Нерселерди жогорудан көрүү балаңыз үчүн абдан толкундандыруучу болушу мүмкүн! Баланын тик турууну үйрөнүшү ал үчүн дагы бир жаңы дүйнөнү ачат жана бул абал анын өз алдынчалыгы үчүн өтө маанилүү. Ошону менен бирге, ата-эне үчүн да баланын кадам таштоосу же ага умтулуусу өтө кызыктуу жана кубанычтуу окуя болуп саналат.
Балам качан тик турат?
Кичинекейиңиз бутуна турардан мурун булчуңдарынын күчүн билип, аларды координациялай алышы керек, буга анын алгач оодарылып отурууну үйрөнүшү жардам берет.
Болжол менен алты айлыгында балаңыз сиздин жардамыңыз менен отура алат, ал эми жети же сегиз айлыгында ал өз алдынча ыңгайлуу отура алышы мүмкүн. Мындай учурда сиз баланы акырын тартып, аны колдоп-кубаттоо аркылуу ордунан турушуна жардам беришиңиз керек. Андан соң баланын бут басуу жараянын кызыгуу менен карап турсаңыз болот.
Жети айдан бир жашка чейин балаңыз өзүн өйдө тартууга аракет кылышы керек. Ал жеңил сокку менен артка жыгылуудан (отуруп калуудан) мурда бир нече мүнөт бою тик турушу мүмкүн.
Пайдалуу: Балдардын уйкусунун нормасы жана пайдасы
Бала качан бут баса баштайт?
Туулгандан баштап, балаңыз буттарын тийип турган бетке бекем тиреп, «туруу» үчүн зарыл болгон рефлекстерге ээ болот. Эгерде сиз жаңы төрөлгөн бөбөктү тизеңизде түз кармап, башын кармашына колдоо көрсөтсөңүз, ал сиздин бутуңузду жумшак түртүп жатканын сезесиз.
Үч айына келип бул рефлекс өзгөрөт жана бөбөгүңүздүн буттарынын оордугу билине баштайт. Табигый түрдө, балаңыз мындай учурда тик туруу үчүн жетиштүү күчкө ээ эмес, ошондуктан аны тик турган абалында кармап, буттарын жерге койсоңуз, ал тизелеп калат.
Кийинки бир нече айдын ичинде бала өз салмагын көтөрүү үчүн күч топтоп барат жана буттарын катуу бетке тийгизген абалда кармап турат, атүгүл мындай учурда бала өйдө-ылдый секириши мүмкүн.
Балаңыз алты айлык болгондо, эгерде сиз анын тик туруусуна жардам берсеңиз, ал өз салмагын көтөрө алат.
Жети айдан он эки айга чейинки мезгилде балаңыз эмеректи же бөлмөдөгү кандайдыр бир нерсени кармап тик турууга аракет кыла баштайт.
Жети айга чейин анын булчуңдары тик туруу үчүн жетиштүү күчкө ээ болот, бирок анда тең салмактуулукту сактоо мүмкүнчүлүгү болбойт.
Эгерде сиз баланы дивандын жанына койсоңуз, ал тең салмактуулукту сактоого жардам катары дивандын туткасын кармап, асылып калат. Бул анын алгачкы чоң аракети болуп эсептелет.
Сиз балаңыздын коопсуздугун айлананы оюнчуктардан жана курч нерселерден тазалоо жана жыгылып түшкөндө жерге коопсузураак түшүүсү үчүн жаздыктарды коюу аркылуу камсыз кылып бере аласыз.
Баланын жыгылууну үйрөнүүсү — анын тик туруусун жана басуусун өздөштүрүүнүн маанилүү бөлүгү. Сиз бул абалды болжол менен балаңыздын алты айлыгынан баштап көрүшүңүз мүмкүн.
Тогуз айлыгында балаңыздын түз туруусу жеңилдеп калганын байкашыңыз мүмкүн. Бирок, ал дагы эле ылдыйга эркин түшө албайт, тескерисинче, жеңил эле дүрс этип отуруп калат.
Балаңыз эмеректи кармап өйдө тартылганда, ал башында буттун учтарында турат. Айрым көнүгүүлөрдүн жардамы менен бала акыры буттарына толук түз турат, бул анын кыйла туруктуу абалына алып келет.
Он айдан бир жашка чейинки мөөнөттө, болжол менен бир жашка келип, балаңыз өз алдынча түз тура алышы мүмкүн. Бала тике тургандан кийин тизелерин кантип бүгүүнү жана отурууну үйрөнө баштайт.
Бул процесс да баланын өнүгүүсүнүн бардык баскычтары сыяктуу татаалыраак болот! Баланын алгачкы өнүгүү мезгилдери ата-энеден көңүл бурууну жана жоопкерчиликти талап кылат. Анткени нормадан четтөөлөр же этибарсыздыктын натыйжасында өнүгүүдө кечигүүлөр байкалышы мүмкүн.
Бул жана ушул сыяктуу өнүгүү баскычтарына көз салып туруу үчүн «Lalu» мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз жана балаңыздын нормалдуу өзгөрүүлөрүнө көз салып туруңуз.
Кызыктуу: Баланын өнүгүү баскычтары: Угуу жана үн чыгаруу
Бала бутун баспаса…
Эгер ымыркайыңыз бир жашка толгонго чейин бутуна таянууга жана түз турууга аракет кылбаса же анын азыркы өнүгүүсүнө тынчсызданып жатсаңыз, дарыгериңизге бул тууралуу айтыңыз. Бардык ымыркайлар көндүмдөрдү ар кандай өздөштүрүшөт, кээ бирлери башкаларга караганда тезирээк, ал эми башкалары жайыраак.
Эгер балаңыз эрте төрөлгөн болсо (кош бойлуулуктун 37-аптасына чейин), ал бул жана башка маанилүү этаптарга башка ымыркайларга караганда бир аз кечирээк жетиши мүмкүн экенин эске алыңыз.
Билип алган жакшы: Уйку учурунда ыйлап жаткан ымыркайды кантип тынчтандырууга болот?
Өнүгүүнүн кечигүүлөрү
Маанилүү этаптар бир аз эрте же кеч байкалышы нормалдуу болсо да, кээде кечигүүлөр адаттагыдай эмес, медициналык себептерден улам болушу мүмкүн. Кээде баланын бут таштоосу (же башка) сыяктуу маанилүү этаптар адаттагы убакыттан апталар же ал түгүл бир нече ай өткөндөн кийин да байкалбайт. Мындай абал болсо, ал өнүгүүнүн кечигиши деп бааланат.
Балаңыз менен педиатрдын кабыл алуусуна барганыңызда, дарыгер балаңыздын бул этаптарга жетишкендигин баалайт. Эгер балаңыздын көндүмдөрү нормадан тышкары болсо, дарыгер абалга себеп болгон башка медициналык көйгөйлөрдүн бар же жок экенин аныктайт.
Тик туруунун же басуунун кечигүүсүнө себеп болушу мүмкүн болгон айрым медициналык көйгөйлөр төмөнкүлөр:
- Даун синдрому;
- Мээ шалы;
- Тубаса ортопедиялык көйгөйлөр;
- Булчуң дистрофиясы.