Lalu
Кантип иштейт Функциялары Эсептегичтер Төрөт күнү Овуляция Жума → ай ХГЧ Өнөктөш режими Макалалар КБС
Дени сак эне - дени сак бала

Кош бойлуу аял үчүн пайдалуу жашылчалар

Кош бойлуу аялдар үчүн пайдалуу жашылчалар, аларды коопсуз жеш жолдору жана кооптуу жашылчалар тууралуу маалымат аласыз.

Кош бойлуу аялдарга жегенге сунушталбаган азык-түлүктөрдүн тизмеси бир караганда чексиздей сезилет. Анын ичинде ышталган эт, айрым деңиз азыктары, жадагалса курамында кофеин бар азыктар менен бир аз убакытка коштошууга туура келет. Сиз жеген нерселер балаңыздын өсүп-өнүгүшүнө таасир этет, андыктан этияттык жана тандап тамактануу эч качан ашыктык кылбайт.

Кош бойлуулук учурунда жашылчаларды туура колдонуу ымыркайды эне курсагында жүргөндө да, төрөлгөндөн кийин да өсүп-өнүгүшүнө көмөктөшүүчү маанилүү витаминдер жана минералдар менен камсыздашы мүмкүн. Бирок кээ бир жашылчалар кош бойлуу кезде кооптуу да болушу мүмкүн.

Кош бойлуулуктагы эң пайдалуу жашылчалар, ошондой эле кайсы жашылчаларды жебеш керектиги тууралуу бул макаладан кеңири маалымат ала аласыз.

Пайдалуу макала: Кош бойлуу кезде эмнелерге болбойт?

Кош бойлуу кездеги жашылчалардын пайдасы

Кош бойлуу кездеги эң мыкты жашылчалар көп өлчөмдө азык заттарды бере алат. Өз убагында, жетиштүү өлчөмдө тамактануу туура тамактануунун негизин түзөт. Сергек тамактануу азык заттардын жетишсиздигинин жана кош бойлуулуктагы кант диабетинин алдын алууга жардам берет.
Туура тамактануунун пайдалары:

Айрым маанилүү азык заттарга төмөнкүлөр кирет:

Жашылчаларды жеш кош бойлуулук учурунда жана андан кийин балаңыздын ден соолугу үчүн өтө чоң мааниге ээ.

Кош бойлуулар үчүн пайдалуу жашылчалар

Кош бойлуулук учурунда жеш үчүн эң жакшы жашылчалар төмөнкүлөр:

Дарыгердин кароосуна барганыңызда сиз жана төрөлө турган балаңыз үчүн пайдалуу болгон башка жашылчаларды да сурап билип алсаңыз болот.

Жашылчалар жана көк чөптөр жакшылап жуулгандан кийин аларды жеш коопсуз деп эсептелет.
Ал эми кош бойлуу аял буга дайыма маани бериши зарыл!

Кош бойлуулукта жегенге болбой турган жашылчалар

Кош бойлуулукта жегенге болбогон айрым жашылча түрлөрү да бар. Мунун баары балаңызга зыяндуу бактерияларды жуктуруп алуу коркунучун жогорулатышы мүмкүн:

Канча жашылча жеш керек?

Кадимкиден көбүрөөк ачка болуу сезими табигый көрүнүш, анткени сизде тамактанууга болгон муктаждык салыштырмалуу жогору. Көбүнчө кош бойлуу кезде азыраак жана бат-баттан тамактануу сунушталат. Сизде тамак сиңирүү менен байланышкан көйгөйлөр болушу мүмкүн. Аз-аздан жана бат-баттан тамактануу бул көйгөйлөрдүн ыктымалдыгын азайтат.

Кош бойлуу аял күнүнө 300 грамм (төрт порция) же андан көп чийки же бышырылган жашылча жеши сунушталат.

Менюга жашылчаларды кантип киргизүү керек?

Жашылчаларды даярдоонун сиз карап көрсөңүз боло турган кызыктуу ыкмалары бар. Жашылчаларды кинза, райкан сыяктуу табигый татымалдар менен кууруу аларды ого бетер даамдуу кылат. Жакшылап тазаланган жашылчаларды кесип, майдалап жана бышырып жеңиз.

Эгер анча жактырбаган жашылчаны жегенге аракет кылып жатсаңыз, аны башка жашылчаларга кошуп бышырсаңыз болот.

Бул макала allaboutwomenmd.com жана www.webmd.com маалыматтарынын негизинде «Lalu» жамааты тарабынан даярдалды.

Төрөөгө ыңгайлуу мезгилиңизди азыр табыңыз

Акыркы этек кириңизди жана цикл узактыгын киргизиңиз — акысыз эсептегич алты күнүңүздү көрсөтөт.

Бөлүшүү

Lalu медициналык эксперти

Цикл, кош бойлуулук жана бала мазмунубузду жазган жана текшерген Lalu клиникалык тобунун мүчөсү.

Окууну улантыңыз

Бардык макалалар
Дени сак эне - дени сак бала

Мастит оорусунун себептери жана дарылоо ыкмалары

Мастит — бир же эки эмчектеги сүт безинин ткандарында инфекция пайда болушу менен коштолгон оору. Бул көбүнчө эмчек эмизген аялдарда пайда болот.

Дени сак эне - дени сак бала

Төрөттөн кийин аялды коркунучтан эскертүүчү белгилер

Төрөттөн кийин денеңиз көп өзгөрүүлөрдү баштан өткөрөт жана аны калыбына келтирүү үчүн убакыт керек. Төрөгөндөн кийин бир жума бою оору жана өтө катуу чарчоо сыяктуу ыңгайсыздыкты сезүү кадимки көрүнүш. Бирок кээ бир аялдарда төрөттөн кийин олуттуу, өмүргө коркунуч туудурган ден соолук көйгөйлөрүнүн кесепеттери болот. Эгер өзүңүздү кандай сезип жатканыңызга тынчсызданып жатсаңыз же оору, ыңгайсыздыктар болсо, дарыгериңизге кайрылыңыз.

Бөбөктөр жана майда оорулар

Колика ымыркайдын ыйлашына себеппи?

Колика — бул дени соо баланын өтө узак убакыт, эч кандай себепсиз ыйлашы. Бул ымыркайдын жашоосунун алгачкы 6 жумасында эң көп байкалат. Адатта 3-4 айлык убагында өз-өзүнөн жоголот.