Кош бойлуулук каалоолору же кош бойлуу кездеги талгак дээрлик бардык аялдарда өтө көп кездешет (туздалган бадыраң жана суукта балмуздак жегиси келүү сыяктуу). Бала күтүп жаткан энелердин тамакты тандап жеши адаттагы көрүнүш.
Изилдөөчүлөр болочок энелер төрөлө турган балдарынын каалоолорунан, организм талап кылып жаткан азыкты жегиси келгендиктен тамак тандайт деген жыйынтыкка келишсе, айрым изилдөөчүлөр бул жараянды оңойлук менен түшүндүрүү кыйын экенин белгилешет.
Эгерде Сизде да тамактарды тандап жеш каалоосу болсо, каалоолоруңузга жол бериңиз, бирок, ченемди унутпаңыз. Бирок, Сиз жегиңиз келген азык төрөлө турган балаңызга зыян келтириши мүмкүн болсо (мисалы, көп өлчөмдө муз, кесек жана кычкыл азыктар) дарыгериңиз менен кеңешиңиз.
Кош бойлуу аялдар мындай каалоолордун көбү күтүүсүздөн пайда болгондой сезилет деп айтышат, ал эми чындыгында мунун себеби эмнеде?
Гормондор. Бул жарым-жартылай туура жооп. Кош бойлуулук учурунда аялдардагы гормоналдык өзгөрүүлөр даам жана жыт сезүүсүнө чоң таасир көрсөтөт. (Бул кыска мөөнөттүү процессти башынан өткөрүп жаткан аялдардын эмне себептен тамак-ашка болгон каалоосун жана жек көрүүсүн түшүнүүгө жардам берет).
Бирок, жалпы корутунду – аялдардын кош бойлуулук учурундагы кыял-жоруктарын, каалоо-тилектерин бириктирип туруучу жалпы фактор жок жана мунун себебин эч ким так билбейт.
Кызыктуу: Кош бойлуулук учурунда курсактагы өзгөрүүлөр
Кош бойлуулукта талгак качан башталат?
Кош бойлуулук мезгилинде аялдарда каалоолордун жүрүшү бири-бирин кайталабайт, б.а. ал индивидуалдуу жүрө турган процесс. Кээ бир аялдарда кош бойлуулук мезгили ичинде эч кандай каалоо-тилектер байкалбайт.
Кош бойлуу аялдарда талгак негизинен кош бойлуулуктун биринчи жана экинчи триместринде күчөйт. Бала дүйнөгө келгенден бир аз убакыт өткөндөн кийин эненин кыял-жоруктары жана каалоолору кадимкидей уланат.
Кош бойлуулуктун биринчи айында аялдарда тамак-аш продуктулары менен көйгөйлөр пайда болот. Көп учурларда аялдар өздөрүнө жакпаган тамактарды жеш мындай турсун, атүгүл жытына да чыдабайт. Мындай жагдай каалоодон таптакыр айырмаланат. Кош бойлуу аялдар бул мезгилде тамак жегенден баш тартышат.
Кош бойлуулуктун 5 же 6-жумасында эртең менен эрте кусуу аркылуу азыктар алардын организмине жакпагандыгын билдиришет.
Маанилүү: Кош бойлуулук учурунда теридеги өзгөрүүлөр
Кош бойлуулуктагы каалоолор эмнени билдирет?
Туура тамактануу адистеринин жана саламаттыкты сактоо менторлорунун пикиринде, кош бойлуулук мезгилиндеги каалоолор адамдын жашоосундагы психологиялык процесстер менен байланыштуу.
Мисалы, кош бойлуу аялдардын көп өлчөмдө муз жана адаттан тыш тамак-аш заттарын, кир жуучу крахмалды, кесекти жеши аялдын организминде темир же цинк жетишсиздиги менен байланыштуу экендигин, ошондой эле үй-бүлөлүк мамилелерде таарынычтар бар экендигин билдирет деген жыйынтыкка келишет.
Жалпы жыйынтык катары, адистер кош бойлуулук учурундагы каалоолорго көңүл буруу менен бирге, норманы сактоону сунушташат. «Туура диета — бул сиздин эмоционалдык жана физикалык муктаждыктарыңызга, ошондой эле организмиңиздин каалоолоруна жооп берген тамактануу» – дешет адистер.
Таттууларды жегиси келүү — глюкозанын төмөндөшүнүн натыйжасы, ошондуктан аз-аздан, тез-тез тамактануу шекерди көп колдонбоого жардам берет.
Күн сайын эртең мененки тамакты ичүү (эртең мененки тамакты өткөрүп жиберүү аппетитти күчөтүшү мүмкүн), күнүмдүк физикалык көнүгүүлөрдү жасоо жана психологиялык колдоо алуу аркылуу аялдар зыяндуу каалоолорунан арыла алышат.