Кош бойлуулуктун каалаган мезгилинде жогорку кан басымы же гипертензия болушу мүмкүн. Кош бойлуулукта кан басымынын жогорулашы аялга көбүрөөк таасир этет. Эгерде ал дарыланбаса, оору аялдын өзүнүн жана болочок баласынын ден соолугуна байланыштуу олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.
Кош бойлуулук учурундагы гипертензиянын түрлөрү
Кан басымы 140/90 миллиметр сымап мамычасынан жогору же ага барабар болсо, бул кан басымынын жогору экендигин билдирет. Кош бойлуу аялдар жогорку кан басымынын 3 түрүнүн бирине кабылышы мүмкүн, алар: өнөкөт гипертензия, кош бойлуулук гипертензиясы жана преэклампсия.
Өнөкөт гипертензия
Өнөкөт гипертензия менен ооруган аялдардын кош бойлуулукка чейин кан басымы жогору болгон же кош бойлуулуктун биринчи жарымында же 20-жумасында жогорку кан басымы пайда болгон болушу мүмкүн. Аялдардагы өнөкөт гипертензия деп аталган бул оору преэклампсия менен коштолушу мүмкүн. Өнөкөт гипертензиясы бар аялдардын заарасында нормадан ашыкча протеин, б.а. протеинурия болушу мүмкүн.
Заарада белоктун болушу бөйрөккө байланыштуу көйгөйлөрдү көрсөтөт. Аялдарда ошондой эле боорго байланыштуу көйгөйлөр да болушу мүмкүн.
Кош бойлуулукка байланыштуу гипертензия
Кош бойлуулуктагы гипертензия кош бойлуулук мезгилинде гана болуп, мында заарада белок болбойт жана боордо өзгөрүү байкалбайт. Аялдарда бул абал адатта кош бойлуулуктун экинчи жарымында же 20-жумадан кийин пайда болот. Жогорку кан басымынын бул көрүнүшү адатта убактылуу болуп, төрөттөн кийин өтүп кетет. Бирок, бул аялдын кийинки жашоосунда жогорку кан басымынын коркунучун жаратышы мүмкүн. Айрым учурларда кош бойлуулуктан кийин кан басымы көтөрүлүп, бул өнөкөт гипертензияга алып келет.
Преэклампсия
Преэклампсия — бул аялдарда кош бойлуулук учурунда же төрөттөн кийин өрчүшү мүмкүн болгон жогорку кан басымы оорусу. Бул оор кесепеттерге алып келүүчү олуттуу оору. Адатта, бул үчүнчү триместрде болот. Төрөттөн кийин сейрек кездешет, бирок пайда болушу мүмкүн.
Преэклампсиянын белгилерине төмөнкүлөр кирет:
- Жогорку кан басымы;
- Протеинурия;
- Беттеги жана колдогу шишик;
- Суюктуктун топтолушуна байланыштуу дене салмагынын көбөйүшү;
- Баш оору;
- Баш айлануу;
- Дем кысылуу;
- Ичтин оорушу;
- Жүрөк айлануу жана кусуу;
- Көрүүнүн начарлашы;
- Жарыкка сезгичтиктин жогорулашы.
Эне үчүн гипертензиянын татаалдашуулары
Эгерде кан басымынын жогорулашы оор жана көзөмөлдөнбөгөн болсо, бул абал эне жана анын болочок баласы үчүн татаалдашууларды жаратышы мүмкүн. Кош бойлуулукта кан басымынын жогору болушу кийин да аялдардын саламаттыгындагы көйгөйлөрдүн коркунучун арттырат. 2013-жылдагы изилдөөгө ылайык, кош бойлуулук гипертензиясы жүрөктүн ишемиялык оорусу, миокард инфаркты (жүрөк приступу), жүрөк жетишсиздиги жана ишемиялык инсульт коркунучу менен байланыштуу экени аныкталган. Туура эмес көзөмөлдөнгөн жогорку кан басымы аялда преэклампсия жана кант диабетинин өнүгүү коркунучун жаратат.
Түйүлдүк үчүн гипертензия коркунучу
Жогорку кан басымы ымыркайдын эрте төрөлүшүнө, анын өлчөмү нормадан чоңураак же кичине болушуна, ошондой эле анын өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Энедеги жогорку кан басымы анын кан тамырларына таасир этет. Бул плацента аркылуу түйүлдүккө келе турган азык заттардын агымынын азайышына алып келет жана натыйжада бала аз салмак менен төрөлөт. Гипертензия менен байланыштуу эрте төрөт ымыркайдын ден соолугу үчүн бир катар татаалдашууларды жаратышы мүмкүн. Мисалы, балада өпкө толук өрчүбөгөн болсо, эрте төрөлгөн балада дем алуу менен байланыштуу бир канча кыйынчылыктарды пайда кылышы мүмкүн.
Белгилери
Америкалык жүрөк ассоциациясы жогорку кан басымын "үнсүз өлтүргүч" деп атайт, анткени ага чалдыккан адамдардын көпчүлүгүндө оорунун белгилери байкалбайт. Бул адамда өзү билбеген абалда жогорку кан басымы болушу мүмкүн дегенди билдирет. Кан басымын көзөмөлдөө төрөткө чейинки кам көрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. Аялдарда кош бойлуулукка чейин, кош бойлуулук мезгили учурунда жана кош бойлуулуктан кийин жогорку кан басымы пайда болушу мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо маанилүү.
Кош бойлуулук учурунда кан басымынын жогорулашын дарылоо
Өнөкөт гипертензия менен ооруган аялдар кош бойлуулук мезгилинде антигипертензивдик дары-дармектерди кабыл алып турушу керек. Бирок, кээ бир кеңири таралган антигипертензивдик дары-дармектерди кош бойлуулар кабыл алышы мүмкүн эмес, ошондуктан кардиолог жана гинеколог дарыгерлердин кабыл алуусунда болуп, көзөмөлдө туруу зарыл.
Эгерде аялда кан басымынын жогорулашы оор өтүп жатса, же аялда преэклампсия же эклампсия өрчүп жатса, дарыгер ага кан басымын төмөндөтүүчү дары-дармектерди дайындап, аялдын кош бойлуулугу толук мөөнөтүнө жетпесе, баланын жетилишине жардам бериши мүмкүн. Аялдар көзөмөлдө болуу үчүн ооруканага жаткырылышы мүмкүн.
Кош бойлуулук учурунда кан басымынын өзгөрүшүнүн алдын алуу
Жашоо мүнөзүн жөнөкөй эле өзгөртүү, мисалы, көбүрөөк кыймылдоо, рационалдуу тамактануу жогорку кан басымынын алдын алууга жардам берет. Айрым тобокелдик факторлору, ошондой эле үй-бүлөлүк тарых, раса жана мурунку кош бойлуулук тарыхы адамдын көзөмөлүнөн тышкары экендигин белгилей кетүү керек. Ошондуктан, кош бойлуулукта кан басымынын жогорулашынын бардык тобокелдик факторлорунун алдын алуу мүмкүн эмес.
Кош бойлуулук учурунда жогорку кан басымынын коркунучун азайтуунун бир нече жолдору бар. Алар:
- тузду колдонууну чектөө;
- суу балансын сактоо;
- клетчаткага негизделген (мөмө-жемиштер, жашылчалар) азыктарга бай жана кайра иштетилген тамак-аш аз болгон тең салмактуу тамактануу;
- кош бойлуулар үчүн көнүгүүлөрдү үзгүлтүксүз аткаруу;
- пренаталдык текшерүүлөрдөн үзгүлтүксүз өтүү;
- тамеки тартпоо жана спирт ичимдиктерин ичпөө.
Кош бойлуу аялдарга бүткүл кош бойлуулук мезгилинде кан басымын такай текшертип туруу сунушталат, өзгөчө тобокелдик факторлору бар болсо. Бул ооруну эрте аныктоого жана зарыл чараларды өз убагында көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.