракет кылыңыз.
Пайдалуу макала: Бала качан тик турат же бут басат?
Ымыркайдын кеби
Алгачкы наристелик курагында, балаңыз түшүнбөйт деп ойлосоңуз да, ага китеп окуп беришиңиз керек. Төрт айга чыкканда бөбөгүңүз дайыма гуулай баштайт, көбүнчө кызыктай жаңы үндөрдү (мух-мух, бах-бах) чыгарып, көпкө чейин өзүн өзү алаксытып, көңүл ачат. Ошондой эле ал үнүңүздүн ыргагына жана сөздөргө же сөз айкаштарына басым жасаганыңызга сезимтал болуп калат.
Күн сайын бала менен чогуу болгонуңузда, сиз аны качан тамактандырарыңызды, жалаягын алмаштырарыңызды, сейилдөөгө алып чыгарыңызды же уктоого жаткырарыңызды ал үнүңүздөн билип алат.
Сиздин сүйлөшкөнүңүз ага маанайыңыз кандай экенин жана мүнөзүңүз жөнүндө көп нерсени билдирет, ошондой эле анын сизге болгон мамилеси да балаңыз тууралуу көп маалымат берет. Эгер сиз ымыркайыңызга көтөрүңкү маанайда же жубатып-эркелетип сүйлөсөңүз, ал жылмайышы же күлүшү мүмкүн. Эгер ага кыйкырсаңыз же ачуулуу үн менен сүйлөсөңүз, балаңыздын коркуп кетиши же ыйлап жибериши толук ыктымал.
Билип койгон жакшы: Баланын заңында кан пайда болсо, эмне кылуу керек?
Бала качан сүйлөйт? (Курак баскычтары)
Кош бойлуу кезде да балаңыз угарын эске алсак, төрөлгөндөн кийин ымыркай толук кандуу угуу жөндөмүнө ээ болот. Ымыркай өсүп-өнүккөн сайын баланын курагына жараша угуусу жана ага болгон реакциясы да өзгөрүп турат. Бирок үндөргө жооп кайтарбаган же тил көндүмдөрү тиешелүү деңгээлде өнүкпөгөн балдарда угуу көйгөйлөрү бар деп шектенүүгө болот.
Төмөнкү жадыбал "Бала качан сүйлөйт?" деп тынчсызданган ар бир ата-энеге арналган, анда балаңызда угуу көйгөйлөрү бар же жок экенин аныктоого жардам бере турган айрым курактык маалыматтар камтылган.
Сүйлөө жана угуу баскычтары
Бардык балдар бирдей эмес экенин эске алуу керек. Балдар курагына жараша өнүгүү баскычтарына ар кандай убакта жетишет. Эгер балаңыз укпай жатат же анын сүйлөө көндүмдөрүндө күмөн туудурган нерсе бар деп ойлосоңуз, аны педиатрга, ЛОР дарыгерине көрсөтүңүз.
Макаланы даярдоодо stanfordchildrens.org жана www.healthychildren.org сайттарынын маалыматтары колдонулду, макаланы «Lalu» жамааты даярдады.