Аялдардын боюна бүткөндөн кийин пайда боло турган алгачкы суроолорунун бири «Кош бойлуулукта эмнелерге жол коюлбайт? Кайсы азыктар түйүлдүккө зыян келтирет?» сыяктуу болот. Бул суроолорго жооп таап, алар жегенге мүмкүн болгон жана болбогон азыктардын тизмесин билип алуулары керек.
Бактыга жараша, сизге жегенге тыюу салынган нерселерге караганда, жей турган азыктар көбүрөөк. Кош бойлуулукта өзүңүздүн жана өрчүп жаткан түйүлдүктүн саламаттыгын сактоо үчүн тамактанууңузга кылдат көңүл бурушуңуз керек. Мындай татаал иште сизге апталык сунуштары менен «Lalu» мобилдик тиркемеси жардам бере алат.
Кээ бир азыктарды аз жеш керек, башкаларынан болсо таптакыр баш тартуу зарыл болот. Төмөндө кош бойлуулук учурунда сактануу же азайтуу зарыл болгон 11 азык-түлүк жана суусундук жөнүндө маалымат беребиз.
Чала бышырылган, чийки жана кайра иштетилген эт
Чийки балык менен байланыштуу кээ бир көйгөйлөр бышырылбаган этке да тиешелүү. Бышырылбаган же чийки этти жеш токсоплазма, E. coli, листерия жана сальмонелла сыяктуу бир катар бактерияларды же мителерди жуктуруп алуу коркунучун жогорулатат.
Бактериялар наристенин ден соолугуна олуттуу коркунуч келтириши мүмкүн: интеллектуалдык майыптык, сокурлук жана эпилепсияны камтыган оор нерв ооруларына алып келүү ыктымалдыгы бар.
Көптөгөн бактериялар эт кесимдеринин бетинде жайгашса, башка бактериялар булчуң булаларынын ичинде жашашы мүмкүн.
Козунун жана музоонун этинен алынган майда кесимдер же кабырга сыяктуу эттин толук кесимдерин аягына чейин бышырбай жеш коопсуз болушу мүмкүн. Бирок, эттин бөлүгү сыртынан толук бышканда гана колдонулушу мүмкүн.
Эттүү пирогдор, бургерлер, фарш жана канаттуулардын этин эч качан чийки же бышпаган абалда жебөө керек. Ошондуктан, бургерлерди жакшы бышканга чейин торчонун үстүнө коюңуз.
Хот-догдор, колбаса азыктары, тоңдурулган жарым даяр эттер да кайра иштетүү же сактоо учурунда түрдүү бактерияларды жуктуруп алышы мүмкүн.
Чийки жумуртка
Чийки жумуртка сальмонелла бактериясы менен зыяндуу болушу мүмкүн.
Сальмонелла инфекциясынын симптомдоруна ысытма, жүрөк айлануу, кусуу, ашказан спазмы жана диарея кирет. Сейрек учурларда инфекция жатын спазмын пайда кылышы мүмкүн, бул эрте төрөлүүгө же өлүк төрөлүүгө алып келет.
Коопсуз болуш үчүн жумуртканы ар дайым жакшылап бышырыңыз же пастеризацияланган жумурткаларды колдонуңуз. Сарысы жакшы бышпаган жумуртка жана үйдө даярдалган майонез сыяктуу азыктарды керектөөдөн толук баш тартыңыз.
Жаныбарлардын органдары
Жаныбарлардын органдарынын эти түрдүү азык заттардын эң сонун булагы болуп эсептелет.
Аларга темир, В12 витамини, А витамини, цинк, селен жана жез кирет — булардын баары сизге жана балага пайдалуу.
Бирок кош бойлуулук учурунда жаныбарлардан алынган А витаминин өтө көп кабыл алуу сунушталбайт.
Жаныбарлардын органдарын жеп, А витаминин өтө көп кабыл алуу, айрыкча кош бойлуулуктун биринчи триместринде, тубаса кемтиктерге жана бойдон түшүүгө алып келиши мүмкүн.
Сымабы көп балыктар
Сымап өтө уулуу элемент болуп эсептелет. Таасир этүүчү булактын коопсуз деңгээли белгисиз жана ал көбүнчө булганган сууда кездешет.
Сымап нерв, иммундук система жана бөйрөктөр үчүн уулуу болушу мүмкүн. Мындан тышкары, бул балдарда олуттуу өнүгүү көйгөйлөрүн жаратышы, ал тургай анын аз өлчөмү да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Ал булганган деңиздерде көп кездешкендиктен, ири деңиз балыктары денесинде көп өлчөмдө сымап топтойт. Ошондуктан, кош бойлуулук жана эмчек эмизүү учурунда курамында сымабы көп балыктардан сактануу шарт.
Сиз таптакыр колдонбошуңуз керек болгон, курамында сымап көп балык түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- акула;
- кылыч балык;
- кызыл скумбрия;
- оркинос (өзгөчө чоң тунец);
- марлин;
- Мексика булуңундагы плитка балыктары.
Маанилүүсү, биздин өлкөдө балыктын мындай түрлөрү жок. Бирок түрдүү тамактануучу жайларда бул балык түрлөрү сунушталууда.
Белгилей кетчү нерсе, бардык эле балыктар зыяндуу эмес.
FDA уюмунун белгилөөсү боюнча, кош бойлуулук учурунда сымабы аз балыктарды жеш пайдалуу жана бул балыктарды жумасына үч жолуга чейин жесе болот.
Сымабы аз балыктар өтө көп жана төмөндө айрымдарын санап өтөбүз:
- треска;
- калкан балык;
- лосось (эти кызыл балык);
- тилапия;
- форель.
Айрыкча, лосось сыяктуу майлуу балыктарды жеш жакшы вариант, анткени алардын курамында балаңыз үчүн маанилүү болгон омега-3 май кислоталары көп.
Чала бышкан же чийки балык
Бул сушинин күйөрмандары үчүн кыйын болот, бирок бул абдан маанилүү. Чийки балыктар, айрыкча рак сымалдуулар бир нече инфекцияларды пайда кылышы мүмкүн. Алардын натыйжасында норовирус, вибрион, сальмонелла жана листерия сыяктуу вирустук, бактериялык же паразитардык инфекциялар пайда болушу мүмкүн.
Бул инфекциялардын таасири эненин организминде суусузданууну жана алсыздыкты пайда кылат. Кээ бир инфекциялар болсо, баланын өрчүүсүнө терс таасирин тийгизип, атүгүл өлүмгө алып келүүчү абалдарга алып келиши мүмкүн.
Кош бойлуу аялдар, айрыкча, листерия инфекциясына аялуу болушат. Чындыгында, CDC борборунун маалыматына ылайык, кош бойлуу аялдардын листерияны жуктуруп алуу ыктымалдыгы калктын калган бөлүгүнө караганда 10 эсе жогору экен.
Бул бактериялар топуракта жана булганган сууда, өсүмдүктөрдө болушу мүмкүн. Чийки балыкты кайра иштетүү учурунда, анын ичинде ыштоо же кургатуу учурунда да бактерия жугушу мүмкүн.
Листерия бактериялары плацента аркылуу түйүлдүккө да жугушу мүмкүн. Бул болсо, мөөнөтүнөн мурда төрөлүүгө, боюнан түшүүгө, түйүлдүктүн өлүмүнө жана башка олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.
Албетте, суши тамактарын, анын ичинде чийки балыкты жана рак сымалдууларды жегенден качуу сунушталат. Эгерде сиз бул азыктардын күйөрманы болсоңуз, кабатыр болбоңуз, бала төрөлгөндөн кийин үй-бүлөлүк дарыгериңиз менен кеңешип, бул азыктарды жесеңиз болот.
Кофеин
Сиз кофе, чай, алкоголсуз суусундуктар же какаону жакшы көргөн миллиондогон адамдардын бири болушуңуз мүмкүн. Кофеинге болгон сүйүү жөнүндө сөз болгондо, албетте, сиз жалгыз эмессиз. Бирок кош бойлуулук учурунда аларды колдонууну азайтышыңыз максатка ылайыктуу.
Америка акушерлер жана гинекологдор коллегиясынын маалыматы боюнча, адатта кош бойлуу аялдарга кофеинди күнүнө 200 миллиграммдан (мг) аз колдонуу сунушталат.
Кофеин өтө тез сиңирилет жана плацентага оңой өтөт. Ымыркайларда жана алардын плаценталарында кофеиндин метаболизми үчүн зарыл болгон негизги фермент жок болгондуктан, бирикмелердин жогорку деңгээли пайда болушу мүмкүн.
Кош бойлуулук учурунда кофеинди көп колдонуу түйүлдүктүн өсүшүн чектей турганы жана төрөт учурунда аз салмакта төрөлүү коркунучун жогорулата тургандыгы далилденген.
Төрөлгөндөгү салмактын 2,5 кг дан аз болушу, ымыркайдын өлүмүнө же чоңойгондо өнөкөт оорулардын пайда болушу сыяктуу коркунучтардын жогорулашына алып келет.
Ошентип, балада кофеиндин өлчөмү көбөйүп кетпеши үчүн күнүмдүк кофе жана газдалган суусундуктарды ичүүнү мүмкүн болушунча азайтышыңыз керек.
Чийки өсүндүлөр
Ден соолукка пайдалуу деп тандаган салатыңыз да зыяндуу курамдык бөлүктөрдөн таза болбошу мүмкүн. Чийки өсүмдүктөр, анын ичинде көк чөптөр, шпинат, редиска жана маш же төө буурчак сыяктуу азыктар сальмонелла менен жабыркашы мүмкүн.
Уруктардын өнүп чыгышы үчүн зарыл болгон нымдуу чөйрө бул түрдөгү бактериялар үчүн эң ылайыктуу жана аларды бул баскычта жок кылуу дээрлик мүмкүн эмес.
Ошондуктан сизге мындай азыктардан таптакыр баш тартуу сунушталат. Мындай көк чөптүү азыктар тамакта, майда жакшы бышкандан кийин аларды керектөө коопсуз.
Жуулбаган азык
Жуулбаган же тазаланбаган мөмө жана жашылчалардын бети бир нече бактерия жана мителер менен булганган болушу мүмкүн.
Буларга токсоплазма, E. coli, сальмонелла жана листерия кирет, алар топурактан же иштетүү учурунда жугушу мүмкүн.
Бактериялардын жугушу ар кандай убакта: өндүрүш, чогултуу, кайра иштетүү, сактоо, ташуу же чекене сатуу учурунда болушу мүмкүн. Мөмө-жемиштерде жана жашылчаларда калышы мүмкүн болгон кооптуу мителердин бири токсоплазма деп аталат.
Токсоплазма менен ооруган адамдардын көпчүлүгүндө эч кандай симптомдор байкалбашы мүмкүн, бирок айрымдары бир ай же андан көп убакыт бою өздөрүн сасык тумоо менен ооругандай сезиши мүмкүн.
Токсоплазма бактерияларын жуктуруп алган көпчүлүк ымыркайларда төрөлүү учурунда эч кандай симптомдор болбойт. Бирок, сокурлук же интеллектуалдык майыптык сыяктуу белгилер наристенин жашоосунда кийинчерээк пайда болушу мүмкүн.
Кош бойлуулук учурунда мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды суу менен жакшылап жууп, тазалап же бууга бышыруу аркылуу инфекцияларды жуктуруу коркунучун азайтуу өтө маанилүү. Наристе төрөлгөндөн кийин да муну адат кылып алышыңыз керек.
Пастеризацияланбаган сүт, сыр жана жемиш ширелери
Чийки сүт, пастеризацияланбаган сыр жана жумшак сырларда листерия, сальмонелла, E. coli жана Campylobacter сыяктуу зыяндуу бактериялар бар.
Ушундай эле нерсе кайнатылбаган ширеге да тиешелүү, ал да бактериялык булганууга абдан ыктуу. Бул инфекциялардын бардыгы төрөлө элек бөбөктүн өмүрү үчүн кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Бактериялар табигый түрдө пайда болушу же жыйноо, сактоо учурунда булгануудан келип чыгышы мүмкүн. Пастеризация продуктулардын азыктык баалуулугун өзгөртпөстөн зыяндуу бактерияларды жок кылуунун эң натыйжалуу ыкмасы болуп саналат.
Жуктуруу коркунучун азайтуу үчүн пастеризацияланган сүт, сыр жана мөмө ширелерин гана колдонуңуз.
Спирт ичимдиктери
Кош бойлуулук учурунда спирт ичимдиктерин ичүүдөн таптакыр баш тартуу зарыл, анткени бул бойдон түшүү жана өлүк төрөлүү коркунучун жогорулатат. Атүгүл аз өлчөмү да балаңыздын мээсинин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Кош бойлуулук учурунда спирт ичимдиктерин ичүү түйүлдүктүн алкоголдук синдромун келтирип чыгарышы мүмкүн, бул беттин деформациялары, жүрөк кемтиктери жана интеллектуалдык майыптыктын өнүгүшүнө себеп болот.
Кайра иштетилген зыяндуу тамактар
Сизге да, өсүп жаткан балаңызга да жардам берүү үчүн витаминдерге жана минералдарга бай тамактарды жеш керек.
Айтмакчы, кош бойлуу кезинде аял "эки киши үчүн тамак жеши керек" деген сөз да жомок. Сиз биринчи триместрде адаттагыдай, андан кийин экинчи триместрде күнүнө 350 калорияга жана үчүнчү триместрде күнүнө болжол менен 450 калорияга көбөйтүп, туура тамактана аласыз.
Кош бойлуулуктун оптималдуу тамактануу планы негизинен толук азык-түлүк продуктуларынан турушу керек, бул сиздин жана ымыркайдын муктаждыктарын канааттандырууга тийиш. Кайра иштетилген азыктар, адатта, минералдарды жана витаминдерди толук камтыбайт. Ошондой эле, кээде алар майларга жана шекерлерге бай болуп, сизге зыяндуу таасирин тийгизип, ашыкча салмак кошууга таасир этиши мүмкүн.
Кош бойлуулук учурунда ашыкча салмак кошуу көптөгөн татаалдашууларга жана ооруларга себеп болот. Буга кош бойлуулардын кант диабети коркунучунун жогорулашы, ошондой эле кош бойлуулуктун же төрөттүн айрым татаалдашуулары кирет.
Тамактануу рационуңузда белокко бай азыктар жана жеңил тамактар көбүрөөк орун алсын. Жашылчалар, мөмө-жемиштер жана буурчактуу азыктар (маш, нокот, төө буурчак) ошолордун катарына кирет. Албетте, аларды колдонуудан мурда жакшылап тазалоо керек.
Жыйынтыктап айтсак, кош бойлуулук мезгилинде ден соолукту көзөмөлдөп баруу чоң мааниге ээ. Ошондуктан, өзүңүзгө жана балаңызга коркунуч туудурган тамак-аштардан жана суусундуктардан алыс болуу өтө маанилүү.
Көпчүлүк тамак-аш жана суусундуктар колдонуу үчүн толугу менен коопсуз болгону менен, кээ бирлеринен, мисалы, чийки балыктан, пастеризацияланбаган сүт азыктарынан, алкоголдон жана сымабы көп балыктан сактануу керек.
Андан тышкары, кофе жана канттын өлчөмү көп болгон айрым тамак-аш азыктарын жана суусундуктарды ден соолугу чың кош бойлуулукту улантуу үчүн чектөө керек.
Бул макала аркылуу "Кош бойлуулукта эмнелер мүмкүн эмес?" деген сурооңузга жооп таптыңыз деп ойлойбуз.
Пайдалуу: Кош бойлуулук учурунда бел оорусу – себептери жана аны жоюунун жолдору