Кош бойлуулукта варикоздук веналар негизинен кош бойлуу аялдардын буттарында пайда болот. Веналардын кеңейишинин натыйжасында шишиктер пайда болот. Натыйжада кычышуу, кээде ооруу пайда болушу мүмкүн, бирок адатта алар зыянсыз.
Варикоздук веналар жөнүндө жалпы маалымат
Варикоз — бул буттагы бөртүп чыккан, шишип кеткен веналар. Алардын түсү адатта кочкул көк же кызгылт көк болуп, көрүнүшү чырмалган жипке окшоп кетет. Ошондой эле, варикоздук веналар кында же сырткы жыныстык органдарда да пайда болушу мүмкүн. Түз ичегиде пайда боло турган варикоздук веналар да бар, алар геморрой деп аталат.
Кош бойлуулук учурунда варикоздук веналардын пайда болуу себептери
Кош бойлуулук мезгилинде аялдардын денесинде көптөгөн өзгөрүүлөр байкалат. Бул мезгилде кандын көлөмү адаттагыдан 50% га көбөйгөндүктөн, канды бүткүл денеге жеткирүү үчүн тамырларга кошумча басым түшөт. Ошондой эле, веналардын үстүн каптап туруучу жылмакай булчуңдар прогестерон гормонунун таасиринен бошоп кеңейет.
Түйүлдүк өнүккөн сайын жатын чоңоюп барат, бул болсо өз кезегинде жамбаш жана курсак көңдөйүндө жайгашкан ири веналарда басым пайда кылат. Натыйжада, бут веналарынын ичиндеги басым күчөп, кандын жүрөккө жетип барышы кыйындашат жана дал ушул тамырлар шишип, бөртүп чыгып калат.
Маалыматтарга караганда, биринчи жолу кош бойлуулукту башынан өткөрүп жаткан аялдардын болжол менен 30% бөлүгүндө варикоз пайда болот. Бул мезгилде аялдарда варикоздун пайда болушунда же болбошунда аялдын генетикасы да маанилүү роль ойнойт.
Варикоздук веналардын пайда болуу белгилери:
- Буттагы оору сезими;
- Тамырлардын айланасында кычышуу;
- Тери түсүнүн өзгөрүшү;
- Буттагы булчуңдардын түйүлүшү жана шишиши;
- Узак убакыт тике туруу же отуруудан кийинки оорулар.
Кош бойлуулук учурунда пайда болгон варикоздук тамырлардын төрөттөн кийинки абалы
Кош бойлуулуктан улам пайда болгон варикоздук веналар төрөттөн 12 жума өткөндөн кийин акырындык менен жоголо баштайт. Эгерде аял бир нече жолу кош бойлуулукту башынан өткөргөндүктөн варикоздук веналары кеңейген болсо же үй-бүлөлүк тарыхында, б.а. генинде бул абал бар болсо, кеңейген веналар төрөттөн кийин да кичирейбеши мүмкүн.
Кош бойлуулук учурунда шишиген варикоздук тамырларды кичирейтүүнүн айрым ыкмалары
Кош бойлуулук мезгилинде пайда болгон варикоздук веналар дээрлик зыянсыз. Аларды кичирейтүү үчүн төмөнкү сунуштарды аткаруу жетиштүү:
- Машыгуу. Ар күнү машыгуу, жөө басуу кан айланууну жакшыртып, жүрөккө кандын жакшы жетип барышын камсыздап берет. Анчалык күч талап кылбай турган сүзүү көнүгүүлөрүн аткаруу да кыйла пайда берет.
- Бутту жогору көтөрүү. Столдо отурганда бутту бош коюу жана жаткан учурда буттун астына жаздык коюу сунуш кылынат.
- Абалды тез-тез өзгөртүү. Узак убакыт бир орунда отуруу же туруу сунуш кылынбайт. Дайыма кыймылда болуу ден соолукка пайдалуу.
- Компрессиялык байпактарды колдонуу. Бул түрдөгү байпактар кан айланууну жакшыртат жана варикоздук веналардан улам пайда боло турган жагымсыз абалдардын алдын алууга жардам берет.
- Кийимдерге көңүл буруу. Негизинен бел, бут же жамбаш айланасын кысып турган тар кийимдерди кийбөө керек.
- Тамактагы туздун өлчөмүн азайтуу. Денеде сууну жетиштүү өлчөмдө кармап туруу жана шишиктин көлөмүн азайтуу үчүн курамында туздун өлчөмү аз болгон тамактарды жеш керек.
Төрөттөн кийинки варикоздук веналарды дарылоонун коопсуз ыкмалары
Эгерде варикоз веналары төрөттөн кийин бир нече ай өткөндөн кийин да айыгып кетпесе жана кандайдыр бир ыңгайсыздыктарды жаратса, дарылоонун коопсуз ыкмалары да бар. Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча, варикоз веналарынын өрчүп кетишинин алдын алуу үчүн төрөттөн алты-тогуз ай өткөндөн кийин дарылоону баштоо сунушталат.
Дарылоонун түрү варикоздун абалына жараша бири-биринен айырмаланат. Мисалы:
- Склеротерапия. Варикоздук веналарга дары сайып, кичирейтип дарылоо ыкмаларынын бири.
- Лазер менен дарылоо. Варикоздук веналар лазер аркылуу кесип ташталат.
- Амбулатордук флебэктомия. Варикоздук веналарды мини-хирургиялык жол менен дарылоо ыкмасы.