Көпчүлүк аялдар кош бойлуулукта уйкусуздук сыяктуу көйгөйлөргө туш болушат. Кош бойлуу аялдар биринчи триместрде көбүрөөк укташат, бирок алардын уйкусунун сапаты кыйла төмөндөйт. Ошону менен бирге кош бойлуулук мезгилинде аялдын күн бою чарчоону сезиши да байкалат. Түнкү уйкусуздук да чарчоонун пайда болушуна себеп болушу мүмкүн.
Бул макала аркылуу кош бойлуулук учурунда уйкусуздуктун себептери жана аны жеңилдетүү, ошондой эле жоюу жолдору жөнүндө сүйлөшөбүз.
Уйкусуздук деген эмне?
Уйкусуздук — бул уйкуга кетүүнү же түнкүсүн уктоону кыйындаткан уйкунун бузулушу. Бул кеңири таралган уйку көйгөйү сиздин өтө эрте ойгонушуңузга жана кайра жакшы уктабай калышыңызга алып келиши мүмкүн. Бул болсо, кош бойлуу аялдын уйкунун сергитүүчү же калыбына келтирүүчү таасирин сезбегендей абалда болушуна себеп болот.
Кош бойлуулук учурунда уйкусуздук качан башталат?
Кош бойлуулуктун каалаган учурунда уктоодо көйгөй болушу кадимки көрүнүш, бирок көпчүлүк кош бойлуу аялдар экинчи-үчүнчү триместрде уйкусуздукка дуушар болушат, анткени кош бойлуулуктун башка белгилери күчөп, өсүп жаткан бала төшөктө ыңгайлуу жатууну да кыйындатат.
Ошентсе да, биринчи триместрдеги өзгөрүүлөр сизди ыңгайлуу төшөктөн тургузуп, таттуу уйкуңузду да бузушу мүмкүн, анын ичинде күн же түндүн каалаган убагында пайда болушу мүмкүн болгон токсикоз жана дайыма кичине даарат ушатууга муктаждыктын өсүшү кош бойлуулуктун биринчи үч айлыгында уйкунун бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Кош бойлуулук учурундагы уйкусуздуктун себептери
Уйкусуздуктун бир нече себептери бар. Буларга төмөнкүлөр кирет:
- тез-тез заара ушатуу муктаждыгы;
- жүрөк айлануу же кусуу;
- бел оорусу;
- эмчек оорусу;
- ич көңдөйүндөгү ыңгайсыздыктар;
- бут оорулары;
- дем кысылуу;
- ачык-айкын түштөр.
Уйкусуздуктун башка себептери стресс менен да байланыштуу болушу мүмкүн. Кош бойлуу аялдын төрөө жана төрөт жараяны жөнүндө тынчсыздануусу же жаш эне болууга психологиялык жана көндүмдүк жактан даяр эместиги жөнүндөгү ойлор анын уйкусунун сапатынын бузулушуна да себеп болушу мүмкүн.
Мындай стресске алып келиши мүмкүн болгон жагдайлардын алдын алуу жана эне болууга баскычма-баскыч даярданып баруу үчүн «Lalu » ресурстары, анын ичинде пайдалуу макалалар жана келечекте дарыгерлер менен биргеликте даярдалышы пландаштырылып жаткан видеокурстар сизге негизги жардамчы болот.
Үй шартында уйкусуздукту дарылоо
Изилдөөлөргө ылайык, кош бойлуу аял уйкусуздукка каршы препараттарды так көрсөтмөлөр болгондо гана кабыл алышы жана этият болушу талап кылынат.
Буга карабастан, кош бойлуулук учурундагы уйкусуздукту үй шартында ишке ашырууга мүмкүн болгон жашоо образын өзгөртүү сыяктуу ыкмалар менен да жоюуга болот.
Уйку гигиенасын сактаңыз
Уйку гигиенасы дегенде уктап кетүүнү жеңилдетүүчү адаттар түшүнүлөт.
Уйкусуздук тынчын алып жаткан аял төмөнкүлөрдү жасап көрүшү мүмкүн:
- Төшөктө гана уктаңыз.
- Күн сайын бир убакта ойгонуп, уктоого жатыңыз.
- Уктоочу бөлмөнү караңгы жана салкын кармаңыз.
- Төшөктү мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана жагымдуу кылыңыз.
- Төшөктө телефон колдонбоңуз жана телевизор көрбөңүз.
- 15-30 мүнөттөн кийин уктай албасаңыз, төшөктөн туруңуз.
- Уктаар алдында кофе, кара чай ичүүнү чектеңиз же күнү бою такыр ичпеңиз.
- Уктаардан бир нече саат мурун суюктук ичүүнү чектеңиз.
Уйкуга жардам бере турган башка адаттардын катарында стрессти басаңдатуу үчүн уктаар алдында массаж алуу же жылуу ваннага түшүү мүмкүн.
Уйку сааттарын эсептебеңиз
Көпчүлүк адамдар сегиз сааттык уйкудан кийин өздөрүн жакшы сезишсе да, кээ бирлери азыраак уктаса да өздөрүн жакшы сезишет, ал эми кээ бирлери көбүрөөк уктоого муктаж. Уйку абалыңызды изилдеп чыгыңыз жана активдүү сааттарда өзүңүздү кандай сезип жатканыңызды текшериңиз. Эгер аз уктасаңыз да өнөкөт чарчоону сезбесеңиз, уйкунун ушул өлчөмү сизге жетиштүү болушу мүмкүн.
Физикалык активдүүлүккө маани бериңиз
Кош бойлуулуктун физикалык талаптары туруктуу салмак кошуу менен бирге активдүүлүктү сактоону кыйындатышы мүмкүн.
Америка акушердик жана гинекология колледжинин маалыматы боюнча, кош бойлуулук учурунда физикалык көнүгүүлөр энеге да, балага да пайдалуу болуп саналат. Мисалы,
- кош бойлуулук учурундагы кант диабети коркунучунун төмөндөшү;
- бел оорусу коркунучунун азайышы;
- жүрөктүн жалпы ден соолугунун жакшырышы.
Жеңил физикалык көнүгүүлөр да уйкусуздукту жеңүүгө жардам берет. Кош бойлуулук учурунда ар кандай физикалык көнүгүүлөр дарыгердин сунушу менен аткарылышы керек.
Медициналык багыттагы изилдөөлөр көрсөткөндөй, уктоодон кеминде 4-6 саат мурун 30 мүнөт жеңил машыгуу уйкунун сапатын жакшыртууга жардам берет жана уйкусуздукту четтетет.
Атайын жаздыктарды колдонуңуз
Кош бойлуулук учурунда уйкусуздук абалын жеңилдетүү үчүн кош бойлуулуктун 2-3-триместрлеринде жатуу эрежелерин сактаңыз.
Омурткага түшкөн басымды азайтуу үчүн тизелер жана сандар бүгүлгөн абалда жаздыктар тизелердин арасына алынышы, көмкөрөсүнөн же чалкасынан эмес, сол капталга жатып уктоо керек. Мындан тышкары, омурткага жаздыкча коюу ооруну азайтып, уйкуну жакшыртышы мүмкүн.
Пайдалуу: Кош бойлуу кезде эмне кылууга болбойт?
Макала SleepFoundation.org, Америка акушердик жана гинекология колледжи жана Healthline маалыматтарынын негизинде «Lalu» жамааты тарабынан даярдалды.