Дагы бел оорусу тынчсыздандырып жатабы?! Кош бойлуулук учурунда белдин оорушу эмне себептен пайда болот жана аны кантип жеңүүгө болот?! Бул макала аркылуу ушул суроолорго мүмкүн болушунча жооп берип өтөбүз.
Эгер кош бойлуулук учурунда бел оорусу көп тынчсыздандырып жаткан болсо, сиз жалгыз эмессиз. Бел оорусу кош бойлуулар арасында эң кеңири таралган терс белгилердин бири болуп эсептелет.
Кош бойлуулук учурунда белдин оорушу кандай байкалат?
Кош бойлуулук учурунда бел оорусу адатта бутка же куймулчакка берилиши мүмкүн болгон, белдин өйдө же ылдый жагында жана сандарда кездешкен катып калуу сыяктуу оорулар түрүндө байкалат.
Тилекке каршы, бел оорусу кош бойлуулук календарынын алгачкы мөөнөттөрүнөн эле башталышы мүмкүн. Кээ бир аялдар муну биринчи триместрде баштан өткөрүшөт, бирок көпчүлүк аялдарда кош бойлуулуктагы бел оорусу 18-жумаларда, экинчи триместрде башталат. Экинчи триместрде жана айрыкча үчүнчү триместрде, же төрөгөнгө чейин бел оорусу уланып, кээде күчөшү мүмкүн. Айрым учурларда кош бойлуулуктагы бел оорусу төрөттөн кийинки бел оорусу менен алмашат.
Кош бойлуулукта бел оорусу эмне себептен пайда болот?
Кош бойлуулук мезгилинде релаксин деп аталган гормон бөлүнүп чыгат, натыйжада балаңыз төрөт учурунда төрөт жолдорунан оңоюраак өтүшү үчүн жамбаш сөөгүндөгү жана башка жерлердеги муун байламталары бошоңдойт.
Буга өсүп жаткан жатыныңыздын салмагы кошулат жана денеңиздин таяныч борбору алдыга жылышы менен тең салмактуулугуңуз жоголот.
Өз кезегинде, жүктү көтөрүү үчүн белиңиздин төмөнкү бөлүгү адаттагыдан көбүрөөк ийилет, натыйжада булчуңдар кыйналып иштейт жана сиз ойлогондой, ооруу жана катып калуу сезими пайда болот.
Окуңуз: Кош бойлуулукта жатындын тонусунун жогорулашы
Кош бойлуулук учурундагы бел оорусу радикулитке окшошпу?
Ооба, радикулитке окшош. Эгерде сиз аркаңыздан же куймулчагыңыздан башталып, буттарыңызга чейин созулган курч, тартылуучу ооруну сезсеңиз, анда сизде радикулит болушу мүмкүн.
Кош бойлуулук учурундагы бел оорусу жөнүндө жакшы жаңылык – ал адаттагыдай эле оңой чечилет. Мындан тышкары, аны жеңилдетүүчү көптөгөн ыкмалар бар. Ошондуктан, эгер бир чечим иштебесе, башкасы жардам бериши мүмкүн.
Бел оорусун дарылоо ыкмалары
Кош бойлуулук учурунда бел оорусун жеңилдетүү үчүн төмөнкү ыкмаларды байкап көрүңүз:
Отурушуңузга көңүл буруңуз!
Күнү бою стулга жөлөнүп отуруу омурткаңызга баарынан көбүрөөк жүк келтирет. Үйдө жана жумушта көп колдонгон отургучтарыңыздын ыңгайлуу экенине ынаныңыз. Арка жана колдорду түз кармап, катуураак жаздык коюп отурган оң.
Буттарыңызды бир аз көтөрүү үчүн бут таянычты колдонуңуз жана буттарыңызды кайчылаштырып отурбаңыз. Бул жамбаш сөөгүңүздүн алдыга жылышына алып келет, ал эми бул болсо бел булчуңдарынын чыңалуусуна себеп болот.
Тыныгууларды жасаңыз!
Мүмкүнчүлүк болсо, саатына кеминде бир жолу басыңыз же ордуңуздан туруп, керилиңиз. Узак убакыт отуруу же белгилүү бир абалда болуу белиңиздин ого бетер катуу оорушуна алып келиши мүмкүн.
Көпкө тик турбоого да аракет кылыңыз. Эгерде сиз тике туруп иштесеңиз, белиңиздеги басымды бир аз азайтуу үчүн бир бутуңузду жапыз отургучка коюп иштөөгө аракет кылыңыз.
Оор жүктөрдү көтөрүүдөн сактаныңыз!
Эгер аргасыз болсоңуз, муну акырындык менен жасаңыз. Бутуңузду кенен коюп, өзүңүздү турукташтырыңыз; белиңизден эмес, тизеңизден бүгүлүңүз; эңкейип, белиңиз менен эмес, кол жана буттарыңыздын күчү менен көтөрүңүз. Жакшысы, бирөөдөн жардам сураңыз!
Өз салмагыңызга көз салып туруңуз!
Кош бойлуулук учурунда салмак кошууну көзөмөлдөңүз: ашыкча салмак жана өтө тез семирип кетүү омурткаңызга түшкөн жүктөмдүн артышына себеп болушу мүмкүн.
Туура бут кийим кийиңиз!
Өтө бийик такалардан баш тартыңыз. Мүмкүн болушунча, тегиз такалуу бут кийим кийиңиз. Адистер денеңизди туура абалда кармоо үчүн супинатору жакшы, жапыз такалуу бут кийимди сунушташат. Мындан тышкары, булчуңдарга арналган атайын бут кийим кошумчаларын да карап көрсөңүз болот.
Катуу төшөктү колдонуңуз!
Эгерде катуу төшөктү колдонбосоңуз, аны убактылуу алмаштырганыңыз оң. Анткени түз жерге жатуу стрессти азайтууга жана уйкуңуздун абалын жакшыртууга жардам берет.