Жаңы төрөлгөн ымыркайда дене температурасын көзөмөлдөөчү система жакшы өрчүбөгөн болот. Эгер ымыркайыңыз 3 айга чейинки куракта болсо жана түз ичегинин же чыкый артериясынын температурасы 38°C же андан жогору болсо, аны дароо жергиликтүү педиатр дарыгерине көрсөтүңүз. Бул өзгөчө кырдаал. Балаңыздын жалпы ден соолугунун абалын баалоо үчүн аны ооруканага алып барыңыз. Ымыркайларда ысытма чыгышы түрдүү себептерден улам келип чыгышы мүмкүн.
Кичинекей баланын нормалдуу дене температурасы 36,1 °C дан 37,9 °C га чейин болушу мүмкүн. Адистер 38 °C же андан жогорку ректалдык температураны ысытма деп эсептешет.
Жаңы төрөлгөн ымыркайда ысытманын байкалышы олуттуу оорунун белгиси болушу мүмкүн. Жаңы төрөлгөн ымыркайлар ар түрдүү инфекцияларга көбүрөөк дуушар болушат (чыдамсыз келишет), ошондуктан баладагы инфекциянын ар кандай белгилерине олуттуу мамиле кылып, кесипкөй дарыгердин жардамына таянуу керек.
Ымыркайларда ысытма чыгышы менен байкалган кеңири таралган көйгөйлөрдүн бири – бул дем алуу системасынын инфекциялык оорулары. Жаңы төрөлгөн ымыркайлар чоңураак балдарга караганда мурун аркылуу көбүрөөк дем алышат, ошондуктан аларда мурундун бүтөлүшү дем алууну кыйындатышы мүмкүн. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын дем алуу жолдору да салыштырмалуу кичине көлөмгө ээ.
Кычкылтектин жетишсиздиги жаңы төрөлгөн ымыркайга олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Эгерде ымыркай дем алууда кыйналып жатса, бирок температурасы көтөрүлбөсө да, бул жөнүндө дарыгер менен кеңешиңиз.
Жаңы төрөлгөн ымыркайдын дем алуу көйгөйлөрүн көрсөткөн белгилерге төмөнкүлөр кирет:
- кырылдоо;
- дем алууда мурун тешиктеринин кеңейиши;
- теринин түсүнүн ак же көгүш болушу, өзгөчө тырмак жаздыкчаларынын же ооздун тегерегинде (бул белгилерди ымыркайларда аныктоо кыйыныраак);
- дем алуу учурунда кабырга аралык булчуңдардын тартылышы.
Эгерде ымыркайда дем алуу көйгөйү жана ысытма пайда болсо, ата-энелер аны дароо ооруканага алып барышы же тез жардамга кайрылышы керек.
Пайдалуу сунуштар
Балаңыздын температурасын текшерүү үчүн ар дайым санариптик термометрди колдонуңуз. Эч качан сымаптуу термометрди колдонбоңуз. Анткени алар сынса, сымаптын таасиринен уулануу коркунучу пайда болушу мүмкүн. Ошондой эле, бөбөктөр жана ымыркайлар үчүн ректалдык термометрди туура колдонуу эрежелерин так сактаңыз.
Америка Педиатрия академиясынын сунушу боюнча, 3 жашка чейинки балдарда так натыйжаларга жетишүү үчүн дене температурасын түз ичегиде өлчөө максатка ылайыктуу болуп эсептелет. Бул баланын түз ичегисине термометр коюу аркылуу ишке ашырылат.
Түз ичеги термометрин туура эмес колдонуу түз ичегиге олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Туура колдонуу үчүн ар дайым өндүрүүчүнүн нускамаларын аткарыңыз.
Эгер ректалдык температураны өлчөөдө өзүңүздү ыңгайсыз сезсеңиз, башка ыкманы колдонуңуз же ректалдык температураны өлчөөнү адистерден үйрөнүп алыңыз. Балаңыздын дарыгери менен сүйлөшкөнүңүздө, ага балаңыздын температурасын өлчөө үчүн кайсы ыкманы колдонгонуңузду айтыңыз.
Өтө ысып кетүү
Дене табы көтөрүлгөндө баланын сууп кетпестиги да маанилүү. Бирок бөбөк бир нече кабат кийим жана жууркан менен оролгондугунун натыйжасында өтө ысып кетиши мүмкүн. Мында ымыркайдын бети ысып, кызарып жана бала тынчсызданып, көп ыйлашы мүмкүн. Өтө ысып кетпеши үчүн:
- Балаңызды ар кандай жылуулук булагынан алысыраак кармаңыз. Мисалы, бөлмө жылыткычтан, каминден же күндүн түз тийген нурларынан алыс кармаңыз.
- Үйүңүздү болжол менен 22 °Cден 24 °Cге чейинки температурада кармаңыз;
- Балаңызга орточо калыңдыкта кийим кийгизиңиз. Эсиңизде болсун, ал сизге караганда калыңыраак кийим кийүүгө муктаж эмес.
Ымыркайлардагы ысытма суусуздануунун кесепети катары
Жаңы төрөлгөн ымыркайлар эне сүтүн же аралашманы жетиштүү деңгээлде ичпей калышы мүмкүн. Бул дене табынын көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн. Эгер балаңыз эмчек сүтүн жетиштүү ичпей жатат деп ойлосоңуз, дарыгерге кайрылыңыз. Энелер үчүн пайдалуу көндүмдөр: эмчек эмизүү эрежелери, баланын тамактануу өлчөмүн көзөмөлдөө сыяктуу маанилүү билимдерди үйрөнүңүз. Мындай билим жана көндүмдөрдү өздөштүрүүдө «Lalu» өзүнүн ишеничтүү жана пайдалуу ресурстары аркылуу сизге жардам бере алат.
Балаңыздын температурасын кантип текшерүү алгоритмин так өздөштүргөнүңүзгө ынаныңыз жана балаңыздын аптечкасы үчүн термометр сатып алыңыз. Эгерде ымыркайыңыздын табы көтөрүлсө, сөзсүз түрдө дарыгер менен кеңешиңиз.
Макала Стэнфорд балдар ден соолугу борборунун , Америка педиатрия академиясынын жана WebMD басылмасынын маалыматтарынын негизинде «Lalu» командасы тарабынан даярдалды.