Lalu
Кантип иштейт Функциялары Эсептегичтер Төрөт күнү Овуляция Жума → ай ХГЧ Өнөктөш режими Макалалар КБС
Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулукта зааранын курамында белоктун болушу

Бөйрөктүн негизги милдеттеринин бири — кандын курамындагы организм үчүн керектүү заттарды, мисалы, белокторду кармап калып, калган калдык заттарды заара аркылуу чыгарып жиберүү. Эгерде белок организмде калбастан заара аркылуу сыртка чыгып жаткан болсо, б.а. анализде заарада белок аныкталса, бул бөйрөктө кандайдыр бир көйгөй бар экенин билдирет.

Бөйрөктөр дайыма өтө активдүү иштеген, дээрлик эс албаган органдардын бири. Кош бойлуулук мезгилинде болсо бул иш күчү дагы да артат. Бөйрөктүн негизги милдеттеринин бири — кандын курамындагы организм үчүн керектүү заттарды кармап калып, мисалы, белокторду, калган калдык заттарды заара аркылуу чыгарып жиберүү. Эгерде белок организмде калбастан заара аркылуу сыртка чыгып жаткан болсо, б.а. анализде заарада белок аныкталса, бул бөйрөктө кандайдыр бир көйгөй бар экенин билдирет.

Кош бойлуулуктан башка мезгилдерде да заарадагы белоктун өлчөмү убактылуу көбөйүп кетиши мүмкүн. Буга төмөнкү жагдайлар себеп болот:

Мындан тышкары, заарадагы белоктун өлчөмүнүн көбөйүшү башка абалдардын белгиси болушу да мүмкүн.

Түйүлдүк 20 жумалык болгонго чейин эле заарада белоктун өлчөмү көп болсо, бул өнөкөт протеинурия (зааранын курамында белоктун көп болушу) болушу мүмкүн.

Өнөкөт протеинурия бөйрөккө байланыштуу негизги көйгөйлөрдөн же жүрөк оорусу сыяктуу кош бойлуулук менен эч кандай байланышы жок ден соолук көйгөйлөрүнөн улам келип чыгышы мүмкүн. Заара чыгаруу жолдорунун ар кандай инфекциялары заарадагы белоктун деңгээлин жогорулатышы мүмкүн. Мындай абалда сөзсүз түрдө дарыланууну баштоо талап кылынат.

Түйүлдүк 20 жумалыгынан өткөндөн кийин да заарада белоктун өлчөмү көп болсо, дарыгерлер бул абалды жогорку кан басымынын белгиси катары белгилешет. Кан басымынын жогорулашы бардык органдарга, негизинен боор жана бөйрөк саламаттыгына зыян келтириши мүмкүн.

Гемолиз — боор ферменттеринин көбөйүшү жана тромбоциттердин санынын аздыгы синдрому преэклампсияга окшош, атүгүл анын оорураак формасы болуп, өз алдынча же преэклампсия менен бирге өрчүйт.

Эгерде бул оору өз убагында дарыланбаса, аялдын жана түйүлдүктүн ден соолугуна олуттуу таасир этиши мүмкүн.

Кош бойлуулук учурунда заарада белоктун көп болушу кандай кооптуу факторлорду пайда кылат?

Биринчиден, кош бойлуулук учурунда башка убакытка караганда заарага көбүрөөк белок чыгарылышы нормалдуу абал экендигин түшүнүп алуу керек. Мисалы, кош бойлуулукка чейин суткасына зааранын курамындагы белок 150 миллиграмм/сутка (мг/с) болсо, кош бойлуулук мезгилинде бул эки эсе артат, б.а. суткасына 300 мг/с болот.

Кош бойлуулук мезгилинде кандын көлөмү көбөйгөндүктөн, бөйрөк адаттагыдан көбүрөөк иштешине туура келет. Демек, заарадагы белоктун көбөйүшүнө чындыгында кош бойлуулук мезгили себеп болот.

Кош бойлуулукка чейин эле өнөкөт ооруларга чалдыккан болсоңуз же үй-бүлөлүк тарыхта (генде) боор же бөйрөк оорулары байкалган болсо, бул сизге да таасирин тийгизиши мүмкүн.

Үй-бүлөлүк тарыхта (генде) кош бойлуулук учурунда преэклампсияны (жогорку кан басымы) башынан өткөргөн аялдар болсо, мурунку балдарыңызга кош бойлуу болгонуңузда да ушундай эле абал болгон болсо, же 35 жаштан өткөндөн кийин кош бойлуу болсоңуз жана бул сиздин биринчи төрөтүңүз болсо, мунун баары преэклампсияны пайда кылуучу тобокелдик факторлорун өзүнө камтыйт.

Кош бойлуулук учурунда заарада белоктун көбөйгөнүн кандай белгилер аркылуу билүүгө болот?

Кош бойлуулук мезгилинде заарада белоктун өлчөмү суткасына 300 мг/с дан ашышы жогору деп эсептелет. Мындан тышкары, заарада белоктун көбөйгөнүн сезишиңиз же сезбешиңиз да мүмкүн. Жадагалса, төрөттөн кийин заара анализин тапшырмайынча сизде белок көбөйүп кеткенин таптакыр байкабай калышыңыз да мүмкүн.

Заарада белоктун көбөйүшү бөйрөк ооруларында пайда болуучу төмөнкү белгилерге окшош болушу мүмкүн:

Бул оору менен бирге пайда болгон кайсы факторлор коркунучтуу экендиги жөнүндө

Заарада белоктун нормадан ашып кетишинин башка бир олуттуу себептери жана кошумча белгилери бар.

Преэклампсиянын (кан басымынын жогорулашы) белгилерине төмөнкүлөр кирет:

Кош бойлуулук учурунда семирүү нормалдуу көрүнүш деп эсептелсе да, эгерде капысынан кескин семирсеңиз, дарыгерге кайрылыңыз.

Бир аптанын ичинде бир нече килограммга семирүү же беттеги, колдордогу шишиктер тобокелдик факторлору болуп эсептелет.

Дарылоо ыкмалары

Заарадагы белоктун өлчөмүн дайыма көзөмөлдөп баруу, эгерде көбөйүп кетсе, абалга жараша дарылоо ыкмаларын колдонуу мүмкүн.

Кош бойлуулуктун алгачкы мезгилинде сиздеги өнөкөт оорулардын себебинен көйгөйлөр пайда болсо, өзүңүзгө жана төрөлө турган балаңызга зыян келтирбей турган дарылоо ыкмаларын дарыгер менен кеңешкен абалда колдонуңуз.

Заара чыгаруу жолдорунун инфекцияларын антибиотиктердин жардамы менен коопсуз дарылоого болот. Башка татаалдашуулар болсо, аларды дайыма көзөмөлдөп, текшерип туруу керек болот. Мында сиз акушер жана гинекологдордон башка адистердин кароосунан да өтүшүңүзгө туура келет.

Башка процедуралар:

Төрөөгө ыңгайлуу мезгилиңизди азыр табыңыз

Акыркы этек кириңизди жана цикл узактыгын киргизиңиз — акысыз эсептегич алты күнүңүздү көрсөтөт.

Бөлүшүү

Lalu медициналык эксперти

Цикл, кош бойлуулук жана бала мазмунубузду жазган жана текшерген Lalu клиникалык тобунун мүчөсү.

Окууну улантыңыз

Бардык макалалар
Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулукта заарада кан болушуна эмнелер себеп болот?

Кош бойлуулук ушундай мезгил, анда көптөгөн өзгөрүүлөр байкалат. Бул өзгөрүүлөрдү норма жана патологиядан ажыратып алуу кош бойлуу аялдан жоопкерчиликти, дарыгерден болсо билим жана тажрыйбаны талап кылат. Ошондой көйгөйлөрдөн бири бул кош бойлуулукта заарада кан болушу.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Төрөгөндөн кийин варикоз тамырларын кантип кичирейтсе болот?

Варикоз буттагы бөртүп чыккан, шишип кеткен веналар болуп саналат. Алардын түсү адатта кочкул көк же кызгылт-көк болуп, көрүнүшүнөн чаташкан жипке окшоп кетет.

Кош бойлуу кездеги "дене тили"

Кош бойлуулук учурундагы кант диабети кандай оору?

Гипергликемия бүткүл денедеги кан тамырларга, нервдерге, көзгө жана бөйрөккө, ошондой эле жүрөккө зыян келтириши мүмкүн. Аялдарда тубаса кемтиги бар балдардын төрөлүшүнө гипергликемия себеп болот.