Кош бойлуулук кызыктуу болгону менен бирге, ал мезгилдеги көптөгөн өзгөрүүлөрдүн кайсынысы нормалдуу жана кайсынысы тынчсызданууну пайда кыларын аныктоо дайыма эле оңой боло бербейт. Мындай өзгөрүүлөрдүн бири – бул кош бойлуулуктагы бөлүндүлөр болуп, кош бойлуулук мезгилинде анын жабышкактыгы же коюулугу, жыштыгы жана саны менен өз ара айырмаланышы мүмкүн.
Кош бойлуулуктун алгачкы белгилеринин бири вагиналдык бөлүндүлөрдүн көбөйүшү болуп, бул кош бойлуулуктун кийинки мезгилдеринде да уланат.
Лейкорея деп аталган жөнөкөй, кадимки кын бөлүндүсү тунук же ачык жана жытсыз же кычкыл жыттуу болот. Вагиналдык бөлүндүлөрдөгү өзгөрүүлөр уруктангандан бир-эки жума өткөндөн кийин, жадагалса айыз келгенге чейин да башталышы мүмкүн.
Кош бойлуулуктун акыркы жумаларында кын бөлүндүсү кандуу сызыктары бар коюу былжырлуу массаны камтыганын да байкашыңыз мүмкүн, бул "даярдык" деп аталат. Бул төрөттүн алгачкы белгиси болуп эсептелет жана тынчсызданууга негиз болбойт.
Кош бойлуулук учурунда бөлүндүлөрдүн касиетинин өзгөрүшүнө эмне себеп болот?
Кындын бөлүндүлөрү гормондордун деңгээлинин өзгөрүшүнө байланыштуу көлөмү, концентрациясы, кээде түсү жана жыты да түрдүүчө өзгөрүшү мүмкүн.
Кош бойлуулук мезгили ичинде жатын моюнчасындагы өзгөрүүлөр вагиналдык бөлүндүлөргө да таасирин тийгизет. Жатын моюнчасы жана кындын дубалы жумшарган сайын, организм сырткы инфекциялардын алдын алууга жардам берүү максатында бөлүндүлөрдүн бөлүнүп чыгышын көбөйтөт. Кош бойлуулуктун аягында балаңыздын башы жатын моюнчасына кысылып, ага таасир этиши мүмкүн, бул да көбүнчө кош бойлуулук учурунда бөлүндүлөрдүн көбөйүшүнө алып келет.
Кош бойлуулук учурунда бөлүндүлөрдүн түсү боюнча мүнөздөмөсү
Вагиналдык бөлүнүп чыгуулардын түсүнүн өзгөрүшү кош бойлуу аялдын денесинде эмне болуп жатканы жөнүндө дарыгерге алгачкы маалыматты бере алат. Эгерде кош бойлуу аял өзүнүн кош бойлуулук мезгилин «Lalu» сыяктуу ишенимдүү тиркемелер аркылуу көзөмөлдөп турса, бөлүнүп чыгуулардын кыскача мүнөздөмөсү жөнүндө маалыматка ээ болсо, бул өз убагында квалификациялуу медициналык жардамга кайрылууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул болсо патологиялык абалдарда түйүлдүк жана эненин саламаттыгына коркунуч келтирүүчү факторлорду эрте жоюуга жана эненин дени соо бала дүйнөгө алып келишине негиз болуп кызмат кылат.
Вагиналдык бөлүнүп чыгуулар үчүн норма жана патологияны аныктоодо негизги критерий катары алардын түсү маанилүү.
1-4 апта
Биринчи жумада кандуу бөлүнмө болушу мүмкүн, бул чындыгында акыркы айыздын аягы. Экинчи жума овуляция процессинин башталышын жана уруктанган жумуртка клеткасынын жатындын дубалына жабышканын көрсөткөн ак, бир аз кызгылт бөлүнмө менен мүнөздөлөт. Жумуртка клеткасынын жатынга биригиши маалында, кош бойлуулук учурунда бөлүнмөнүн түсү дайыма эле кандуу боло бербейт. Алар көбүнчө саргыч жана крем түсүндө болот. Кош бойлуулуктун биринчи айынын аягында кайрадан кандуу же күрөң түстүү бөлүнмө пайда болушу мүмкүн. Эгерде бөлүнмөлөр орточо болсо, анда тынчсызданууга негиз жок. Бул организмдеги гормоналдык өзгөрүүлөрдүн көрсөткүчү.
5-20 жума
Ар кандай кызгылт, күрөң жана кызыл түстөгү бөлүнмөлөр норма эмес жана өзүнөн-өзү бойдон түшүүнү же плацентанын эрте ажырашын билдириши мүмкүн. Нормада тунук, жумшак консистенциялуу жана жытсыз же аз жыттуу бөлүнмө болушу керек. Сары түс, былжыр, жашыл тактар, өтө жабышкак суюктук (бармактардын арасында созула турган), жагымсыз жыт жашыруун жыныстык инфекциялардан кабар бериши мүмкүн.
20-40 жума
Тунук жана жытсыз бөлүнүп чыгуулар гана норма деп эсептелет. Кындан кандуу былжырдын бөлүнүп чыгышы жатын моюнчасынын жабыркагандыгынын же төрөттүн алгачкы белгиси болушу мүмкүн. Сары, жашыл, кычкыл же жагымсыз жыттуу, көбүктүү былжыр жыныс инфекциясынын активдүү өрчүшүнүн белгиси болуп саналат.
Дарыгерге качан кайрылуу керек?
Ар кандай адаттан тыш бөлүнүп чыгуулар жөнүндө дарыгериңизге билдирүү өтө маанилүү, анткени бул кош бойлуулук инфекциясынын белгиси же кош бойлуулукка байланыштуу башка ар кандай көйгөйлөрдүн алгачкы белгиси болушу мүмкүн. Адаттан тыш бөлүнүп чыгуулардын кээ бир белгилери:
- сары, жашыл же боз түстөгү бөлүндү;
- күчтүү жана жагымсыз жыттуу;
- кындын айланасынын кызарышы, кычышуусу же шишиши менен коштолот.
Патологиялык бөлүндү кандайдыр бир инфекциянын белгиси болушу мүмкүн. Кош бойлуулук мезгилинде козу карын инфекциялары тез-тез кездешет. Эгерде сиз кош бойлуулук учурунда бул инфекцияга туш болсоңуз, дарыгер тарабынан вагиналдык кремдер же шамчалар жардамы менен комплекстүү дарылоо чаралары сунушталышы мүмкүн. Козу карын инфекциясынын алдын алуу үчүн:
- кенен, аба өткөрүүчү кийим кийиңиз;
- пахтадан тигилген ич кийимдерди пайдаланыңыз;
- душка түшкөндөн, сууда сүзгөндөн же ар кандай көнүгүүлөрдөн кийин жыныс органдарыңызды кургатыңыз жана кургак экенине ынаныңыз;
- кындын микрофлорасын нормалдаштыруу үчүн рационуңузга йогурт жана айран сыяктуу сүт азыктарын кошуңуз.
Кош бойлуулукта патологиялык бөлүнүп чыгуулар жыныстык жол менен жугуучу оорулардын (ЖЖЖО) айынан да пайда болушу мүмкүн. Бул мезгилде бардык кош бойлуу аялдарга ЖЖЖОго текшерилүү сунушталат. Эгерде өзүңүздө ЖЖЖО бар деп эсептесеңиз, наристеге ЖЖЖО жугуу коркунучун азайтуу үчүн дарыгериңизге мүмкүн болушунча эртерээк кабарлоо маанилүү.
Адаттан тыш бөлүнүп чыгуулар кош бойлуулуктагы ар кандай татаалдашуулардан да кабар бериши мүмкүн. Эгерде кош бойлуу аялдан 20-35 мл ачык кызыл суюктук бөлүнүп чыкса, дароо дарыгерге кайрылуу шарт. Бул плацентанын төмөн жайгашуусунун же плацентанын эрте ажырашынын белгиси болушу мүмкүн.
Кош бойлуулукта бөлүнүп чыгуулардын мүнөзүнө жана андагы өзгөрүүлөр качан башталганына, өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруп жүрүңүз. Бул өзүңүздүн жана түйүлдүгүңүздүн саламаттыгын көзөмөлдөп барууда, ар кандай олуттуу патологиялык абалдын алдын алууда, патологиялык абалдарда дарыгердин туура диагноз коюусуна жана дарылоо планын иштеп чыгуусуна жардам бериши мүмкүн.