Албетте, геморрой жөнүндө айтуу баарыбыз үчүн жагымсыз, бирок кош бойлуулукта геморройдун кездешиши да жашоо чындыгы.
Геморрой – аналдык тешиктин веналарынын оорусу болуп, геморроидалдык түйүндөрдүн чоңоюшу, ылдый жылышы же сыртка чыгып калышы менен коштолот. Адамдын түз ичегиси булчуң жана тутумдаштыргыч ткандардан турат. Ички былжыр чел муунакчалар – б.а. геморроидалдык түйүндөр менен капталган.
Геморроидалдык түйүндөр адам катуу ыйынганда былжыр чел менен бирге ылдый жылып кетиши мүмкүн. Мунун натыйжасында кан айлануу бузулуп, геморроидалдык түйүндөрдүн өлчөмү чоңоёт жана сыртка чыгып калат.
Геморрой кош бойлуулуктун үчүнчү триместринде тез өнүгөт. Кош бойлуулук мезгилинен тышкары абалдарда да пайда болот. Геморройдун эки түрү бар: ички жана сырткы. Ички жана сырткы геморрой бири-биринен сезилерлик деңгээлде айырмаланат.
Ички геморрой дененин ички бөлүгүндө түз ичегиде пайда болот. Алар түз ичегиде пайда болгондуктан, диагноз коюу кыйын. Кээ бир ички геморройлор пролапстуу болушу мүмкүн, б.а. алар аналдык тешиктен сыртка чыгып турат.
Сырткы геморрой дененин сыртында пайда болот. Алар ануска жакын жайгашкан жана тери менен капталган. Мында тери өтө сезгич жана сезгенүү ыктымалдыгы жогору болот. Сырткы геморрой шишип же кан уюп калса, ичегилерге зыян келтириши мүмкүн.
Эгерде геморройдо кандын уюшунун натыйжасында масса пайда болсо, күтүүсүздөн күчтүү оорууга алып келиши мүмкүн. Оору алгачкы 48 сааттын ичинде өтө күчөйт.
Геморройдун кандай белгилери бар?
Геморройдун белгилери сизде болгон геморройдун түрүнө жараша айырмаланышы мүмкүн.
- кан кетүү (заңдоо учурунда ич кийимде, даараткана кагазында же унитазда кан болушу);
- оорутуп заңдоо;
- анус айланасындагы теринин кабаруусу;
- кычышуу;
- ысып кетүү;
- шишик.
Кош бойлуулук учурунда геморройдун пайда болушуна эмне себеп болот?
Кош бойлуу аялдар геморройго көп кабылышат. Изилдөөлөр боюнча, 50% кош бойлуу аялдарда геморрой өнүгөт.
Кош бойлуулук учурунда геморройдун пайда болуу себептери:
- кан көлөмүнүн көбөйүшү;
- жатындан анустун жанындагы веналарга басымдын жогорулашы;
- гормоналдык өзгөрүүлөр;
- ич катуу.
Кош бойлуулуктан кийин геморрой жоголобу?
Төрөгөндөн кийин гормондордун деңгээли, кандын көлөмү жана ич көңдөйүнүн басымынын төмөндөшүнөн улам геморрой толугу менен жоголушу мүмкүн. Кош бойлуулук учурунда геморрой эң көп үчүнчү триместрде, төрөт процессинде пайда болот.
Дарылоо ыкмалары кандай?
Геморройду үй шартында алдын алууга, дарылоого болот. Бирок, үй шартындагы дарылоонун өзү жетиштүү эмес. Дарыланбаган геморрой убакыттын өтүшү менен начарлап, оорунун күчөшүнөн же кан кетүүдөн улам анемия сыяктуу татаалдашууларды пайда кылышы мүмкүн.
Геморройго диагноз коюу үчүн дарыгерлерге кайрылуу керек. Геморрой арткы тешиктин жанындагы кан агуунун жалгыз себеби эмес, арткы тешикти аарчып жатканда же заңдан кан агып жатканын байкаганда дароо дарыгерге кайрылуу сунушталат.
Үй шартында геморройду дарылоо ыкмалары
Геморройдон арылуу жана алдын алуу үчүн үйдө жасала турган күнүмдүк аракеттер:
- Чычырканак майы бар салфеткаларды же прокладкаларды колдонуңуз;
- Дефекация учурунда жумшак жана жуула турган салфеткаларды колдонуңуз;
- Отуруучу ваннаны колдонуңуз жана күнүнө бир нече жолу 10 мүнөт бою таза жылуу сууда ванна кабыл алыңыз;
- Орточо температурада эпсом тузу кошулган ванна кабыл алыңыз;
- Ануска ашыкча басым түшүрбөө үчүн дааратканада көпкө отурбаңыз, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаңыз;
- Ичти жумшартуу үчүн көп суу ичиңиз жана клетчаткага бай азыктарды жеңиз;
- Булчуңдарды чыңдоо үчүн Кегель көнүгүүлөрүн такай жасап туруңуз.